Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

ЖК “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун четке какты


Элдик курултай, 15-декабрь, 2023-жыл.
Элдик курултай, 15-декабрь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке какты. Парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында документке сегиз депутат “макул”, 59 депутат “каршы” добуш берди. Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорун талкуулабай эле добушка коюу сунушун берип, ал колдоо тапты жана добуш берүүдө документ өтпөй калды.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору быйыл март айында коомдук талкууга коюлган. Анда 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана эмес, аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушу жазылган.

Мындан сырткары Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Азыркы мыйзамда насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Делегаттарынын укуктары жана милдеттери кеңири белгиленген.

Министрлер кабинети Элдик курултайдын делегаттарын бир жылдык мөөнөткө шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы болгон.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси былтыр декабрь айында өткөн. Үчүнчү Элдик курултай быйыл 20-декабрда болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG