Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Бишкектин Ала Тоо аянтында Эгемендиктин урматына майрамдык салтанат өтүүдө


Ала Тоо аянты.
Ала Тоо аянты.

Бүгүн, 31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы майрамдалып жатат. Быйыл Көз карандысыздык күнүнөн тышкары, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы да белгиленүүдө.

Буга байланыштуу азыркы учурда Бишкектин Ала-Тоо аянтында негизги майрамдык салтанат өтүп жатат. Анда сахналаштырылган оюн-зооктор коюлуп, жергиликтүү жана чет элдик ырчылар өнөрлөрүн тартуулай турганы айтылган.

Майрамдык иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Бишкектин тургундары жана коноктору күбө болууда.

Жогорку Кеңеш 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнүн жарыялаган. Быйыл андан тышкары Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон.

XS
SM
MD
LG