Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт


2022-жылы өткөн Элдик курултай.
2022-жылы өткөн Элдик курултай.

Бишкек шаарында 20-декабрда үчүнчү Элдик курултай өтөт. 20-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон тиешелүү жарлык “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин 24-сентябрдагы санына жарыяланды. Ага 700 делегат чакырылды.

Уюштуруу иштери менен Министрлер кабинети жана Президенттин иш башкармалыгы алектенет.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG