Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

11 журналисттин иши: Прокурор ар бирине алты жыл сурады


Айыпталып жаткан журналисттер. "Азаттыктын" коллажы
Айыпталып жаткан журналисттер. "Азаттыктын" коллажы

Бишкектин Ленин райондук сотунда прокуратура жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Адвокаттар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылды. “Эл аралык басма сөз институту” мамлекеттик айыптоонун мындай өтүнүчүн сынга алды.

"Ар бири алты жылдан кесилсин"

Соттук отурумда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин материалдарына көз карандысыз экспертиза жасаган эксперт Нуржан Нарынбаева көрсөтмө бермек. Бирок ал соттук жараянга келбей калгандыктан, тараптар жарыш сөзгө өттү.

Мамлекеттик айыптоонун өкүлү Адилет Убукеев 11 журналистти Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү ("Кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ага тете уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам") жана 278-берененин 3-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен айыптуу деп таап, ар бирин алты жылдан эркиндигинен ажыратууну соттон сурады. Азыр үй камагындагы жети кызматкердин да бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алууну сунуштады:

"Ар бирине алты жылдан эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленсин. Жазаны жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөсүн. Тергөө абагында отургандар өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенче абакта калтырылсын. Ал эми калгандарына карата мурда тандалган бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынсын. Кылмыш иши боюнча табылган далил заттар Кылмыш процессуалдык кодексинин 346-беренесине ылайык чечилсин".

"Алты жылдык жаза - абсурд"

Мамлекеттик айыптоочулардан кийин жарыш сөзгө чыккан адвокаттар дээрлик бир ооздон журналисттерге тагылган айыптардын негизсиз экенин айтышты.

Адвокат Уланбек Сейитбеков Кыргызстан адам укугун, сөз эркиндигин сактоо боюнча эл аралык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерин аткарбай жатканын, ага өлкөдөгү коррупция жана башка терс көрүнүштөрдү иликтеген журналисттердин кармалып, камалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканы мисал болорун белгиледи:

"Азыркы 11 журналистке карата коюлуп жаткан айыптар укуктук жактан такыр туура эмес. Мындай болгон эмес. Бул айыпталуучуларга гана коюлган айыптар эмес, жалпы сөз эркиндигине коюлуп жаткан айып. Кыргызстан эл аралык уюмдардын, эл аралык коомчулуктун алдында адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо боюнча милдеттенмелерди алган, бул жаатта бир катар документтерге кол койгон. Бизде конституциялык норма бар - эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдебеши керек. Ал эми прокуратуранын жүйөсүн карасак, айыпталып жаткан "11 журналист биригип алып, Бишкектен ижарага айына 1000 доллар төлөп, кымбат техника алып, айлык акы алган" деген жөн эле сөздөр жүрөт. Коюлган айыптар далилсиз, үстүртөн. Күнөөлөрүнүн формасы тууралуу бир сөз жок".

Сапар Акунбеков, Акыл Орозалиев жана Максат Тажибек уулу
Сапар Акунбеков, Акыл Орозалиев жана Максат Тажибек уулу

Башка адвокаттар да судьядан иштин курамында кылмыш жок деген негизде 11 журналисттин баарын тең актоого чакырышты.

Жарыш сөзгө чыккан журналисттер да бир ооздон айыбы жок экенин айтып, өздөрүн актоону өтүнүштү.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы сотто журналисттердин иликтөөлөрү көптөгөн жемкорлук иштерин ачыктаганын эске алууга чакырды:

Махабат Тажибек кызы
Махабат Тажибек кызы

"2018-жылдан бери биз "Фактчек" деген долбоорубуз аркылуу Матраимов боюнча жана башка иликтөөлөрүбүздү чыгарганбыз. Ошол иликтөөлөрүбүздөгү фактылардын негизинде бүгүн канчалаган коррупционерлер, криминалдар абакта отурушат. Азыркы бийлик дагы ошол коррупционерлердин "жазасын беребиз, Кыргызстанды мыйзамдуу мамлекетке айландырабыз" деген убада менен бийликке келген. Баш аламандык уюштуруп, төңкөрүш жасагыдай биз саясатчы эмеспиз. Биз - журналистпиз. Кандай бийлик келсе да, мыйзамсыздыкты, коррупцияны, кылмышты ашкерелей беребиз. Биз токтобойбуз. Баш аламандык жасоого эч кандай кызыкчылыгыбыз жок. Аны эркиндикти жоопкерсиздик менен чаташтырып, баары боло берет деген мааниде жашап келип, бүгүнкү күнү ошол бийлик-байлыгынан ажырап жаткандар, мурдагыдай жеп-уурдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жаткан саясатчы, коррупционер жана башкалар жасашы мүмкүн. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал, коррупцияга байланышы барларды камайбыз деген, бирок аларды ашкерелеген биз камалып жатабыз бүгүнкү күнү", - деди Махабат Тажибек кызы.

Журналисттер: Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев, Жумабек Турдалиев жана Тыныстан Асыпбеков. Ленин райондук соту, Бишкек. 26-сентябрь, 2024-жыл.
Журналисттер: Жоодар Бузумов, Сайпидин Султаналиев, Жумабек Турдалиев жана Тыныстан Асыпбеков. Ленин райондук соту, Бишкек. 26-сентябрь, 2024-жыл.

Дагы бир журналист Актилек Капаров прокуратура журналисттердин ишинен кылмыштын курамын таппаганын, аткарган иши, кесиби үчүн айыптап жатканын түшүнө албаганын айтты.

Актилек Капаров
Актилек Капаров

"Прокурор бизди "өздөрүнүн макалалары үчүн материал жыйнап, анан аны жарыялаган, бул үчүн акча алган деп (айлыкты айтып атат)" деди. Бул жайында күн ысыйт, кышында суук болот дегендей эле кеп. Биз эмне кышты суугу үчүн, жайды аптабы үчүн соттошубуз керекпи?" - деди Актилек Капаров.

“Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумдун эки айлык мөөнөтү 2-октябрда аягына чыгат. Сотто судья кылмыш ишин кароонун мөөнөтүн узартты.

11 журналисттин иши боюнча соттук отурум. 26-сентябрь, 2024-жыл.
11 журналисттин иши боюнча соттук отурум. 26-сентябрь, 2024-жыл.

Кийинки сот отуруму 3-октябрда улана турган болду. Ал күнү айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүүдө.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Айке Бейшекеева
Айке Бейшекеева


Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Президент Садыр Жапаров жыл башында журналисттер кармалгандан кийин улуттук "Кабар" агенттигине жапырт кармоо тууралуу мындай пикирин билдирген. Аларды журналисттер эмес, блогерлер деп атаган:

“Биз сапаттуу журналисттик иликтөөнү колдойбуз. Бирок блогерлер көпчүлүк учурда фактыларды бурмалоо, "бөйрөктөн шыйрак чыгаруу" же манипуляциялоо менен алектенип, коомду адаштырып жатышат. Алардын материалдары божомолдор эмес, фактылар менен ырасталышы зарыл, алар ушак эмес, маалыматтарды камтууга тийиш. Биз коомдогу көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин кыйрашына, атап айтканда, жоопкерчиликсиз эркиндикке каршыбыз", - деген ал.

26-сентябрдагы сотко байкоочу катары катышкан активист Рита Карасартова мамлекеттик айыптоонун журналисттерди алты жылга кесүү тууралуу өтүнүчүн айыптады.

"Айыптоонун жүйөлөрүн уктук. Журналисттерге "банк эсебине 60 миң сом, 40 миң сом которулган" деп, бир жылда эки жолу алган акчасын айлык дебей, "баш аламандык уюштурууга алынган акча" деп айтты. Ар бирин алты жылдан камакка алыңыз деди. Ошондо эми журналист болуу кылмыш болуп калдыбы? Кымбат аппаратура алышкан дейт, бул эмне - кылмышпы? Материал топтоп, иликтөө жүргүзүп, аны жарыялап, жазып чыгуу кылмышпы? Бийликти сындоо кылмышпы?" - деди Карасартова.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга үндөп келет.

26-сентябрда баш кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан “Эл аралык басма сөз институту” (International Press Institute, IPI) уюму прокуратура сураган жаза мөөнөтүн сынга алды.

Уюмдун X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө алардын ичинен абакта жаткан журналисттер бошотулушу керектиги жазылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG