Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Башкыр ырчы: Орусча сүйлөөгө мажбур болгондо жүрөгүбүз ооруйт


19-январда Уфада кармалган аял.
19-январда Уфада кармалган аял.

Башкырстандын борбору Уфада соттолгон активистти колдоо акциясынын катышуучуларын полиция кармап кетүүдө. Эки күн мурда камалган активист Фаил Алсыновду бошотуу талабы менен 19-январда Уфанын борбордук аянтында эл топтолгон.

Уфадагы акцияда далысына “Кара халык” деген жазууну илип алган активистти жана Башкырстандын туусун жамынып алган кишини да полиция жетелеп кеткени маалым болду.

"Тийбегиле ага. Каалаган сөздү жазса болот. Силердин далыңарда деле полиция деп жазылып турат го. Тийбегиле. Элди коркутпагыла", - деди акцияга чыккандардын бири полиция менен болгон кагылышта.

Жалпысынан ондон ашуун адам кармалганы кабарланууда.

19-январда Башкырстандын борбору Уфанын борбордук аянтына эки күн мурда камалган активист Фаил Алсыновду бошотуу талабы менен ар кандай эсептер боюнча эки миңге чейин адам топтолду. Телеграм-каналдар аянттагы эл башкыр ырларын ырдап, бийлегенин жана аларды таратуу үчүн Росгвардиянын, ОМОНдун күчтөрү тартылганын жазышты.

Акцияга келгендердин дагы бири полиция анын конституциялык укуктарын тебелеп жатканын билдирди:

"Бул менин конституциялык укугум. Тынч чогулушка келип, өз оюмду айтканга толук укугум бар. Биздин Баш мыйзамда да бул укук жазылган".

Интернетте тараган дагы бир видеодо чогулгандар 17-январда кармалгандарды бошотууну талап кылып, бүгүн митингде кармалгандар жүктөп бараткан автобустун алдын тороп алышкан. Телеграм-каналдар андан көп өтпөй ОМОН чогулган элди аянттан сүрүп чыгарганын жазды.

17-январда Баймакта «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен иш козголгон экоактивист Фаил Алсыновдун соту болуп, ал жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга кесилген.

18-январда башкырстандык ырчы Алтынай Валитов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында үйүнө полиция кызматкерлери келгенин айтып, жергиликтүү тургундардан жардам сураган.

Алтынай Валитов.
Алтынай Валитов.

Фаил Алсыновго өкүм чыккандан кийин Валитов видео жарыялаган. Анда Алсынов "башкыр тили жана башкыр жери үчүн күрөшкөнүн", башкырлар "өз баатырын коргоп турушканын" айткан. Ырчы нааразычылык ацияларына көп жылдан берки окуялар себеп болгонун да кошумчалаган.

"Бул сезимдер биздин жүрөгүбүздө көптөн бери кайнап жатты. Ага эмне себеп? Орус улутчулдугу. Ар бир башкыр сезген укук бузуу. Биз өз мекенибизде жашайбыз, бирок биз, башкырлар, ар бир кадам сайын басмырланып, улутубузга карай “башкир”, “кара”, “айылдан келген” ж.б. сөздөр менен басымга кабылып келгенбиз. Өз жерибизде орусча сүйлөөгө мажбур болгондо жүрөгүбүз ооруйт”, - деди ал.

Буга чейин Башкырстандын Ички иштер министрлиги уруксат берилбеген акцияга катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

17-январда Алсыновго өкүм чыгары менен Башкырстанда жапырт нааразылык акциялары башталды. Сот имаратынын жанына бир нече миңдеген адам чогулуп, полиция аларга күч колдонуп, кууп тараткан.

Баймактагы полиция менен митингчилердин кагылышы. 17-январь. Башкырстан.
Баймактагы полиция менен митингчилердин кагылышы. 17-январь. Башкырстан.

18-январда Баймак райондук соту тогуз адамга карата "укук коргоо кызматкеринин мыйзамдуу буйругуна баш ийбөө" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бул берене боюнча 8 суткадан 15 суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.

Активистке каршы иш Башкырстандын башчысы Радий Хабировдун арызынын негизинде козголгон. Тергөө Алсынов "Кавказдын жашоочулары", "Орто Азиянын жашоочулары" жана "армяндар" деген сөздөрдү колдонуп, кишилер тобунун адамдык ар-намысын кемсинткен деп эсептей турганын билдирген.

Адвокаттын айтымында, активистти "кара халык" деп айтканы үчүн айыпташкан. Бирок, жактоочунун белгилешинче, бул жерде сөз "кара" эмес, "карапайым" деген мааниде айтылган. Активист коюлган айыптоолордун баарын негизсиз деп четке кагууда.


Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Ал буга чейин Орусиядагы аскердик мобилизацияны “башкыр элинин геноциди” деп атап, Орусиянын Украинага басып киргенин “биздин согуш эмес” деп айткан.

Башкырстан: Полиция митингге чыкандарды кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Орусиянын курамындагы Башкырстандын калкы 4 миллионго жетет. "Азаттыктын" татар кызматынын маалыматында айтылгандай, Украинадагы согушта 1323 башкырстандык жаран каза тапкан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG