Бишкекте 15-декабрда экинчи элдик курултай өтөт. Былтыркы биринчи курултайда толгон-токой сунуш айтылып, көп көйгөйлөр көтөрүлүп, калың убадалар берилген. Мектеп, бала бакча салуу жана жол куруу өңдүү айрым иштер аткарылганы менен кээ бир маселелердин чечилбей жатканы суроо жаратты.
Алардын бири - кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө жетиштүү каражат бөлүнбөй, жүздөгөн гектар жердин казак тарапка өтүп жатканы.
Курултайда сөз болгон миграция, кен тармагына байланыштуу дагы доомат азайган жок.
Чек ара: Чүй дарыясынын жээгин бекемдегенге акча жокпу?
Былтыркы курултайда Чүйдөн шайланган делегаттар көтөргөн негизги маселелердин бири кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө болгон. Алар суунун Кыргызстанга караштуу сол тарабы кемирилип, солду көздөй ооп агып, жүздөгөн гектар жер коңшу мамлекетте калганы тууралуу президент Садыр Жапаровго маалымат жеткиргенге аракет кылышкан.
Ошол курултайга катышкан Аламүдүн районундагы Васильевка айылынын тургуну Кубатбек Эгембердиев чечилбей жатканын айтып кейиди:
"Бул маселени биз көтөрдүк эле, Ысык-Атадан келген делегаттар дагы көтөргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип "байке, быйыл болот, баарын аткарабыз, долбоор жазылды, канча акча бөлүнсө, силердин жериңерге дагы беребиз" деген. Жер болсо жыл сайын жемирилип, айылды көздөй эле тарып келе жатат. Үмүт кылып күтүп отурдук эле. Быйыл 50 миллион сом бөлүнгөн болсо, анда ал эч нерсеге жетпейт. Быйыл дагы бир делегат шайланды, эми ага дагы айтабыз, дагы ошол маселени көтөр деп. Былтыркы берген убадаңарды аткарбадыңар, жылыш жок, жыйынтык жок деп президентке айтыш керек. Былтыр курултайда министрдин орун басары отурган экен. Бөлүм-бөлүм кылып бөлүп, делегаттар менен жолугушуу уюштуруп коюшкан экен. Ага жолукканда "мага арыз жазыңыз" деди, мен ошол жерден жазып бергем. Кийин мага кат келген, иш жүрүп жатат, координаттарын алдык дешкен. Ошону менен эч жыйынтык болбой калды".
Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган. Андан берки он жыл ичинде кооптуу жерлердин аянты көбөйүп, казак тарапта калган жердин аянты кыйла көбөйгөнү айтылган.
"Азаттык" ушул жылдын апрель айында "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталышта иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеген. Анда жергиликтүү тургундар жылдан жылга суу кыргыз тарапка ооп жатканын, айдоо аянттары кыскарып, мал-жан үчүн жайыт тарыганына нааразылык билдиришкен.
Мындан эки жылдай мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстан кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын маалымдаган жана бул жагдайды Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алган деп билдирген.
Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө каражат бөлүнбөй жатканын өткөн айдын аягында парламентте вице-спикер Нурланбек Азыгалиев да айтты. Бул көйгөйдү чечүүгө келерки жылдардын бюджетинде акча каралбай калганын ачыкка чыгарды. Мындан улам быйыл жайында кабыл алган парламенттин токтому аткарылбай жатканын эскертти:
"Ал токтомдун негизинде Министрлер кабинетине жыл сайын Кыргызстандагы дарыялардын, анын ичинен чек араларды бойлогон дарыялардын жээгин бекемдөө, авариялык калыбына келтирүү иштерине 300 миллион сомдон кем эмес каражат каралсын деп айтылган. Аны дагы кечиктирбей, жыл башында эле ажыратылсын деген тапшырма бергенбиз. Быйыл Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 170 миллион сомдон ашык акча керектиги айтылган. Ошол акча берилбей, биз эл менен жолугушуп келгенден кийин маселе көтөргөнбүз. Ошондо быйыл 50 миллион сом берилиптир. Калган 126 миллиондой сом берилбей калды. Биз каражатты эртелеп бөлүп берүү керектигин Министрлер кабинетине, Финансы министрлигине айтканбыз. Тилекке каршы, буга көңүл бурулбай, акчасы чечилбей, каражат бөлүнгөн жок. Эми Жогорку Кеңештин токтому 2024-жылы дагы аткарылбай калышы ыктымал. Себеби, келерки жылдардын бюджети тууралуу мыйзам долбоорунда капиталдык салымдар бөлүгүндө дарыялардын, анын ичинен Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 300 миллион доллар бөлүү каралган эмес".
2012-жылы дагы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген, ал чечим дагы дээрлик аткарылбай келген.
"Азаттык" Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө турган Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө эмне үчүн кийинки жылдарга такыр каражат каралбай калганына түшүндүрмө сурап, президенттин басма сөз кызматына кайрылды. Бирок каражаттын бөлүнбөй жаткан себеби тууралуу жооп берилген жок.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-декабрда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Жогорку Кеңештин токтомунда жазылган акча берилбей жатканын ырастады.
"Чүй дарыясынын маселеси абдан кооптуу. Азыркы күндөн 500 гектардан 800 гектарга чейин жоготуу болду. Кошуна Казакстан өз тарабындагы жээкти толугу менен бекемдегендиктин Чүйдүн суусу биз тарапка уруп, жерибиз тарыганы көп байкалып жатат. Мурдагы жылы дагы, былтыр дагы президентибиз көңүл бурган. Мисалы, мурдагы жылы 45 миллион сом бөлдүргөн, быйыл дагы 50 миллион бөлдүрүштү. Бирок Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде Чүй дарыясына 200 миллион сомдон бөлүнүшү керек. Быйылкы жылыбыз оңой болбоду. Ошол эле медицина жааты болобу, аскер коопсуздугу болобу, мамлекет көбүрөөк көңүл буруп, Чүй дарыясын дагы унуткан жок. 2024-жылга дагы акча каралууда. Чүй дарыясынын жээги шагыл эмес, кара топурак болгондуктан, аны бекемдөөгө чыгым да аябай көп болуп жатат", - деди министр.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө ишин коңшу Казакстан менен макулдашып жүргүзүү керектигин белгиледи.
"Айтылган сунуштарды тиешелүү министрликтерге бөлүп берип, аларды чечүү убактысына жараша пландалган. Ошол жерде үч миңден ашык сунуш айтылды, алардын баарын бир жыл ичинде аткара салуу мүмкүн эмес. Алардын ичинде этап-этабы менен аткарыла тургандары дагы бар. Аткарылып бүткөндөрү дагы бар, азыр толук талданып жатат. Ошонун баарын буюрса президент экинчи курултайда өзүнүн баяндамасында айтат. Сиз айткан Чүй суусунун жээгине байланыштуу 2023-жылы таптакыр эле иш жүрбөй калган жок да. Бир топ иштер болду. Суунун агымын буруу, тосмолорду куруу сыяктуу иштер. Эми бул иштер дагы деле уланып кете бермекчи. Анткени бул иштерди жүргүзүүдө бир эле маселе - коңшу мамлекет менен макулдашып жүргүзүлүшү керек экен да. Биздин аймак болгон күндө деле алар менен макулдашып жүргүзүлүшү керек экен. Чек арада болгондуктан, сууну силер жакка буруп жиберсек зыяны деле тийбейт, ушул жерде агып турат деген сыяктуу макулдашуулар менен жүргүзүлүшү керек да. Чек ара маселеси өтө аярлыкты талап кылган маселе болгондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коңшу мамлекеттин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен сүйлөшүп иш жүргүзүп жаткандыр. Ошондуктан бул маселе чоюлуп калган учурлар болуп жатат. Келе жаткан жылда, андан кийинки жылда дагы акча бөлүнөт", - деди Абыкеев.
Миграция жана элчи Гүлнара Клара-Саматтын маселеси
Былтыр курултайда чет жерде жүргөн кыргызстандык мигранттардын өкүлдөрү дагы катышып, өз көйгөйүн көтөргөн.
Москва шаарынан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов Бишкектеги элдик курултайда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишин сынга алып, ага чара көрүлүшү керектигин билдирген.
Анын алдында, сентябрь айында Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында мигранттар маселесинен улам Гүлнара-Клара Саматты кызматынан бошотуу сунушу президентке жолдонгон. Толкунбай Акматов буларга токтолду:
"Курултайдан кийин президентке жолуга албадык. "Биз аз эле адамбыз, мүмкүн болсо бизди өзүнчө кабыл алып коюңуз" деп сурандык эле. Бирок президент кабыл албады. Мигранттарга мен күткөндөй жакшы көңүл бөлүнбөй жатат. Баарыбыз эле билебиз, президент мырза "мигранттарды кайтарып алып келебиз" деген. Мен көп эле айтып келем, Кыргызстанда жүгүртүлүп жаткан акчанын көбүн мигранттар жөнөтүп жатат да. Курултайда көп сунуш айттым эле. Өткөндө Фейсбукка дагы жазсам, "ушунун бирөө дагы аткарылган жок" дегендер болду. Биринчи маселе - биздин ондогон жарандарыбыз баңгизатка байланыштуу айыпталып, камалып отурат. Ошолорду Кыргызстанга которуу тууралуу маселе койдум эле. Анан эле экстрадиция кылганда дагы ага бер, буга бер, тигинин жол киресин көтөр, келип-кеткен адамдардын жол киресин төлө, иш сапарга кеткен акчасын төлө дегендей толтура маселе чыгат экен. Мигранттардын балдарын камсыздандыруу маселесин чечүү керектигин айткам. Камсыздандыруу азыр өтө кымбат болуп жатат. Үчүнчү көтөрүлгөн маселе мигранттарды каттоосу боюнча болчу. Ушул үч маселе тең чечилген жок. Элчи айым болсо баягыдай эле бекинип отурат".
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда "Азаттыктын" миграция жана Орусиядагы кыргыз элчисине байланыштуу айтылган дооматтар тууралуу суроосуна жооп берди. Анда Гүлнара-Клара Саматты иштен алуу маселеси күн тартибинде жок экенин ырастады.
"Биз элчи Гүлнара-Клара Саматтын ишин өзүбүздө да карап, элчиликке бир катар сунуштарды бергенбиз. Элчи азыр милдеттерин аткарып жатат. Маселе көтөрүлгөндөн кийин элчиликке кошумча алты юрист бердик. Анткени ал жакта кыргызстандык мигранттар, диаспоралар да көп. Ошого жараша иш да көп", - деди Кулубаев.
Былтыр августта Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган жолугушууга байланыштуу сын-доомат айтылган. Анда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болгон.
Былтыр сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жериндеги миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылган жана алардын айрымдары жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон окуя катталган.
Чаткалдын алтыны менен көйгөйү
Былтыркы курултайдын экинчи күнүндө Чаткал районунан келген делегат Жылдызбек Абибакир уулу аймактагы кен казуу, экология маселесин көтөргөн. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып кен казган компаниялардын ишин иликтеп, берилген лицензияларды ирээтке келтирүүгө чакырган.
Жылдызбек Абибакир уулу алтын казууга байланыштуу негизги маселелер чечилген жок деп эсептейт:
"Жалпысынан алып караганда, өзгөрүү деле болгон жок. Тескерисинче күчөп деле жатат окшойт. Терек-Сай айылында алтын казган компания калдык сакталган жай салышы керек деп ошол жерден бир сайды ала албай жатат. Анын жанындагы жерди жергиликтүү эл жайыт катары пайдаланып келген, ошол жерди бизге бергиле деп талап кылып жатыптыр деп угуп жатабыз. Азыр депутаттар карап жатыптыр, бирок бул маселе чечилип, сай берилет деп айтып жатышат. Алтын казган компания айылдын ичин көздөй эле келатат. Чачыранды алтын маселеси дале турат. Ошондуктан өзгөрүү деле байкалган жок".
Чаткалдын акими Алтынбек Сеңирбаев маселелер дээрлик чечилген жоктугу тууралуу дооматтарды четке какты:
"Курултайда райондун негизги көйгөйлөрү катары негизинен жол менен экология маселелери айтылган. Экономикалык жактан ушул жолдун начардыгы артка тартып келген, ушунун айынан бул жакта баары кымбат болчу. Курултайда ушул маселе президентке айтылган. Быйыл 100 чакырым жолдун долбоору жазылды. Аркы Ала-Букадан баштап Чаткалга түшкөн жер 100 чакырым болот. Долбоордун негизинде 200 миллион сом бөлүнүп, үч жерге асфальт заводу курулуп, жолдорду кеңейтүү, асфальт төшөөгө даярдоо жумуштары жүрдү. Жалпысынан бул 4,5 миллиард сомдук, беш жылга эсептелген долбоор. Биз үч жылда бүтүрсөкпү деп жатабыз. Үч жерге салынган асфальт заводдору салынып, жаздан тарта асфальт төшөө иштери башталат. Ар бир завод жылына 10 чакырымдан жол бүтүрсө ошондо үч жылда аягына чыгат. Экинчи маселе Чаткалдын экологиясы болчу. Чачыранды жана башка алтындын көйгөйү боюнча башкы прокурору Курманкул Зулушев, депутаттар баш болуп тапшырмалар берилген. Рекультивация кылбаган компанияларга чара көрүлсүн деген. Ошондой фактылар аныкталган учурлар бар, мыйзамдуу жазасын алып жатат. Мисалы, лицензиялык аянттан чыгып, мыйзамсыз алтын казган, экологияга зыян келтирген бир компанияга байланыштуу мурдагы айыл өкмөтү, ошол компаниянын жетекчилери кармалып, 741 миллион сом мамлекетке төлөндү. Болгон техникасы конфискацияланды. Бул дагы иштин жүрүп жатканын кабар берет, себеби буга чейин мындай болгон эмес. Бул окуя башкаларына сабак болуп жатат. Албетте, эми тоо-кен болгондон кийин, айрым бир маселелер чыгат экен. Телегейи тегиз болуп жатат дегенден деле алысмын. Ал эми болуп жаткан иштерди Чаткалдын эли деле көрүп жатат", - деди Сеңирбаев.
"Азаттык" буга чейин Чаткалдагы алтын казган "Эти Бакыр Терексай" жана "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген.
Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Анда лицензиялар колдон колго өткөн, ээси ким экени белгисиз учурлар да бар экени аныкталган.
Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.
Былтыркы курултайда камакта жаткан саясатчыларды, активисттер маселеси көтөрүлүп, аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү айтылган.
Бир жыл ичинде ошол маалда абакта жаткандардын айрымдары бошогону менен, өз оюн айтып, пикирин билдиргени үчүн дагы бир катар активисттер камалды.