Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

Парламент "Элдик курултай" мыйзамын өзгөртүүгө каршы болду


Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири жана Элдик курултай. Коллаж
Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири жана Элдик курултай. Коллаж

Кезектеги Элдик курултай 20-декабрга белгиленди. Мунун алдында парламент “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке какты.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордо 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана эмес, бир жылдык мөөнөткө шайлансын деген сунуш жазылган. Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук негизде жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Азыркы мыйзамда ал насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Элдик курултай эмнеге керек жана делегаттардын укук, милдеттери кандай? Бул жолку жыйын кандай өтөт?

25-сентябрь күнү Жогорку Кеңеште “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна берилген добуштарды төрага Нурланбек Шакиев мындайча жарыялады:

“Макул 8, каршы 59. Баары 67, катталды 85. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынган жок”.

Мыйзам долбоорун буга чейин Элдик курултай жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча парламенттик комитет караган болчу.

Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев курултай эки күндө өтүп, андан кийин институттун мандаты аяктагандыктан, делегаттардын да, Улуттук кеңештин да кандайдыр бир чечимдерди чыгарып, регламентти, жоболорду жана кийинки курултайдын даярдоо боюнча ишмердик жүргүзгөнгө укугу болбой калганын айтты. Мындан улам, курултайдын Улуттук кеңешинин ыйгарым укуктарын бир жылга узартуу сунушталган.

Мыктыбек Абдылдаев
Мыктыбек Абдылдаев

“Мөөнөтүн бир жакка натыйжалуу каратып чечпесек, Конституциянын 5-6 беренесинде маселелердин баары конституциялык мыйзамга өткөн болчу. Ошонун баарында Элдик курултайдын ыйгарым укуктары жазылып калган. Демек, Элдик курултай иштебесе, анда ал ыйгарым укуктары аткарылбай жатканы биринчи маселе болду. Экинчиден, Элдик курултайдын Улуттук кеңеши жөнүндө. Мыйзамдын 15 беренесинин 8 беренесинде “Улуттук кеңеш” деген жазылып турат. Эгерде алар дагы иштебей калып атса, анда мыйзам көп көйгөйгө алып келип атканын тажрыйбада бизге көрсөттү. Эң негизги көйгөй – Улуттук кеңештин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калганынын негизинде кээ бир беренелер иштебей калып атат”, - дейт Абдылдаев.

Элдик курултай түзүү демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу. Элдик курултай институтун түзүү жөнүндөгү беренелер Баш мыйзамга алгачкы жолу 2021-жылы киргизилген.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 700 киши деп белгиленген.

Мыйзам боюнча Элдик курултай коомдун өнүгүү багыттарын аныктоо, коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди чечүү, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо, коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштамаларды бере турган кеңешүүчү, байкоочу жана коомдук өкүлчүлүктүү жыйын болуп эсептелет.

Жыйында депутат Исхак Масалиев мыйзамда Элдик курултайга Жогорку Кеңештин функциялары да ыйгарылып жатканына көңүл бурду:

“Мыйзам чыгаруу демилгеси Элдик курултайда бар. Бирок Улуттук кеңеште жок. Ошондуктан бул жерде маселе болуп турат. Экинчиден, бул жерде толугу менен Жогорку Кеңештин функциясын кайталоо кетип баратат. Бул кабыл алынгандан кийин биз Жогорку Кеңешти таратышыбыз керек, ишти токтотушубуз керек. Бүт функция бирдей болуп атат. Мыйзам кабыл алуу, процесске катышуу – көзөмөлдөө, жооп алуу, элдин атынан сүйлөө функциясы киргизилип атат. Анда Жогорку Кеңештен эмне айырмасы болот?”.

Буга чейин Министрлер Кабинети "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан бир катар өзгөртүүлөрдү, анын ичинен ыйгарым укуктарын бир жылга узартуу сунушун максатка ылайыксыз деген корутундусун чыгарган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча парламенттик комитетте каралып жатканда, Министрлер кабинетинин өкүлү Эрнис Ашырбаев анын жөн-жайын окуп берген:

“Элдик курултай Кыргыз Республикасынын маданий өзгөчөлүгүн сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана коомдук-улуттук кызыкчылыктардын тегерегиндеги баш кошуусун колдонгон институт болуп саналат. Ал мезгил-мезгили менен өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талкуулоо жана чечүү үчүн чогулат. Бул белгилүү маселелерди жана көйгөйлөрдү жоюу үчүн уюштурулган иш-чара болуп саналат. Эгерде Элдик курултай конкреттүү милдеттерди чечүү үчүн чогула турган болсо, анда делегаттарды белгиленген мөөнөткө эмес, Элдик курултай өткөрүү мезгилине гана дайындоо максатка ылайыктуу. Бул ченем делегаттар реалдуу зарылчылыгы жок эле кызмат орундарын формалдуу түрдө ээлеп турган жагдайдан алыс болууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан делегаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эмне үчүн бир жылга белгиленгени толук түшүнүксүз. Анткени бул ашыкча бюрократизацияга алып келиши мүмкүн. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Элдик курултайдын делегаттарын бир жылдык мөөнөткө шайлоону максатка ылайыксыз деп эсептейбиз”.

Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова дагы сунушталган долбоордо Элдик курултай Жогорку Кеңештин функцияларын талашып калганын, атүгүл аткаруу бийлигинин ишине да кийлигишкен орган болуу дымагы орунсуз экенин эскерткен:

Чолпон Султанбекова
Чолпон Султанбекова

“Элдик курултай кыргыз элинин, улутунун келерки тагдырын чече турган аябай чоң маселелерде чогулуп, эл өзүнүн оюн айтып турган өкүлчүлүк болсо деген ой бар эле. Биз азыр “кимдин ыйгарым укуктары көп, кимдики аз” деген регламентке түшүп алдык. Азыр сиздер көтөргөн маселелерди Жогорку Кеңеш дагы көтөрүп жатат. Чынында, бизде азыр бир эле мыйзам чыгаруу боюнча ыйгарым укук калды. Эми ага дагы киришейин деп атасыңар. Мен каршы эмесмин. Бирок эки башка ой болсо, бири-бирине карама-каршы болуп калышы мүмкүн. Силер биз ойлогондой ойлобойсуңар да. Анан, аткаруу бийлигинин жер-жерлердеги ишине дагы байкоо салсак, бюджетин дагы карасак, ошол маселелердин бардыгын көтөрсөк, мыйзам чыгарсак, президентке кайсы өкүл иштейт, кайсынысы жаман иштеп жатат, аны дагы иштен алсак дейсиңер. Анда Жогорку Кеңешти алып таштап, Курултайды эле калтырып койбойлубу? Жогорку Кеңеш жасап аткан функцияларды эле жасап, айтып-деп коюп кетип атасыңар. Курултай андай болбош керек да. Курултайдын чечими улуттун чечими болуш керек. Кандайдыр бир чоң маселелерде ал күчтүү болуш керек. Мына, чоң маселелерде унчукпай отурдуңар. Административдик реформа боюнча үнүңөрдү уккан жокпуз. Салык боюнча, банк системасы боюнча элдин абалын көрүп атасыңар. Эмне үчүн ушундай улутту кыйнап аткан маселелерди көтөрүп чыкпайсыңар?”.

Президент Садыр Жапаров быйылкы Элдик курултайды 20-декабрда өткөрүү боюнча жарлык чыгарды.

Уюштуруу иштери менен Министрлер кабинети жана Президенттин иш башкармалыгы алектенет.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.

XS
SM
MD
LG