Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

"Ымыркайы да чарчап калды". Төрөттөн дагы бир келин каза тапты


Айдай Саматбекова
Айдай Саматбекова

Түп районунун тургуну, 18 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Маркумдун жакындары буга медиктерди айыпташууда. Дарыгерлер болсо келин кош бойлуу кезинде каттоого кеч турганын, толгоо башталган күнү ооруканага дене табы көтөрүлүп келгенин билдирди. 

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы Айдай Саматбекова 24-мартта каза тапкан. Он күн өтпөй анын ооруканада жаткан ымыркайы да чарчап калды.

Ысык-Көл облусунун төрөт боюнча координатор Анара Айткулуеванын "Азаттыкка" айтымында, учурда келиндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн атайын экспертиза дайындалды.

"Келин Каракол шаардык төрөтканасына 23-мартта Түп районунан саат 16:32 чамасында "Тез жардам" менен эс-учун жоготкон абалда келди. Сүйлөй албай койду. Кесарево жолу менен төрөттүк. Ичиндеги балага 31 жума болуптур, жети айга да жеткен эмес. Ымыркай 1 килограмм 800 грамм салмак менен төрөлдү. Келиндин дене табы жогору эле, мээсине кан куюлгандай белгилер байкалды. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, Бишкекке жөнөтүлдү. Жыйынтыгы чыкканда эмнеден улам каза болгонун айта алабыз. Ымыркай жандандыруучу бөлүмдөгү атайын дем алдыруучу аппаратта жаткан. 4-апрелде ал да чарчап калды, абалы оор болчу", - деди Айткулуева.

Келин төрөттөн каза болгондон кийин анын жакындары медицина кызматкерлерин айыптап, социалдык тармак аркылуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылуу жасашкан.

Келиндин күйөөсү Арген Дүйшөбеков Түп райондук ооруканасынын дарыгерлеринин үстүнөн милицияга арыз жазарын айтты:

"Талды-Суу айылынын ооруканасына барсак жабык экен, Түптүн ооруканасына бардык. Ал жакта эки сааттай кармалдык, анализдерди алышты. Бир маалда диклофенак сайып, анан таблетка беришти. Диклофенак сайганда эле жубайым өзүн жоготту. Ооруканага өзү басып кирген, ал жактан замбил менен алып чыгып, Караколго жөнөтүштү. Караколдогу төрөт үйүнүн догдурлары диклофенак тууралуу укканда "булар жиндиби, боюнда бар аялга эмнеге саят?" деп ызы-чуу түшүп калышты. Кечинде операция кылышты, ошону менен ойгонгон жок. Жубайым кош бойлуу кезинде айылдагы ФАПта каттоого турган. Баары жакшы деп айтышчу. Жакшы эле жүргөн, бир дагы жолу ооруганын айткан эмес. Баш-аягымды жыйнап алгандан кийин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылам", - деди Арген Дүйшөнбеков.

Ал эми Түп районунун жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Канат Муканбетов келин догдурга кеч, ичиндеги түйүлдүккө 18 жума болгондо кайрылып, каттоого турганын билдирди.

"Келин бизге каттоого кеч турган экен. Бирок анализдери жакшы болчу. 23-мартта башы ооруп, кыргызчылык кылып чоң энесине башын теңдетиптир. Оорусу басылбагандыктан Түптүн ооруканасына келет. Ишемби күнү болгондуктан гинеколог үйүнөн чакыртылып, бейтапты көрөт. Ошондо дене табы жогору экени билинет. Келин парацетамол бергенде ичпей койгон. Анан диклофенак сайып, Караколдун төрөт үйүнө жөнөткөнбүз", - деди Муканбетов.

Айдай Саматбекова жолдошу менен.
Айдай Саматбекова жолдошу менен.

Маркум Айдай Саматбекова Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университетте 2-курста мугалимдик кесипте окуп жаткан. Жакындарынын айтуусунда, ал былтыр күзүндө 18 жашка толгондон кийин турмушка чыккан.

"Аймакта дарыгер тартыш, энелер ден соолугуна көңүл бурбайт"

Ысык-Көлдө өткөн жылдары да аялдар төрөттөн каза болгон учурлар катталган.

Облустун төрөт боюнча координатору Анара Айткулуева мунун себебин аймактагы аялдардын өз саламаттыгына кам көрбөгөнүнө, медицина кызматкерлеринин аздыгына байланыштырды.

"Бир жагынан медиктер жумуштан кетип жатса, экинчиден элдин догдурга ишеними кетип, түрдүү басымдар болуп келет. Бизде азыр дарыгерлер жетишпейт. Эмнеге Түптүн ооруканасынын дарыгерлери бизге жөнөтпөй эле өздөрү карай бербейт? Эмнеге деген суроо келдиби? Себеби, бизде сапатка маани бергенге убакыт жок. Дарыгерлер жетишсиз. Адистердин баары чет өлкөлөргө кетип жатат. Жалаң эле врачтарды күнөөлөй берсек, иштегенге кадр калбайт, мындан дагы жаман окуялар катталат", - деди Айткулуева.

Аймактагы дарыгерлердин белгилешинче, учурда миграцияга кетип көз жарганга чейин каттоого турбаган кыз-келиндер да болууда. Айрым жаштар үй-бүлө күтүүгө, балалуу болууга даяр болбой эле турмуш курганы эне-баланын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө.

Мындан улам соңку кездерде Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен аймактарда жергиликтүү бийлик, ФАП кызматкерлери, айылдык ден соолук комитеттери кыз-келиндер арасында ден соолукка кам көрүү максатында ар кандай акцияларды, сабактарды өткөрө баштаган.

Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева бул сабактарга, түшүндүрүү иштерине кызыгып катышкандар аз экенин белгиледи.

"Мектептерде 8-класстын окуучу кыздарынан баштап өткөрүлөт. Бирок көпчүлүк айыл тургундары мындай окууларга убактыларын арнагылары келбейт. Жаман көрүп, катышпай коюшат. Кээ бирлери жоокерчиликтүү, ден соолугума карашым керек деп келет. Бирок көпчүлүгү эмнени окутмак эле дегендей мамиле кылат. Ага карабай ден соолук комитеттери дайыма иш алып барууда. Акцияларды уюштуруп, жакшы катышкандарга белек берип окутушат".

Султанбаева акыркы окуялардан кийин жергиликтүү бийликтерге түшүндүрүү иштерин дагы күчөтүү тапшырмасы берилерин кошумчалады.

Кыргызстанда 2009-жылы 102 эне төрөттөн көз жумгандан кийин бул маселе курч коюлуп, көңүл бурула баштаган. Бирок соңку айларда эне-баланын өлүмү удаа-удаа катталып, бул маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.

Расмий маалыматтарга таянсак, жалпы республика боюнча быйыл эки айда төрт эне төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Былтыр 38 аял төрөттөн каза болгон.

Төрөттөн ажал тапкан келиндер тууралуу "Азаттыктын" видео баяны.

"Төрөтканага соо барып, сөөгү чыкты"
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:08 0:00




Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG