Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Беш айда алты келин төрөттөн көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптанын соңунда Ош облустук төрөт үйүндө 26 жаштагы келин төрөттөн каза тапты. Айрымдар «буга дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп» десе, дарыгерлер өздөрү аялдардын өз ден соолугуна мамилеси начар болуп жатканын айтышууда.

«Дем алыш күнү каралбай калды...»

26 жаштагы келин төрөттөн каза болгонун алгачкылардан болуп соцтармактарга жарыялаган журналист, блогер Адыл Акжол уулу үч баланы энесиз калтырган бул окуяга дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болгонун туугандары айтышканын билдирди:

«Мага келиндин туугандары кайрылышкан. Алар «кызыбыз жакшынакай эле төрөгөн, тону толук тазаланбай калып, тазалашкандан кийин акыбалы начарлап кетти, дем алыш күн болгондуктан каралбай калды» деп дарыгерлерге нааразы болушкан. Бирок аларга келиндин сөөгүн бербей, «экспертизага алынат» деген сөздү уккан соң, алар келиндин сөөгүн сойдургусу келбей, «дарыгерлерге дообуз жок» деп тилкат жазып беришиптир. Мен бул маалыматты «Ютубдагы» баракчама чыгаргандан кийин, төрөт үйүнүн дарыгерлери актанып атышат».

Маркум келиндин туугандары «дарыгерлерге дообуз жок» деп тилкат жазып беришкен. Алар бул окуя боюнча журналисттер менен сүйлөшүүнү да туура көрбөй, баш тартышты.

Облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева «Азаттыкка» келин төрөттөн кийин акыбалы оорлоп көз жумганын айтты:

«Келин бизге келгенде эле каканагы жарылып, суусу агып кеткен экен. Кан басымы да аябай жогорулап кетиптир. Мен ал келиндин абалы тууралуу угарым менен он мүнөттүн ичинде иш ордума келгем. Биз колдон келгенин кылып, аны төрөтүп алдык. Бирок төрөттөн кийин абалы оорлоп, операцияга алып киргенбиз. Бирок анын жатыны аркылуу кан тамырларына инфекция тарап кеткендиктен, сактап кала албадык».

Башкы дарыгердин айтымында, келиндин өлүмүнө кошумча баа берилет, учурда бул окуяны атайын медициналык комиссия иликтеп жатат.

Маркум келин төрөгөн ымыркайга да апасынан инфекция өтүп кеткендиктен, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Беш айда алты келин төрөттөн көз жумду

Ош облустук төрөт үйү аймак аралык оорукананын карамагында. 2019-жылдын беш айында аталган ооруканада төрөттөн алты келин көз жумган. Бул былтыркы ушул кезге салыштырмалуу эки өлүмгө көп болууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Замир Шакировдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул өлүмдөрдүн дээрлик баарында келиндердин ден соолугуна кайдыгер мамилеси жатат. Ал буга биринчиден социалдык абал, экинчиден миграциянын таасири көп экенин билдирди:

Эне бардык жагынан камсыз болуп, үйдө отурушу керек. Бизде андай эмес.

«Социалдык фактор негизги себеп. Эң орчундуусу - аял кишинин үй-бүлөдө орду жоктугу. Эне бардык жагынан камсыз болуп, үйдө отурушу керек. Бизде андай эмес, аял үй-бүлөнүн оор жүгүн көтөрөт. Миграцияда жүрөт. Тоё тамак жебейт, ден соолугуна карабайт. Баланы пландаштырып төрөө деген түшүнүктү кабыл алгысы келбейт. «Болуп калыптыр, эми төрөш керек» дешет. Өз учурунда каттоого турушпайт, турса да дарыгерлер дайындаган дары-дармек, витаминдерди ичишпейт».

Ош облустук төрөт үйүндө май айында 20 жаштагы келин төрөттөн көз жумган. 22 жумалык кош бойлуу келин Орусияда иштеп жүрүп, каттоого турган эмес. Абалы оорлогондо туугандары ооруканага алып келишкен. Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Замир Шакировдун айтымында, келиндин ден соолугун изилдеген учурда ал кандын рагына чалдыкканы аныкталган:

«Биз анын дартын аныктаганда эле үмүт жок экенин билгенбиз. Анткени мындай оору саат сайын кан куюуну талап кылат. Кыргызстандын шартында ал таптакыр мүмкүн эмес. Эгерде ал келин эртерээк адиске кайрылып, текшерилгенде кош бойлуулугун үзүп туруп өзүн дарылоого мүмкүн эле. Бирок, тилекке каршы, ал өтө кеч кайрылган».

Кемигинде да, керкисинде да..

Оштогу аялдардын укугун коргоочу Дарика Асилбекова кемигинде да, керкисинде да бар деген пикирде. Укук коргоочу аялдардын өз саламаттыгына кайдыгер мамиле кылганын жокко чыгарбаса да, көп учурда дарыгерлердин кайдыгерлигинен, акчанын артынан кууган мамилесинен улам жаш келиндердин өлүмү көп болууда деп эсептейт.

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

«Келиндерибиз да ден соолугуна карабайт, бул чын, - деди ал. - Бирок негизги фактор дарыгерлердин мамилеси бойдон калып жатат. Мисалы, мен өзүм деле күбө болгон учурлар бар, дарыгерлер акчага кызыгып, өзү төрөй турган келиндерди деле операция жолу менен төрөтүп салышат. Бүгүнкү күнү элде «акча бербесең карабай коет» деген түшүнүк кайдан келип чыкты дейсиз? Толгоосу келген келинди төрөт үйүнө алып келери менен эң биринчи дарыгерди «ыраазы кылмай» адаты жок жерден пайда болгон жок да? Бирок ошол акчаны алып атып да карабай коюп жатышпайбы».

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда төрөттөн өлгөн аялдардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймагына туура келет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда каза табат. Буга өлкөдөгү төрөт үйлөрүнүн жетишсиздиги, андагы тиешелүү шарттардын жоктугу, дарыгерлердин кайдыгер мамилеси жана аялдардын өздөрүнүн ден соолугуна кош көңүлдүгү себеп болгону айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG