Орусиянын армиясы “Азовсталь” заводуна чабуулун улантууда. Ал жакта эки миңдей украин аскери жана жүздөгөн жайкын тургундар бар экени кабарланууда. Улуттар Уюму заводдо баш калкалаган карапайым адамдарды эвакуациялоо аракети көрүлүп жатканын билдирди. Киевдин эсебинде 500дөй адам коопсуз жактарга чыгарылды. Украинадагы согушта баарынан көп бурятиялык аскерлер курман болгону кабарланууда.
Украинадагы согушта орусиялык армиянын каза болгон аскерлеринин көбү бурят улутундагылар экени кабарланууда.
Маалымат каражаттарынын эсебине караганда, Украинадагы согушта Бурятия менен Дагестандын тургундары көп өлгөн.
"Медиазона" агенттиги 22-апрелде жарыялаган иликтөөсүндө Дагестандан 125, Бурятиядан 85 аскер өлгөнү кабарланган. Ал эми «Эркин Бурятия» фонду республикадан 112 аскер мерт болгонун билдирди. Бул сан канчалык так экенин согуш маалында ырастоо мүмкүн эмес.
Киев облусундагы Дмитровка айылын орус аскерлери мартта басып алган. Алар сүрүп чыгарылгандан кийин калган орус аскерлеринин сөөктөрүнүн биринен лейтенант Юрий Данзановдун документтери табылган.
Данзанов Улан-Удэ шаарындагы 5-гвардиялык бригадасындагы взводдун командири болчу. Андан тышкары Бучада каза тапкан дагы бир нече аскердин тек-жайы аныкталды.
Жалпысынан бир бригаданын 28 аскери курман болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги алардын өлүмү тууралуу расмий билдирүү жасай элек.
Бурятия республикасы Орусиянын чыгышында жайгашкан. Борбору Улан-Удэдеги сурамжылоого катышкандардын көбү Украинадагы согушта канча аскери өлгөнүн так билбейт. Бирок алардын басымдуусу «атайын операцияны» колдойт. Бурят эркектеринин көбү армияда келишимдик негизде кызмат өтөшөт.
"Бурятия Орусиядагы абдан жакыр аймак, адамдар өзүн өнүктүрүү үчүн шарт, тандоо жок. Же Орусиянын түндүгүнө иштегени кетиши керек, же келишимдик негизде армияда кызмат өтөшү керек", - деди "Эркин Бурятия" фондунун башчысы Александра Гармажапова.
Орусия Украинадагы согушта чоң жоготууга учураганын моюнуна алганы менен канча аскеринен айрылганын так маалымдай элек. Болгону 2-мартта 498, 25-мартта 1351 аскери өлгөнүн билдирген. Ал эми украин тарап орус армиясынын жоготуусу 40 миңге жакын экенин айтууда.
"Азовсталдагы" айыгышкан салгылашуу уланууда
"Азовсталь" заводунун жер төлөсүндө баш калкалаган украиндер жана аскерлер эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылган видеолор Интернетке тарап атат. Алардын бири "Азов" полкунун дарыгери Хасан.
Ал крым татары экенин айтып, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга кайрылды.
"Эрдоган мырза, мен бүгүн согуштун кайсы күнү экенин билбейм. Айрымдар алган жарааттарынан, башкалары ачкасынан, дары-дармектин, шарттын жоктугунан өлүп атат. Биздин убактыбыз жок. Эртеңки күн болобу-болбойбу билбейм. Мен крымдык татармын, мусулманмын. Бизге абадан, деңизден, кургактан сокку урушууда. Биз эч кимге кол салган эмеспиз. Бизди жалгыз таштабайсыз деп чын ниетимден ишенем", - деди Хасан.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш жайкын тургундарды эвакуациялоо боюнча кезектеги операция жүрүп жатканын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Андрей Ермактын айтымында, эл аралык уюмдун көмөгү менен заводдон 500 жайкын тургун чыгарылды. Украинанын Башкы штабы орус армиясы авиациядан чабуул коюп жатканын билдирсе, Кремл аны четке кагууда.
Согушка чейин 400 миңдей адам жашаган Мариупол шаарынын көп бөлүгү жер менен жексен болду. Айрым ырасталбаган маалыматтарга караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин 9-майда ошол жакта Жеңиш парадын өткөрүүнү көздөп жатат.
Британиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, орустардын Украинаны басып алуу аракети Москва күткөн ийгиликке жеткен жок. Айрым аймактарды украин күчтөрү өз карамагына кайтарууда. Маалыматта украиндер катуу каршылык көрсөткөндүктөн, орус армиясы эбегейсиз жоготууга учурап жатканы айтылат.
Венгрия Евробиримдиктин жаңы санкциясына кошулбайт
Ал арада Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Евробиримдиктин Орусияга каршы жаңы санкциясын колдобой турганын билдирди. 6-майда мамлекеттик телерадиого курган маегинде ал орус мунайына эмбарго киргизүү планын мажар экономикасына ташталган "атомдук" бомбага салыштырды. Будапешт Венгриянын кызыкчылыктарына каршы келбеген башка сунуштарга даяр экенин кошумчалады.
Апта башында Евробиримдик Орусиянын Украинага негизсиз басып киришине байланыштуу Москвага каршы санкциялардын алтынчы пакети тууралуу жарыялаган. Ага ылайык, жыл соңуна чейин орус мунайына эмбарго киргизүү каралган. Бирок бул сунушка дароо эле Венгрия, Словакия жана Болгария каршы чыкты. Чехия бир аз убакыт керек экенин кыйытты.
Жаңы санкциялар күчүнө кириш үчүн 27 мамлекеттин макулдугу керек.
Өткөн айда төртүнчү ирет бийликке келген Орбан согушка чейин эле Орусияны жактап келгени белгилүү.