Расмий Кремл өз аскерлерин эгемен Украинага каршы эки баскычта аттандырды. Биринчи баскычта орусиялык жоокерлер 2014-жылдын 20-февралынан тартып Кырым жарым аралына жана андан соң жазында Донбасстын айрым аймактарына мыйзамсыз киргизиле баштаса, экинчи баскычта, 2022-жылы 24-февралдан тартып, алар Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушка аттандырылды. Эмне үчүн бул согушка орусиялык жакырлар көбүрөөк жөнөтүлүүдө? Деги карапайым орусиялыктар бул баскынчыл согушка нааразыбы? Тарыхчынын блогу.
Орусиянын согушчан режими эгемен Украинага кол салгандан бери кыйла убакыт өттү. Бул баскынчыл согушту “атайын аскердик амал” деп расмий атап келген президент В.Путин эми аны “согуш” деп атап жүрөт, бирок карапайым орусиялыктар аны дагы эле “Украианадагы нацисттерге каршы атайын аскердик амал” деп тергөөгө аргасыз.
Золкиндин туткундар менен маектеринен
Украин журналисти Владимир Золкин кесиптеши Дмитрий Карпенко менен бирдикте Youtube интернет барагында Украинадагы көптөгөн орусиялык туткундар жана алардын Орусиядагы жакындары менен ачык маектерин жарыялап келет.
Бул маектер жалпы калайыкка туткундун макулдугу менен гана интернет аркылуу шардана кылынат.
Ал ошол маектердин бирин 2024-жылы 27-августта Youtube барагында жарыялады.
Тасма. Владимир Золкин орусиялык согуш туткундары жана алардын жакындары менен маектешет. 27.8.2024.
Бул баарлашуу маалында алып баруучу Владимир Золкин орусиялык туткундарга багыттоочу суроолорду узатып, кээде тамаша сөз айтып, кээде мыскылдап, айтор, орусиялык туткундарды “нацисттик” Украина тууралуу Кремлдин расмий маалыматы менен чыныгы турмушту ачык салыштырууга шыктандырып жатты.
Сөз арасында В.Золкин Украинада бардык тоталитардык режимдердин (анын ичинде коммунисттик жана нацисттик режимдердин) идеологиясына тыюу салынгандыгын баса айтты.
Бир туткун тамашалап, туткунга түшкөн соң, өзүнө бир украин жоокери тамеки жана суу берип жатып: “Мына, сага Бандеранын тамекилери!” деп айтканын эстеди.
“Анан ал тамекини чеккенде эч нерсе болуп кеткен жоксуңбу?”
“Албетте, жок!” – деп орус жигит күлдү.
Нажандын жакындары Путинди каргоодо
Маектешкендердин бири – Нажан аттуу дагестандык жигит Украинада эч кандай нацистти учуратпагандыгын айтты. Ал Маскөөдөн Дагестандагы үйүнө кайтып келээр замат ага аскер комиссариатынан телефон чалышып, анан ал комиссариаттын кеңсесине келгенде ага дароо аскердик чакырык тапшырышкандыгын, аны келишим (контракт) түзбөсөң, абакка камалып каласың, деп коркутушканын, акыры 10-июнда келишим түзгөнүн айтты.
10-июлда аны Украинага Луганск облусуна жөнөтүшкөн. 20-июлда аларды эч даярдыгы жок эле баскынчыл согушка – Донецк облусунун Северск шаары тарапка аскердик тапшырма менен айдашкан. Алар алгачкы күнү окоп казып жашырынышкан.
Анан аларга украиндик дрондор жардыргыч заттарды таштап, Нажандын жанындагы жоокер мерт кеткен. Ал өзү контузия болгон жана эптеп чуңкурдагы бир бурчка жашырынган. Кайра чордонго эптеп кайтып келсе, аны кан майдандын алдыңкы тилкесине түн жамынтып кайра айдашкан. Жанында биринчи жардамга керек болчу медициналык заттар гана болгонун, эч кандай октон коргой турган чопкут берилбегендигин, “автоматты ошол кан майдандагы талаадан таап аласыңар”, дешкенин айтып, Нажан арыздана кетти. Үч күн-түн алар окопто жаткан экен....
Анан Нажан жаракат алып, эстен танганда, эртеси аны украин жоокерлери туткунга алышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Берүү маалында Нажан өз энесине телефон чалуу керек болгондо В.Золкинге жашыруу сыр сөз катары чоң энесинин (“Мариям” деген) ысымын айтты. Нажандын айтымында, саал мурдараак согуш аймактарынан бейтааныш бирөөлөр орусиялык жоокерлердин жакындарына телефон чалып, коркутуп-үркүтүп, бир нерсени талап кылган учурлар болгон экен.
(Мындай телефон алдамчылары согушу жок өлкөлөрдө деле кездешет. Мисалы, жакынкы эле жылдары Кыргызстанда өздөрү абакта жатып алып, бейтааныш бирөөлөргө телефон чалып, жалган маалымат айтып: “жакының каза болду, анын сөөгүн Кордойдон чек ара аркылуу өткөрүү үчүн мынча сом керек”; же жеңилирээк вариантта “ата-энең Оштон Бишкекке жаңгак, өзгөн күрүчүн же белек-бечкек жөнөттү, эми Кара-Балтада күйүүчү май түгөнүп, унаам токтоп калды, мага түкүнчө номурга акча салып койсоң”, – дегендер чыккан. Ошентип телефон чалуу аркылуу ишенчээк кишиден акча өндүргөн шылуундар жайнап чыкккан эмеспи. Ушул тапта бул сыяктуу “телефончу” шылуундар баскынчыл согушка айдалгандардын Орусиядагы жакындарын дагы тооруп турат экен!)
Нажан мырзанын туткунга түшкөнүн анын энеси жана жакындары В.Золкиндин берүүсүнөн гана билишти. Буга чейин орусиялык аскер бийликтери анын үй-бүлөсүнө “ал дайынсыз кала берүүдө” деп жалган айтып жүрүшкөн экен.
“Ал Украинага эмне үчүн келген? Кайсы идеясы үчүн согушка жөнөгөн?” деген суроого Нажандын бечара энеси: “Биз өзүбүз да билбейбиз. Ал аялы менен ажырышып кеткен, балким, ошон үчүн согушка баргандыр”, – деп жооп узатты.
Нажан өзү жана В.Золкин аны Дагестанда аскер комиссариаты эле жөнөткөнүн ага тастыкташты.
Нажандын карындашы (тасмада 1:15:00дөн) :
“Биз Путинди урушуп жатабыз, бирок эч ким бизди укпай жатат”, – деди.
“Эгерде жакыр болбосок, анда жакыныбызды согуштан чет жактарга качырмакпыз деген турум
Журналист В.Золкиндин “Украинадагы баскынчыл согуш – силердин согушуңар эмес” деген сөзүнө Нажандын энеси башын ийкеп, бир карындашы “бардыгы туура” деп макулдугун билдирди.
Маек маалында Нажандын карындашы (тасмада 1:17:45): “Биз – жакыр кишилербиз. Бизде чоң акча жок... Эч ким ал жакка (согушка) кеткиси келбейт... Бизде АКШга (жакыныбызды качырып) жөнөтүп ийгидей арбын акча жок”, – деп ыйламсырап айтып калды.
В.Золкин путиндик режим өз карапайым жарандарын согушка баруудан башка айла калбагандай жарга кептеп салгандыгын маек учурунда белгилеп, “өзүңөр да (мындай кырдаалга каршы) бир аракет кылгыла да” деген пикирин кошумчалады.
Нажан болсо жакындарына тез арада Дагестандагы аскер комиссариатына өзүнүн оор жаракат алып, туткунга түшкөнүн маалымдап, өзүн башка бир украин туткунуна алмаштырып алуу үчүн далаалат жасагыла, деген суранычын айтты.
В.Золкин Орусияда аскер келишимин түзгөндөр үчүн акча төлөмү 1,5 миллион рублга чейин көтөрүлгөнүн, “бир тарапка гана кетчү белетке” орусиялык жарандар оңой менен көнбөй жатышканын кошумчалады.
Юрий деген орусиялык киши 2024-жылы 28-июлда Украинанын куралдуу күчтөрүнө туткунга түшкөн. Анын наристе баласы ооруп жаткан экен.
Юрийдин жубайы менен телефондон байланыша албай калышкан соң, ага видео тасма жөнөтүштү да, андан соң журналист В.Золкин: “Өз жакындарыңар аракет кылбаса, силердин туткун болуп жатканыңарды (орус аскер жетекчилери) жарым жылдап же андан узакка расмий каттабай жүрө беришет”, – деп эскертип айтты.
Көптөгөн карапайым орусиялыктар эгерде өздөрүндө жетиштүү акча болсо, анда аскерге милдеттүү жаштагы эркек таналарды чет өлкөлөргө качырып жиберет элек, деп кыялданышат, бирок маселенин маңызын териштирип, ушул керексиз согушту баштаган саясий режимден мыйзам жолу менен кутулуу аргаларын жасоо үчүн куурай башын да сындырып койгусу келишпейт.
Ошондой учурлардын бири – быйылкы март айындагы акыйкатсыз жана бурмаланган президенттик шайлоо болчу. Арийне, ушул акыркы президенттик шайлоодо добушка келгендердин 87,28 пайызы азыркы мамлекет башчысын “колдоду”, деген расмий жыйынтык жарыяланган.
Орусияда Украинага каршы баскынчыл согушту айыптагандар арбын
Албетте, Украинага каршы баскынчыл согушка сергек көз карашта болуп, аны терең айыптаган орусиялык айдыңдар деле арбын. Алардын айрымдары жөнүндө мурдагы блогдордо сөз кылган элек.
Путинге каршы айбат көрсөткөндөрдүн алды саясатчы Борис Немцовго (1959–2015) окшоп атып өлтүрүлдү, кээ бирөөлөрү (Алексей Навальный ж.б.) абакта өлтүрүлдү же алигиче абакта жатышат. Айрымдары бозгунга кетүүгө үлгүрүштү.
Кээ бир айдыңдар (Александра Скочиленко, Алсу Курмашева, Андрей Пивоваров, Владимир Кара-Мурза, Илья Яшин, Олег Орлов, Лилия Чанышева ж.б.) эл аралык коомчулуктун талабы жана туткундарды алмашуу ыкмасы менен менен өлкөдөн Батышка чыгарылды.
Баскынчыл согуш жаатында эч кандай так оюн билдирбестен, бирок жан соогалап башка өлкөлөргө чыгып кеткен жүз миңдеген орусиялык жарандар да бар. Алардын бир катарлары КМШ өлкөлөрүндө баш калкалап жүрүшөт. Алардын ичинде путиндик режимдин идеологиялык машинесинин “бурамасы” бойдон кала бергендер деле учурайт.
Орусиялык психолог адис Наталья Ошемкова айымдын бир пикири жакында “Телеграм” каналы аркылуу жарыяланды.
“Адамзат пайдалуу бир нерсе кылуунун – Марска барып, аны өздөштүрүү же ушуга окшогон нерселерди жасоонун – ордуна кишилерди кыруу менен алек болуп жатат... Бул мен үчүн өзгөчө коркунучтуу көрүнөт... Мен украиндер менен болгон карым-катнашыбыз бир нече муундун өмүрүнө чейин ууланып (бузулуп) калды го, деп корком“, – деп жазат Н.Ошемкова.
Бирок орусиялыктардын бул сыяктуу тынчтыкты көксөгөн жалпы тынчсызданууларынын артында өз бийликтерине каршы саясий талап да таасын айтылышы керек го?
Көпчүлүк орусиялыктар 2014-жылы февралда жөн жерден Украинанын Кырым жарым аралына, андан соң Донбасстын айрым аймактарына жаңы жерлерди басып алуу максатында аскер киргизген президент Владимир Путинди жана анын режимин ачык жана тикелей айыптоодон алигиче айбыгышат.
Украинадагы “жикчилердин” чыныгы ана башылары орусиялык тыңчылар болгон
2014-жылдан берки кеңири маалымат топтомдору ачыктагандай, Украинада айрым орус шовинисттерин козуткан жетектөөчү күчтөр иш жүзүндө Орусиядан жөнөтүлүшкөн.
Маселен, орусиялык эркин журналисттердин өздөрү президент Путиндин жашыруун элчиси (эмиссары) Константин Затулин Кырым жарым аралындагы Севастопол шаарына 2014-жылдын февралынын башында эле келгендигин жана жарым аралда болжолдуу “жикчилерди” табууга жана алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоого көмөк уюштургандыгын да ашкерелешкен.
Тасма. Андрей Захаровдун даректүү баяны. 28.11.2023.
Украинанын чыгышындагы “мен-мен” деген жикчилердин “атамандары”, чын-чынында, Орусиядан тымызын келген мурдагы ФСБнын кызматкерлери болушкан. Бул дагы факт.
Анан калса, башка орусиялык шовинисттердин көз алдында мактаныш үчүн Игорь Гиркин (Борис Стрелков) сыяктуулар өздөрү эле эгемен Украинага каршы оор кылмыштарын басма сөздө ачык шардана кылып келишчү.
Алардын бири – Игорь Иванович Стрелков (өз аты – Игорь Всеволодович Гиркин) мырза 1970-жылы 17-декабрда Маскөөдө туулган. Ал 1992-жылы Маскөө мамлекеттик тарых жана архив таануу институтун аяктаган. Ошол жылы июнда Молдованын Днестр бою аймагына, Тираспол шаарына ыктыярдуу келип, маскөөчүл жикчилерди колдогон. Ал Балкан жарым аралындагы Боснияда дагы улутчул сербдер тарабында кызмат өтөп, “падышачыл офицер” атыккан. 1999-жылдан Түндүк Кавказда Экинчи Чечен согушуна (албетте, Орусия тарабында) катышкан. Кийин ФСБде да иштеп, 2013-жылы полковник даражасында бул кызматтан өзү кеткен.
И.Стрелков (Гиркин) 2014-жылы 16-марттан 14-августка чейин Донецк Элдик Республикасы деп өзүн атап алган жикчил түзүлүштүн “коргоо министри” да болуп турган.
Стрелков (Гиркин) Малайзиянын Боинг жүргүнчү учагынын жок кылынышына жана андагы 298 кишинин набыт кетишине айыптуу кишилердин бири катары Нидерланддарда сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2023-жылы 21-июлда Орусиянын өз бийликтери аны экстремисттик ишмердиги үчүн айыптап камакка алган. Ал В.Путинди баскынчыл согушту жүргүзүүдө мажүрөөлүк кылып жатат, деп айыптаган.
Маалыматтарга караганда, эми абактагы Стрелков (Гиркин) мырзаны Украинадагы баскынчыл согушка жөнөтүү шарты менен эркиндикке чыгаруу тууралуу соода жүрүп жаткандай.
Диктатордун “тиши” Киевге өтпөй калды
Эгерде президент В.Путин өз режими 2014-жылдан тартып убактылуу каратып алган украин жерлерин эл аралык деңгээлде мыйзамдаштырып алууга майнапсыз далаалат жасап келген болсо, ал эми 2022-жылдын 24-февралынан тартып ал эгемен Украинага каршы баскынчыл согушту кеңири өлчөмдө жүргүзүп кирди.
Путиндик режим оболу Киевди 2 же 3 күндө тизелетип, багындырабыз деп манчыркаган жана Киевдин айланасына чейин десанттык жана башка аскер топторун жөнөтүүгө, Киевдин айрым чет жака шаарларында (мисалы, Буча шаарында) кыргын уюштурууга үлгүргөн. Бирок орусиялык көп этностуу эл маселенин бардыгы “нацист” президент Владимр Зеленскийде жана “майданчыларда” эмес экендигине аргасыз күбө болду.
Баскынчы орус аскерлерине каршы айыгыша согушкандардын арасында теги орусиялык болгон украин жарандары да арбын экендигин орусиялыктар дагы, дүйнө коомчулугу дагы көрдү.
Ал эми согушка үндөгөн путиндик режим мурдагы гитлердик нацисттик режимдин үгүт машинесинин “тажрыйбасын” толук кайталап жаткандыгы да ашкереленүүдө.
Тасма. Нацисттик жана кремлдик расмий үгүттөгү окшоштуктар. Настоящее Время. 14.9.2022. (Орус тилинде).
Күнкор, мажүрөө же кайдыгер маанайдагы орусиялыктарды жакырчылык да матоодо
Арийне, 2024-жылдын 27-сентябрында путиндик режимдин эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү баскынчыл согушту баштагандыгынан бери 2 жыл, 7 ай жана 6 күн өттү.
Бирок бир дагы чыныгы оппозициячыл партия, маалымат каражаты жана эркин жарандык уюмдар ачык иш алып бара албай калган путиндик Орусияда калайыктын калың катмарлары баскынчыл согушка байланыштуу окуяларга кайдыгер, мажүрөө, айласы куруган гана тейде мамиле кылышууда.
Аларга согушту айыптаган жана аны дароо токтотууну, орусиялык аскерлерди Украинадан чыгарып кетүүнү талап кылган орусиялыктардын дагы, Украинанын 1991-жылдагы чек арасын дароо жана толук калыбына келтирүү жаатындагы дүйнөлүк коомчулуктун дагы үндөрү жетпей келет.
Расмий Кремл болсо Украинадагы баскынчыл согушка өлкөдөгү жакырларды, анын ичинде чакан этностордун жана саясий сабаты төмөн мигранттардын өкүлдөрүн, ошондой эле абактарда жаткан кылмышкерлерди да күргүштөп айдоодо.
Бул кылмышкерлердин арасында жексур киши өлтүргүчтөр деле арбын, бирок “кылмышкер” делгендердин бир далайы өлкөдөгү жакырчылыктын – аргасы куруган абалга кептеген куу турмуштун айынан мыйзам бузууга баргандыгы деле түшүнүктүү.
Орус эли зулум режимди жеңүүгө тийиш
Даңазалуу түрк акыны Назым Хикмет (Nâzım Hikmet; 15.1.1902, Селаник; грекче Фессалоники, Осмон султандыгы – 03.6.1963, Маскөө, СССР) өзүнүн “Аба коргошун сымал оордоп турат” деген ырында: “Эгерде сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, биз күйбөсөк, деги караңгылык жарыкка кантип чыга алат?” (“Sen yanmasan, ben yanmasam, biz yanmasak nasıl çıkar karanlıklar aydınlığa?”) деген эмеспи!
Эгерде путиндик режим ички жарандык күрөштүн натыйжасында ойрон болбосо, анда Орусиянын ичинде жарандык эркиндиктерге телегейи тегиз жетишүү болочокку кыял бойдон узакка кала бериши деле күтүлөт, деп өзгөчө кейиштүүлүк менен кошумчалабастан башка чарабыз жок.
Путиндик режимге оор сокку – бул эгемен жана демократиялуу Украинанын өзү үчүн адилет болгон ушул алааматтуу согушта толук жеңишке жетиши экендиги да талашсыз.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.