Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Курскиде кармаш уланууда, Запорожье АЭСинде абал кооптуу


Украин аскерлери Орусиянын Курск аймагында.
Украин аскерлери Орусиянын Курск аймагында.

Украина Орусиянын чек арадагы ондогон айыл-кыштагын ээлеп турат. Алгачкы күндөрдөгүдөй алдыга жылуу тууралуу маалымат жок. Бирок украин президенти бул операция “пландагандай жүрүп жатканын” айтты жана өнөктөштөрдү алыскы аралыкка атууга уруксат берүүнү суранды.

Орусия Украина менен чектеш тилкесинде украин аскерлери ээлеп турган аймактарында абал кооптуу болуп жаткандыктан айыл-шаарларынан элин эвакуациялоону улантууда.

“Кетүүгө мажбур болдук. Анткени корктук. Аткылап жатышты. Үйлөр өрттөнүп жатты. Өзүм да күйүп кала жаздап, аз жерден калдым. Жаныбыздагы кошунанын үйү күйүп кетти. Корктум. Эптеп ар кимибиз өз алдыбызча качып чыктык ал жактан. Украинага барбайм. Өзүмдүн эле үйүмө кайтып барсам болот эле”, - деп айтып берди журналисттерге Курск облусундагы Глушково районунун аты-жөнүн атагысы келбеген, улгайып калган тургундарынын бири.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана жергиликтүү бийликтин расмий маалыматына караганда, чек арадагы аймактардан эвакуация болгондор жалпысынан 200 миң адамга жетти.

Бир күндө Курск облусунан 3 миңдей киши чыгып кеткенин 17-августта ӨКМ өкүлү Артем Шаров билдирди:

«Орусиянын 24 регионунда 171 убактылуу жайгаштыруу пункту ачылды. Азыркы тапта ал жерлерде 10 миңдей адам бар, алардын 3 миңге жакыны балдар».

Ал тапта Орусиянын Украина менен чектеш Курск аймагында кармаш уланып жатканын эки тарап тең билдирүүдө.

Бул облуска украин аскерлери 6-августта кирип барган. 13-августка карата бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын, 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пунктту көзөмөлдөп турганын, бул операция башталгандан бери украин аскерлеринин Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирген.

Андан бери маалымат жаңылана элек. Айрым кабарларга караганда, украин аскерлеринин алдыга жылуусу башындагыга караганда басаңдап калды, бирок токтогон жок.

Орусия Курск облусуна резервдеги аскерлерин жөнөткөнү, алар негизги жолдорду тороп калууга аракет кылып жатканы, Украина да резервдерин жөнөтүп, ал жактагы аскерлеринин бир тобун дем алдырууга Сумы облусуна алып чыгып кеткени кабарланды.

Украин президенти Владимир Зеленский 17-августтун кечиндеги видео кайрылуусунда Сырскийге таянып, Курск аймагындагы чабуул уланып, позициялар бекемделип жатканын айтты.

“Операция биз кандай пландасак, дал ошондой жүрүүдө. Биз ээлеген плацдарм улам бекемделүүдө”, - деди ал.

Ошону менен катар ал согуш башталгандан бери курал-жарак жагынан жардам берип келе жаткан өнөктөш өлкөлөргө дагы бир жолу кайрылып, алардын техникасы менен алыскы аралыкка атууга уруксат берүүсүн өтүндү:

“Жоокерлерибизди зарыл болгон курал-жарак жана кошумча күч менен камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Бул жагынан алып караганда, өнөктөштөрүбүз орусиялыктардын позицияларын согуштун жүрүшү талап кылгандай кылып алсыратуу аракетибизге мүмкүнчүлүк бербей жаткан тоскоолдуктарды алып салышы өтө маанилүү болууда. Биздин аскерлерге узак аралыкка атууга мүмкүнчүлүк берилсе бул согуштун эң маанилүү жана стратегиялык талаптарына жооп болор эле. Өнөктөштөрүбүздөн тийиштүү чечим болбой жаткан жагдайды биздин жоокерлердин эрдиги жана каармандыгы жабууда. Эгерде биздин узак аралыкка жетүү мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү болсо, баскынчынын алдыга жылуусун, ал алып келип жаткан кыйроолорду токтотуп алат элек”.

Курскинин Глушково аймагында дагы бир көпүрө талкаланганын 18-августта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.

“Дагы бир көпүрө минус болду! Аба күчтөрүнүн авиациясы абадан жасалган так соккулары менен душманды логистикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратууну улантууда. Бул согуштун жүрүшүнө кыйла таасирин тийгизүүдө”, - деп жазды ал Telegram каналына.

Эки күн мурда Сейм дарыясынын Глушково районундагы үч көпүрөсүнүн биринчиси жарактан чыгарылган. Бул көпүрөлөр аркылуу Орусия чек арадагы аскерлерин жабдып турчу. Биринчи көпүрөгө сокку урулгандан көп өтпөй ошол жерден эки чакырым аралыкта убактылуу өтмөк пайда болгонун Planet Labs компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрүнө таянып Reuters жазган.

Ал тапта Украинанын Запорожье облусунда согуш башталгандан көп өтпөй Орусиянын көзөмөлүнө алынган Запорожье атомдук электр станциясындагы (ЗАЭС) абал адистердин кооптонуусун жаратууда. 17-августта станцияга жакын жерде, кызматкерлер каттаган жолго учкучсуз учак менен жардыргыч зат ыргытылган. Эч ким жабыркаган эмес. Орусия бул сокку үчүн Украинаны айыптаган. Украин тарап комментарий берген жок.

«Мен дагы эле абдан тынчсызданып жатам жана бардык тараптарды болушунча аша чаппай, станцияны коргоо боюнча беш негизги принципти сактоого чакырам», - деди Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси.

ЗАЭС - Европадагы ири атомдук станциялардын бири. Орусия ээлеп алгандан бери ал иштебей турат, украин жана орус тарап бирин бири саботажга айыптап келишет.

Орусиянын Коргоо министрлиги 18-августта Белгород, Курск жана Ростов облустарында Украинанын учак тибиндеги алты согуштук дронун атып түшүргөнүн, Ростов облусунда мунай базасы эки жолу дрон чабуулуна кабылганын маалымдады.

Облус губернатору Василий Голубев дрондор атып түшүрүлгөнүн, сынык түшкөн жерде кара май күйгөнүн, эч ким жабыркабаганын айтты.

Ал эми украин тарап бул мунай базасына чабуулду Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы Куралдуу күчтөр менен бирге ишке ашырганын маалымдап, Орусия аны аскерлерин жабдуу үчүн пайдаланып келгенин белгиледи. Социалдык түйүндөрдө аталган мунай базасында катуу өрт болуп жаткан видеолор жана сүрөттөр тарады.

Украинанын өзүнүн аймагы, Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 18-августка караган түнү жана эртең менен Орусиянын ракета жана дрон чабуулуна кабылды. Киев, Сумы жана Полтава облустарынын аймагында орус тараптан бир «Искандер-М», эки KN-23 баллистикалык ракеталары, эки Х-59 башкарылуучу авиациялык ракетасы, үч канатуу ракета жана Shahed дрондорунан сегизи учурулганы, ракеталардан бешөө жана дрондордун баары атып түшүрүлгөнү, бир киши каза болгону маалымдалды.

Украин аскерлери Орусиянын аймагына кирип баргандан бир аптадан кийин ал жакта комендатура түзүшкөн. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Орусиянын Курск аймагында түзүлгөн комендатура коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын камсыздоо менен алектенерин 15-августта билдирген.

Орусия 9-августта Курск облусунда, 14-августта Белгород облусунда федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялады.

Серепчилер украин аскерлери Орусияга кирип барган чабуулунун аягы эмне менен аяктары белгисиз экенин белгилеп, бирок башка өлкө Орусиянын чек арасынан өтүп, аскерлери айыл-шаарларын ээлеп турган абал Экинчи дүйнөлүк согуштан бери катталган алгачкы олуттуу окуя экенине көңүл буруп жатышат.

Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айткан.

Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG