Караколдо төрөттөн каза болгон 18 жаштагы келиндин жакындары дарыгерлерди күнөөлөп жатышат. Медкызматкерлер өлүмдү кыз-келиндердин ден соолугуна кам көрбөгөнү менен байланыштырат. Энелердин өлүмү боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы сапта экени белгилүү.
2-августта Караколдун төрөт үйүнөн каза болгон Айдайдын туугандары сөөктү экспертизага бербөөнү чечишкен.
"Биз экспертизага бербейбиз, Кудайга койдук деп сөөктү алып чыгып кеткенбиз", - дешти алар.
Түп районуна 17 жашында келин болуп барган Айдай айы-күнүнө жетип, Каракол шаардык төрөт үйүнө 30-июлда түшкөн экен. Айдай бир үйдүн жалгыз кызы болчу.
"Ал ооруканага барганда гемоглобини 125 болсо, аягында ал 30га түшүп калган. Кенедей кыздын үстүнө салмагы чоң дарыгер чыгып алып, ичин сыгып атыптыр. Муну кыздын апасы - менин эжем өз көзү менен көргөн экен. Ал жалгыз кызым төрөдү деп палатага сүйүнүп кирип барганда ушул көрүнүштү көргөн. Аябай ичибиз күйөт, татынакай, жакшынакай кыз эле. Каза болуп калды. Азыр жаңыдан ооруканага түшкөндөгү документтери табылбай жатат", - деди жабыркагандардын бири.
Маркум 3 килограммга жакын салмакта кыз төрөгөн. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. 30-июлда кечке жуук көз жарган келинден кан кетип, ага дарыгерлер эки жолу операция жасаган. 3 литр плазма, 2,5 литр кан куюшкан. Бирок бул аракеттерге карабастан келин 2-августта көз жумганын Ысык-Көл облустук ооруканасынын жетекчиси Мирбек Сагынбаев билдирди.
"Келин өзү төрөткө жакшы абалда келген. Дарыгерлер төрөтүн кабыл алды, кыз бала жарык дүйнөгө келди. Бирок тону түшпөй, наркоз берип, аны чыгарганга туура келген. Ошондон кийин кан ачылып кетип, дарыгерлер операция жасаганга мажбур болушкан. Андан келин жакшы чыккан, бирок кайра кандайдыр бир түшүнүксүз себептерден улам ачылып кеткен дагы. Ошондо дарыгерлер экинчи ирет операцияга алды. Жыйынтыгында келиндин бөйрөктөрү иштебей, заарасы чыкпай, боору иштебегендиктен каны суюлуп кетип, көз жумду. Келин балким коронавирус да болгондуктан, ушундай жыйынтыктар болуп калды".
Айдайдын туугандары дарыгерлерге "дообуз жок" деп, ооруканадан келиндин сөөгүн алып чыгып кетишкен жана милицияга кайрылышкан эмес. Бирок коомчулукта келиндин өлүмү чоң талкуу жаратты. Төрөт үйүнө туугандарына келгендердин бири окуяны видеого тартып, социалдык тармактарга чыгарган. Мындан улам караколдуктардын көбү облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө иштеген медкызматкерлерге нааразычылыгын билдирип, 4-августта тынчтык митингин уюштурушту. Активист Азиза Жумаева ооруканадагы кадр маселесин козгоду:
"Бизде Каракол активисттеринин Whatsapp группасы бар, анда 200гө жакын адам отурат. Бул окуядан кийин группага түрдүү окуялар жазылып жатты. Көбү дарыгерлердин акча алганын, кайдыгерлигин, аябай орой мамилесин, социалдык статусуна карап мамиле кыларын билдирип жатышты. Биз азыр Саламаттык сактоо министрлигине арыз жазып, кайрылуу кылалы деп жатабыз. Себеби, аймактардагы медицинага көңүл бурулушу керек. Жаш кадрлар дээрлик жок, аларды бул жерде 30-40 жыл отурган дарыгерлер жолотпойт, майлуу жеринен ажырагысы келбейт".
Жаш келиндин өлүмү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, анын жыйынтыгында укуктук баа берилет.
Ысык-Көл облустук ооруканасынын жетекчиси Мирбек Сагынбаев азыр төрөт бөлүмүндө болгону алты дарыгер иштеп жатканын, дагы 10 дарыгерге муктаждык бар экенин айтты. Ал ошондой эле энелерди кош бойлуу кезинде өзүнө кам көрүп, туура тамактанууга чакырды:
"Болочоктогу энелер төрөткө даярданышпайт. Өзгөчө миграцияга кеткен кыз-келиндер тогуз ай бою каттоого турмак турсун УЗИден өтпөй, Орусияда иштеп жүрүп, төрөөр маалы келгенде гана бизге келишет. Облус боюнча жылына 9 миң төрөт болот, анын 5 миңге жакыны облустук ооруканадан кабыл алынат. Булардын 15% өтө начар абалдагы аялдар. Алар мигранттар, ден соолугу начар аялдар, удаа төрөгөн энелер, медициналык жактан төрөгөнгө уруксат берилбегендер, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жашоо-шарты начар кыз-келиндер. Кыргызда сөзсүз дагы бир кыздуу болуш керек же уул төрөгөн жокмун, мен уул төрөшүм керек, болбосо күйөөм нааразы болуп жатат деген нерсе күч алган. Дагы бир фактор, кыз-келиндер же абдан эрте төрөйт, же кырк жаштан ашкандан кийин төрөйт, бул туура эмес, бул өтө чоң тобокелчилик. Мисалга, 18 жашында төрөгөн Айдай деле эрте кош бойлуу болгон, анын организми буга даяр эмес эле да".
Энелердин өлүмү боюнча Кыргызстан Борбор Азияда алдыңкы орунда турат. 2019-жылы өлкөдө 40ка жакын эне төрөт маалында жана көз жаргандан кийин каза болгон.
2020-жылы Кыргызстанда 158 миң аял эне болду. Аялдардын 27% жакыны биринчи жолу, ал эми 35% жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушту.
Акушер-гинеколог Гүлзина Матраимова көп учурда энелер кош бойлуу кезинде өз саламаттыгына көңүл бурбай турганын айтууда:
"Энелер толгон-токой оорулар менен келишет. Анан төрөгөндөн кийин эле "бала эмнеге ооруп калды? Эмнеге чарчап калды?" деген суроолор жаралат. Эненин ар бир диагнозу балага таасир этпей койбойт. Аял баланын жана өзүнүн саламаттыгы үчүн ден соолугуна сөзсүз кам көрүшү зарыл. Эң оболу, туура тамактанышы керек".
Расмий маалыматтарга таянсак, Ысык-Көлдө 2021-жылдын башынан бери 7-июлга чейин 4007 бала жарык дүйнөгө келген, 69 ымыркай чарчап калган. Алардын ону ара төрөлгөн, салмагы жетиштүү болбой калган же болбосо энеси коронавируска чалдыккан балдар.
Жыл башынан бери дубанда алты эненин өлүмү катталган. Он гүлүнүн бири ачыла элек Айдай быйыл төрөттөн каза болгон жетинчи эне.