82 жаштагы дарыгер
Таластын Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Салый Акматова 82 жашта. Ал 58 жылдан бери ушул ооруканада бул кызматты аткарып келет. Калганы акушер жана медайымдар. Азыркы кезде ооруканага кайрылган бейтаптар көп болгондуктан, ал эмгек өргүүсү аяктай электе эле жумушка чыгып алганын айтууда:
"Биздин төрөтканада бардык шарт бар, жарык, жылуу. Шаардагыдай эле аппараттар менен камсыздалган. Күнүгө бир же эки төрөт болот. Канча күндөн бери мен эмгек өргүүсүндө болуп, келбей калганым үчүн төрөт кабыл алынбай калды эле. Эми мен келдим, төрөй башташат да".
Көпүрө-Базар - облус борборунан 80 чакырым алыс, тоо арасындагы, Казакстан менен чек арага жакын айыл. Андагы оорукананын төрөт бөлүмү мындан жарым кылым илгери түптөлгөн.
Төрөтканага Көпүрө-Базар жана коңшу айылдардын келиндери кайрылып турат. Салый Акматова ордун өткөрүп берейин десе, кадр табылбай келет.
"Жаш дарыгерлер айыл жеринен качышат. Бул жакта бизге окшогон көнүп калгандар эле иштебесе, жаштар келбей жатат. Дарыгерлер Кыргызстан боюнча эле жетишсиз. Айлык аз. Айлыкты көбөйтсө, балким, жаңы кадрлар келер беле?"
"132 дарыгердин орду бош турат"
Дарыгерлердин жетишсиздиги Талас облусунда курч бойдон калууда. Саламаттык сактоо министрлигинин Таластагы координатору Нургүл Момбекова облус боюнча 132 дарыгердин орду бош турганын айтууда. Ал эми учурда иштеп жаткан жогорку билимдүү дарыгерлердин 42% - пенсия курагындагылар.
"Көз догдур, акушер-гинеколог, балдар дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт. Бул суроо курч маселе болуп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен бизге тапшырма берилген. Биздин канча студент Медициналык академияда билим алып жатканын тактап, анан жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Ал жерден кандай жардам бере алат, балким, окуу акысын төлөп же кошумча төлөмдөр менен жардам берер. Себеби азыр Бишкек шаарында жети жыл окуп, билим алуу оңой эмес. Ошол себептен дагы мектеп бүтүрүүчүлөр бул кесипти тандабай жатабы деген ойдобуз".
Момбекованын айтымында, аймактагы дарыгерлердин жетишсиздигинин бир себеби айлык маянанын аздыгы болсо, дагы бир себеби - соңку кезде дарыгерлерге болгон мамиленин катаалдашып кеткени. Бул жагдайдан улам абитуриенттер медициналык билим алуудан чочулашууда дейт.
"Айла жок, Бишкекке барыш керек"
Дарыгерлердин жетишсиздигинен улам жергиликтүү тургундар жеке клиникаларга же Бишкектеги ооруканаларга кайрылууга аргасыз болууда.
Талас шаарынын тургуну Бердибек Акматалиев небересин дарылатуу үчүн Бишкекке барууну көздөп жатат. Анткени издеген дарыгери Таластан табылган эмес.
"Жети жаштагы неберемдин заарасы токтобой, облустук ооруканага кайрылганбыз. Ал жерде заара ушатууга байланышкан органдардын анализи таза чыкты. Анан невропатологго кайрылсак, ал ийне менен дарылай турган адиске кайрылууну сунуштады. Бирок андай дарыгер Таласта жок экен. Өзүм да урологго көрүнөйүн дедим эле, ал дагы бирөө эле экен. Ал баарына жетишпейт да. Эми айла жок, Бишкекке барганга туура келип жатат. Ал жакка барганга акча, убакыт кетет".
Аппарат бар, адис жок
Ушул тапта облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда заманбап аппараттарды иштете турган тийиштүү адистер да жок болууда. Мындан улам оорукананын администрациясы жеке менчик клиникалар менен иштешүүгө аргасыз.
"Азыркы учурда медициналык заманбап аппараттар бар да. Мээнин иштешин тарта турган аппаратка адис жок болуп жатат. Анан жүрөктүн УДИсин иштеткенге жеке клиникадан келип бизге ишемби күндөрү тартып берет. Ошол учурда калкыбызга жардам бергенге аракет кылабыз", - деди Саламаттык сактоо министрлигинин Талас облусундагы кординатору Нургүл Момбекова.
Ал эми облустук оорукананын жетекчиси Нурдин Усупбеков облустук ооруканадагы компьютердик томографтын жыйынтыгын түшүнгөн адис жок болуп жатканын билдирди:
"Бизде бардык аппаратка адистер бар, бир гана компьютердик томографтын бүтүмүн окуган адис жок болуп жатат. Мындан улам Бишкектеги Улуттук госпиталь менен келишим түзгөнбүз. Биз аппаратка түшүрүп, жыйынтыгын сканерлеп Бишкекке салабыз. Алар күн ичинде кайра электрондук почта менен жообун салып турат. Бирок бул маселе жакында чечилет. Азыр бир адисти дайындап жатабыз".
"Студенттердин окуусун төлөп берип, аймакка тартабыз"
Аймактагы дарыгер жетишсиздиги боюнча өткөн жылы июль айында облустук деңгээлде жыйын өтүп, анда азыр медициналык багытта окуп жаткан жергиликтүү студенттерди окуусун аяктагандан кийин аймактарга тартуу маселеси козголуп, айыл өкмөттөргө тапшырмалар берилген.
Бирок бул боюнча жеткиликтүү деңгээлде иш жүрө электиги айтылууда. Талас районунун акиминин орун басары Венера Мамбеталиева айыл өкмөттөр арасындагы реформа иштери бул тапшырманы кечиктирип жатканын белгилейт.
"Биз медициналык окуу жайда 2-3-курста окуган студенттерибиздин тизмесин алдык. Ошонун негизинде студенттердин ата-энелери менен сүйлөшүп, азыр айыл өкмөттөр боюнча реформа бүткөндөн кийин жергиликтүү бюджеттен студенттердин окуу төлөмдөрүн төлөп берүүгө аракет кылабыз. Өнүктүрүү фонддору менен дагы сүйлөшүп жатабыз. Окуу акыларын төлөп берсек, окуу жайды аяктагандан кийин биздеги ооруканаларга келип иштешет. Ушундай шарт коюп жатабыз".
Ал эми Бакай-Ата районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Байыш Сулайманов студенттер кайрыла электигин айтууда.
"Бул боюнча тапшырма алганбыз, бирок ушу күнгө чейин бир дагы студент же абитуриент кайрыла элек. Эгер кайрыла турган болсо биз сөзсүз жардам бермекпиз. Айыл өкмөт үчүн жылына 50-60 миң көп деле акча эмес. Башкысы дарыгерлүү болуп калмакпыз."
Буга чейин президенттин Таластагы мурдагы өкүлү Бакытбек Нарбеков облустагы адистердин жетишсиздигин жоюу максатында дарыгер кызга үйлөнгөн жигиттерге 50 миң сомдон сүйүнчү убада кылып, аны эки үй-бүлөгө бергени маалым болгон.
Бирок мындай жөрөлгө ал кызматтын кеткенден кийин токтоп калганын облустук бийликтен билдиришти.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 1700 дарыгер жетишпейт. Ушу тапта Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде.