Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

"Айгай жаңырып, кооптонуп жатабыз". Курскидеги кыргыздар


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Орусиянын Белгород, Брянск жана Курск облустарына барбай турууга чакырды. Бул аймактарга федералдык жана аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Украина Орусиянын 74 калктуу пунктун, жалпысынан 1000 чарчы чакырым жерин көзөмөлдөп турганын 13-августтун кечинде жарыялаган.

Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында "антитеррордук" операция жүргүзүп жатканын айтууда.

"Азаттык" Курск облусунда жашаган кыргыздар менен байланышты. Коопсуздуктан улам биз менен алардын ысымын ачык жарыялай албайбыз.

"Кыргыздар бири-бирибиздин абалыбызды сурашып жатабыз"

Өзүн Талгат деп тааныштырган кыргызстандык Курск шаарында бир топ жылдан бери жашайт:

"Бул жакта иним, эжем, карындаштарым менен турабыз. Биз турган жерде абал тынч эле. Курскиде мурункудай кыргыздар көп эмес. Көпчүлүгү Орусиянын башка шаарларына кетишти. Азыр беш эле үй-бүлө калды. Студенттер бар. Суджа деген шаардан элди чыгарышууда. Көпчүлүгүн Курск шаарындагы райондорго жайгаштырышкан. Кыргыздар бири-бирибиз менен байланышып, улам абалыбызды сурашып жатабыз. Баары жакшы, кабатыр болбогула. Албетте, тынчсызданат экенсиң, сиренанын үнү жаңырып жатса. Согуш болбосун деген сөздүн маанисин эми түшүндүм. Мурун карыя кишилер айтса, көңүл бурбайт элем. Ошол сөздү азыр кайра-кайра эстеп жатам".

Ал жактагы кыргызстандык студенттердин көбү жайкы каникулга Кыргызстанга кетишкен. Курскиде иштеп калгандары да бар экен. Биз алардын бири менен байланыштык:

"Мындан кийин абал эмне болорун билбей жатабыз. Курскиде окуган 70тен ашык кыргыз студент бар. Мен быйыл окууну аяктап, ушул жакта иштеп калгам. Дагы бир досум бар жанымда. Тааныштарыбыз чалып, эмне болот мындан ары деп сурап жатышат. Алар окуу болобу же аралыктан окуйбузбу деп кабатыр. Элчилик дагы улам байланышып, абалыбызды сурап жатышат. Туугандар да кабатыр болууда. Бирок аларга эмне болуп жатканын айтпай жатабыз. Мен деле башкалар менен азыр сүйлөшүп атам. Кетсемби деп да ойлоп коём. Жагдайга жараша чечим чыгарабыз".

Ысымын атагысы келбеген кыргыз мигранттарынын бири Белгород облусундагы чакан шаарлардын биринде жашап, иштейт. Аларга дээрлик күн сайын телефон аркылуу эскертүү келип, маал-маалы менен абадан да айгай жаңырып турганын айтып берди:

“Бул жерде экөөбүз эле иштейбиз. Борбордук кеңсебиз ушул жерде. Негизинен Чита жана Орел деген жерлерде да иш бөлүмдөрүбүз бар, ошол жакта кыргыз балдар көп иштешет. Кетебиз деген оюбуз жок, бирок коркот экенсиң. Айрыкча үй-бүлөлүү болгонуң үчүн дагы кооптонуу күч болот. Балдарымды айылга жөнөткөнүмө бир ай болду. Жакында алып келишим керек эле, азыр ойлонуп жатам. Унааларды да ачык жерге коюп, дароо чыгып кеткенге ыңгайлуу кылып токтотуп жатабыз. Кокус кармаш башталып кетсе, башка жакка жөнөп кетебиз”.

Абадан эскертүү учурунда атайын баш калкалоочу жайлардын дареги улам кайталап айтылып турат дейт ал.

ТИМ: Мекендештер менен байланыштабыз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-августта кыргызстандыктарды Орусиянын Белгород, Брянск жана Курск облустарына барбай турууга чакырган. Курскиге украин күчтөрү басып киргенден кийин 9-августта федералдык, 14-августта Белгород жана Брянскиде аймактык деңгээлде өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Тиреш кызуу жүрүп жаткан Курск аймагында жашап иштеген борборазиялыктар бар экени буга чейин маалым болгон. Алардын ичинен кыргызстандык Малик “Азаттыкка” учкай маек берип, абадан эскертүү берилип жатканын айткан.

Тышкы иштер министрлиги ал жактагы айрым мекендештер менен байланышып, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ыкчам байланышуу үчүн Whatsapp аркылуу тайпа түзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.

“Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Курск облусунда Кыргыз Республикасынын 199 жараны каттоодо турат. Учурда аталган облустун окуу жайларында билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Курск ишканаларында иштеген айрым мекендештер менен байланыш түзүлгөн. Курск облусунда окуп жаткан кыргызстандык студенттердин маалыматына ылайык, жай мезгилинде студенттердин көбү аталган аймактан чыгып кеткен. Ошондой эле коопсуздук максатында кыргызстандыктардын бир бөлүгү Курск облусунан өлкөнүн башка аймактарына кетүүдө”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Аскердик жумуштарга чакырган жарыялар

Орусияда иштеген мекендештердин айрымдары Курскиде аскердик жумуштарга чакырган жарыялар интернеттен да тарап жатканын айтып беришти. Буга чейин Украинадагы согушка чакырган жарыялар Москванын ар бурчунда илинип турганы, интернеттен да улам жарыяланып келгени маалым. Августтун башында уюлдук операторлор кыска номур аркылуу согушка чакырган СМС билдирүүлөрдү тарата баштаган.

Орусиядагы эмгек мигранттары менен иштешкен адвокат Эрланбек Токтосунов тергөө абагында кармалып турган мигранттарды согушка тартуу аракети дале уланып жатканын айтты:

“Тергөө абактарындагыларды согушка үндөп, “алты ай кызмат өтөп келгенден кийин бошотобуз” деп жатышканы боюнча маалыматыбыз бар. Алардын ата-энелери ушундай көрүнүшкө тынчсызданып жатышат. Бизден да улам суранып жатышат. Биз тергөө абактарына кирип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал жакка барбаш керектигин, келишим түзүлүп кала турган болсо, бул үчүн Кыргызстанга келгенде 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн экенин айтып жатабыз”.

Украинадагы согушка катышканы үчүн буга чейин соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланган. Ал буга чейин Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткени маалым болгон.

Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу мунапыс менен абактан бошотулган.

Кыргызстандын мыйзамы жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салат жана мындай учурларда беш жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG