Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Temirov LIVE каналынын төрт журналисти камакта калды


Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаар соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.
Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаар соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.

4-сентябрда Бишкек шаардык соту ушул тапта тергөө абагында жаткан төрт журналист - Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын карап, аларды камакта калтырды.

Бишкектин Ленин райондук соту 1-августта журналисттердин бөгөт чарасын карап, аларды 2-октябрга чейин абакта калтырган. Жактоочу соттун чечимин шаардык сотко даттанган.

11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда каралууда.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийинчерээк Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков үй камагына чыккан.

Ушу тапта төрт журналист - Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева камакта.

Милиция “Айт, айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG