Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

25 жаштагы келин төрөттөн ажал тапты, ымыркайынын абалы оор


Төрөттөн каза болгон Айым
Төрөттөн каза болгон Айым

Сокулукта төрөттөн ажал тапкан Айым Жыргалбек кызынын жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, милицияга кайрылганы жатат. Оорукана жетекчилиги айыптоо менен макул эмес. Экспертиза жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы 20 күндөн кийин чыгарын билдирип жатат. Маркумдун ымыркайына операция жасалган.

25 жашында төрөттөн каза болгон Айым Жыргалбек кызынын артында эки жаштагы кызы жана жаңы төрөлгөн уулу калды. Ал 7-сентябрдын кечинде Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

"Өзүнө тил кат жаздырган"

Ошол күнү таңкы сегизде жаңыдан толгоо тартып баштаган келинди ооруканага жолдошу алып жөнөгөн. Жакындарынын айтымында, 22-августта Айым ушул ооруканада иштеген дарыгерлердин бири менен сүйлөшүп, ал адис төрөтүн кабыл ала турганын, операциясыз өзү төрөй аларын айтып, макулдашкан экен. Ошол эле учурда Айымдан операциядан баш тартары тууралуу тил кат жаздырып алганын анын күйөөсү Дастан Андарбеков айтып берди:

Дастан Андарбеков
Дастан Андарбеков

"Эртең менен 8дерде белим ооруй баштады дегенинен ооруканага баралы деп чечтик да, үйдөн анча алыс эмес төрөтканага бардык. Келинчегимди алып кирип кеткен дарыгерлер бир аздан кийин чыгып, Айымды алып каларын, өзү төрөй турганын айтышты. Мен кайра үйгө кайтып келип, баланын, келинчегимдин кийимдерин алып барып бердим. Ортодо түшкү тамагын да жеткирдим. Төрөткананын оозунда отурган медицина кызматкери келинчегимдин абалы жакшы экенин, баары ойдогудай болуп жатканын мага айтып жатты. Айым өзүм төрөйм деген, буга ошол ооруканада иштеген дарыгерлердин бири мурда барганыбызда макул болгон. Ватсапп аркылуу келинчегим төрөт бөлүмүнө кирип кеткенден кийин сүйлөшүп жаттык. Ал сүйлөшкөн дарыгер келе электигин айтып жатты. Түштөн кийин байланыш болбой калды. Улам дарыгерлер ары-бери чуркап атканын көрдүм. Бирок мени башкалары баары жакшы деп жооткотуп жатышты".

Төрөттөн каза болгон Айым күйөөсү Дастан менен. Айым мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн.
Төрөттөн каза болгон Айым күйөөсү Дастан менен. Айым мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн.

Дастандын айтымында, жубайынын абалы оорлошкону түштөн кийин айтыла баштаган. Ошол мезгилде Дастан Андарбеков апасын ооруканага алып келип, Айымдын апасына телефон аркылуу байланышып чакырган. Кечки алтыга чукулдап калганда Дастанды дарыгерлер Айымды коңшу турган имараттагы кайра жандандыруу бөлүмүнө көтөрүшүп алып барып коюуну суранган. Андан тышкары келинчеги көп кан жоготконун, оорукананын өзүндө кан жана плазма жок экенин, аны Бишкектеги Кан борборунан сатып келиши керектигин да айткан. Дастан дарыгерлердин сураганын аткарып, Бишкектен Сокулукка чейин кан алып барганын айтууда.

Бул арада Айымдын апасы Венера Дүйшөналиева да Сокулукка келип, кызы жаткан бөлүмгө дарыгерлердин каршылыгына карабай кирип барганын, кызын эс-учу жок абалда көргөнүн, бирок денеси жылуу болгонун билдирди:

Венера Дүйшөналиева
Венера Дүйшөналиева

"Биринчи кирсем, дарыгерлер "кызыңыздын жанын алып калуу үчүн барын кылып атабыз" деп айтышты. Дарыгерлер кызымды карасын деп кайра эшикке чыктым. Бир топтон кийин сыртта турсак медицина кызматкерлеринин бири чыгып, "кызыңызды көрүп алыңыз" деди. Кирсем кызым дагы эле өзүнө келбей жатыптыр, жанымда кичүү кызым да бар болчу. Биздин көзүбүзчө жүрөктүн иштешин калыбына келтирчү аппарат менен төшүнө баскылап жатышкан. Бирок берки кичүү кызым ал электр кубаттагычка туташпай эле жөн турганын айтып жатат. Демек, дарыгерлер жөн эле биздин көзүбүзчө бардык аракетти көрүп жаткандай түр көрсөткөнгө аракет кылган. Мен айламды таппай кызым жаткан керебетке жакындап, жасалма дем алдырууга аракет кылдым, берки капталына оодарып далысын ушаладым, чекесинен өөп, "кызым, көзүңдү ач, айланайын" деп жаттым. Улам чекесин кармап, өөп жаттым, бирок денеси сууп калыптыр. Эмнеге эч нерсе кылбай атасыңар десем, "сиз кызыңызды жоготтуңуз" деп жооп беришти. Мен ошо жерден эсимди жоготуп жыгылыптырмын. Кызым 7-сентябрда каза болду, биз аны 9-сентябрда акыркы сапарга узаттык. Азыр артында калган кызын карап, ооруканада жаткан уулун көрүп жүрөгүм кансырап жатат. Ушул тапта уулунун да абалы өтө оор, анын жашап кетери да арсар".

Сокулук: Төрөттөн көз жумган келин, жетим калган балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:19 0:00

"Өзү төрөй албасы айтылган"

Каза болгон келин тун кызын эки жыл мурун операция жолу менен Бишкектен мамлекеттик төрөтканалардын биринде жарыкка алып келген экен. Буга келиндин жамбаш сөөгү толгоо учурунда бири-биринен ажырашы толук мүмкүн эмес экени негиз болгону да айтылган. Мындан улам анын апасы Венера Дүйшөналиева экинчи төрөтүн да алдын ала Бишкектен дарыгерлер менен сүйлөшүп, операция кылдырууга даярданганын айтып берди. Бирок Айым барган Сокулуктун дарыгери ал өз алдынча төрөй аларын айткан.

"Кызым "өзүм төрөйм" деген чындыгында. Ал мындай кыларын бизге да айткан эмес. Болгону бул ниетин күйөөсүнө билдирип, өзүлөрү барган экен райондук ооруканага. Кызымдын тилегинде атасы экөөбүзгө белек болсун деген ой болгон экен. Дарыгердин айтымында, төрөт учурунда баланын башы жана бир ийини чыккан. Бирок УЗИде мындан мурунку жасалган операциядан кийин жатындын тигилген жери жакшы айыга элек деп айтылган экен. Ошого карабстан дарыгерлер аны "өзүң төрөйсүң" деп төрөтүн кабыл алууну көздөгөн. Бирок кызым кыйналып калганында дарыгерлер баланы сүлгү менен сыга баштаган, мен ошондой түшүндүм. Ошондо айрылып кеткен жатын кошо чыгып, кан токтобой калган жана кызым эсин жогото баштаган. Бирок дарыгерлер жатынын сактап калганын мага айтышты. Ичине кан толуп, ал бүт организмге тарап кеткенден кийин жатынды сактап калып эмне кереги бар эле? Алар кызымды операция жасаган эмес, аны кийин жасады. Болгону бала менен кошо жатын чыкканда кансырап, кан басымы төмөндөп, кызым комага түшүп калган. Бул окуя жакшы иликтениши керек".

Укуктук баа берүү талабы

Айымдын апасы дарыгерлердин мындай мамилесине укуктук баа берилишин талап кылууда. Ал милицияга арыз жазарын билдирди.

Айымдын күйөөсү Дастан Андарбеков дарыгерлер курсакта жаткан баланын кандай абалда экенин, Айымдын өзүнүн абалын караганы менен жоопкерчиликсиз мамиле кылып койду деп эсептеп жатат.

"Баланын киндиги моюнуна үч ирет оролуп калыптыр. Муну дарыгерлер атайы текшерүүдө да көрүп, өзүң төрөй албайсың деп токтотуп калышы керек эле. Мунун балага жана өзүңө мындай терс таасири болуп калышы мүмкүн деп да айтышы керек эле. Боюнда бар кезинде Айымдын абалы жакшы болчу, анализдеринин жыйынтыгы да жакшы чыкан. Улам ультра үндүү изилдөөгө барып жатканыбызда баланын абалы жакшы экени, өсүүсү жакшы экени айтылган. Бул жерде дарыгердин гана шалаакылыгы болуп калды. Алар Айымды отургузуп алып жакшы түшүндүрсө болмок".

Сокулук райондук ооруканасынын жетекчиси Эркин Осмоналиев бул окуяга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө иштерин жүргүзгөнүн, келиндин өлүмүнө дарыгердин күнөөсү жок экенин белгилеп жатат. Осмоналиев ошондой эле келин өзү операция жолу менен төрөөдөн баш тартары тууралуу кат жазып бергенин жүйө келтирди.

"Албетте буга чейинки төрөтү операция жолу менен болгондон кийин кийинкиси да 90% ошондой жол менен уланышы керек. Бирок ал өзү операцияга такыр көнбөй койгон. Биздин дарыгерлер андан бул тууралуу тил кат да алып койгон. Жыйынтыгында Айым өзү да, дарыгерлер да тобокелдикке салып, анын төрөтүн табигый негизде кабыл алууга барышкан. Төрөт учурунда жатынынын тигилген жерлери ажырап кеткен. Дагы бир жагдай - бала жаткан суу кан тамыр системасына кирип кеткен. Ал майда ыйлаакча болуп, өпкөнүн баарын толтуруп салат. Бул төрөттөн кийин өөрчүп кеткен оор жагдай. Мындай жагдай операциядан кийин да болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан эч кимде кепилдик жок. Ушундай оор жагдай түзүлө баштаганда биздин дарыгерлер дароо операцияга алган. Операция учурунда жатын ажырап кеткенин көрүшкөн. Келин операция учурунда бир литр кан жоготкон, реанимацияда жаткан кезинде гемоглобини 96 болуп, бирок реанимацияга которгондон кийин жүрөгү капысынан токтоп калды. Операция саат 17:55те бүткөн, 21:45те жүрөгү сокпой калган. Мында бардык чаралар көрүлгөн".


Башкы дарыгер "шалаакылык" деген айыпка кошулбай турганын, соттук-медициналык экспертиза , ошондой эле гистологиялык-химиялык экспертиза жасалып, алардын жыйынтыгы 20 күндөн кийин чыгарын маалымдады.

Айымдын уулунун абалы оор

Айымдын ымыркайы уул. Ал азыр оор абалда Жалдагы балдар ооруканасында жатат. Дарыгерлер ага операция жасаган. Венера Дүйшөналиева небересинин абалы үчүн да санаа тартып турат.

"Апам түшүмө күндө кирет". Энеден ажыраган тогуз бала
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:06 0:00

25 жаштагы Айым Сокулуктагы мектептердин биринде физика жана математика мугалими болуп иштеп жаткан. Ал Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кызыл диплом менен аяктаган. Жолдошу Дастан өзүнүн группалашы, сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан экен. Жаш бүлө бир жыл мурун Сокулуктан өзүнчө үй алып, түтүн булатып жаткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева "Азаттыкка" келиндин өлүмүнө байланыштуу дарыгерлерден маалымат алып жатышканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, быйыл алты айда 24 аял төрөттөн кийин каза болгон. Быйыл энелердин өлүмү салыштырмалуу көп катталган. Ал эми 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн көз жумган.

XS
SM
MD
LG