Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:44

Путиндин Баку сапары жана Москванын Түштүк Кавказдагы солгун тарткан таасири


Владимир Путин жана Илхам Алиев, 18-август, 2024-жыл
Владимир Путин жана Илхам Алиев, 18-август, 2024-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Азербайжанга сапары жыйынтыкталды. Серепчилер белгилегендей, Бакунун көп векторлуу тышкы саясаты Путин үмүттөнө турган жалгыз мүмкүнчүлүк болууда.

Азербайжанга соңку алты жылда биринчи жолу барган орус лидери Владимир Путин борбор калаа Баку канчалык өзгөргөнүнө суктануусун жашырган жок. "Аймактагы оазис деп айтар элем", - деди ал 19-августта азери президенти Илхам Алиев менен жолугушууда.

Путиндин өзгөрүү жөнүндө айтканы туура, анткени соңку жылдары Азербайжан Түштүк Кавказдагы олку-солку аймакта орус лидери үчүн чынында эле эң меймандос өлкөгө айланды. Армения азыркы тапта мурдагы союздашы Орусиядан өтө тездик менен алыстоодо, ал эми Грузияда, Батыш менен мамилесиндеги кризисине карабастан, Путинди кучак жая тосуп алган маанай жок.

Ал эми өз өлкөсүндө Курск облусуна украин аскерлери кирип барган жагдай Путин үчүн өзүнчө күтүлбөгөн "баш ооруга" айланды. Орус аскерлери бул аймагынан украиндерди кайра сүрүп чыгарганга азырынча чамасы келбей турат.

Бакуга барганда Алиев Путин менен кучак жайып, жайдары учурашса, жубайы, өлкөнүн вице-президенти Мехрибан Алиева жүзүнөн сүйүп тосуп алды. Путин конок күткөн жубайлардын "үй-бүлөлүк меймандостугуна" суктануусун билдирди.

Бирок Алиевдин меймандостугу чексиз эмес. Баку көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөт. 2024-жылкы жагдайды эске алганда Путин үчүн бул болгон мүмкүнчүлүктүн чеги.

Канчалык жылмайып, кучагын жайбасын, мындай мамиленин аркасында Азербайжандын Орусияны буга чейин олуттуу роль ойноп келген аймактык саясаттан сүрүп чыгаруу аракети турат.

Владимир Путин (солдо) жана Илхам Алиев. 2024-жылдын 17-августу.
Владимир Путин (солдо) жана Илхам Алиев. 2024-жылдын 17-августу.

Ондогон жыл бою Орусия АКШ жана Европа өлкөлөрү менен бирге Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерге активдүү катышып келди. Бирок мындай процессти Азербайжан тышкы күчтөрдүн аймакка таасир этүү каражаты катары баалап, соңку айларда андан Орусияны жана башка чет өлкөлүк державаларды четтетип, тынчтык келишимин Еревандын менен түздөн-түз иштеп чыгуу аракетине киришти.

Жакында эле Бакунун тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинен Азербайжандын негизги аймагы менен анын эксклавы Нахичеван автоном республикасынын ортосунан, Армениянын түштүк бөлүгү аркылуу өтүүчү “Зангезур коридору” деген ат менен белгилүү транспорттук өткөөлгө тиешелүү маселени алып салуу чечими Орусия тарапка согулган дагы бир сокку болду.

Бул жол Азербайжан үчүн чоң мааниге ээ болгону менен, ал Орусиянын аймактагы позициясын бекемдөө мүмкүнчүлүгү да болуп эсептелет. Анткени эң башында Армения менен Азербайжан бул өткөөлдү Орусиянын коопсуздук күчтөрү кайтарат деп макулдашкан. Москва соңку келишимде ушундай эле жобо жазылат деп дагы эле үмүттөнүүдө. Ошондуктан бул жагынан алып караганда, Путиндин Бакуда эки республика ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу айткандары бир аз "орунсуздай" угулду.

"Эгер Азербайжан жана Арменияга тынчтык келишимине кол коюуга, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо ишине жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган бир нерсе кыла алсак, буга чейин көп жолу айтып келгенибиздей, логистикадагы жана экономикадагы тийиштүү багыттарды жандандыра алсак, абдан кубанычта болот элек", - деп баса белгиледи Путин.

Кызматташтыкка байланыштуу башка, мындан татаал маселелер көтөрүлгөн да жок.

Быйыл май айында орусиялык жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири Москва Армения менен Азербайжан ортосунда ондогон жылдан берки тирештин чордону болгон Карабакта консулдук бөлүм ачууга үмүттөнүп жатканын билдирген.

2023-жылы сентябрда 100 миңдей этностук армян калкын сүрүп чыгарып салган чабуулунан кийин Азербайжан бул аймакты азыркы тапта толук бойдон өз көзөмөлүндө кармап турат.

Орусиянын ал жакта консулдук ачуу ниети бар экени тууралуу кабар азербайжандыктар арасында кооптонуу жаратууда. Анткени алар Кремль мындай аракети менен аймактагы орусиялык, балким, армян таасирин кайрадан калыбына келтирүү ниетин көздөөдө деп чочулашат.

Путиндин Бакуга сапарын утурлай Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүлоглы менен маек куруп, мына ушул темага байланыштуу суроолорун узаткан.

Элчи Азербайжан мындай идеяга каршы экенин кыйытууга аракет кылып, "чынында Азербайжанда консулдуктар үчүн мейкиндик чектелүү эле" деп айткан. Кийин Азербайжандын өкмөттүк Haqqin сайтынын суроолоруна жооп берген дипломат Бакунун расмий позициясын түз айтпаса да, дагы бир жолу тактап: "Мен Карабакта Орусиянын Башкы консулдугу пайда болушу мүмкүн деп айткан эмесмин. Бул маселе талкуулоо стадиясында деп айткам", - деп билдирди.

"Азаттыктын" азери кызматынын саясий шакаба сүрөтүндө Путин Алиевге «Сиз жана Ким Чен Ын (Түндүк Кореянын лидери) гана. Башка эч кимим жок..."
"Азаттыктын" азери кызматынын саясий шакаба сүрөтүндө Путин Алиевге «Сиз жана Ким Чен Ын (Түндүк Кореянын лидери) гана. Башка эч кимим жок..."

Алиев да, Путин да Карабакта консулдук маселеси боюнча ачык эч нерсе айтышкан жок.

Бакуда эки жетекчинин жолугушуусу өтүп жаткан чакта баш калаанын башка бөлүгүндөгү түрмөдө Путиндин мурдагы кеңешчиси Рубен Варданян абак мөөнөтүн өтөп жатты. Ал Армения колдогон мурдагы Тоолуу Карабак жикчил аймагынын жетекчилеринин бири. Варданян былтыр Азербайжан аймакты өз карамагына алгандан кийин камалган.

Путиндин Азербайжанга сапарын утурлай Орусиядагы "Армяндар биримдиги" Карабак туткундары боюнча маселеси көтөрүүнү суранган кайрылуу жолдогон. Бирок бул маселе да жоопсуз калды.

Эки тарап өз ара макулдашууга жетишилген жалгыз тема экономикалык кызматташтык болду. Алиев быйыл апрелде Москвага барганда негизги көңүл Орусияны Азербайжан аркылуу Иран жана Перс булуңундагы порттор менен байланыштырып туруучу транспорттук түйүндү кеңейтүүгө бурулган. Долбоор Орусия үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени ал 2022-жылы Украинага толук масштабдуу согуш ачкан соң Москва Батыш менен мамилеси начарлап турганда соода агымын чыгышка жана түштүккө буруу аракетин көрүүдө.

Соода алакасы кеңейсе, Азербайжан да өз пайдасын көрөрү анык, бирок Бакудагы жолугушууда эки жетекчи ооз учунан сөз улаганы Орусия көбүрөөк кызыкдар тарап экенин көрсөттү. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 4 миллиард доллардан ашуун экенин айткан Алиев муну "жакшы көрсөткүч" деп сыпаттады.

"Бирок бул биздин мүмкүнчүлүктөргө аздык кылат", - деп сөз кыстарды Путин.

19-августтагы жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө азык-түлүк коопсуздугу жана эмгек инспекциясы боюнча келишимдерге кол коюлганын жарыялашты. Бакуда жаңы орус-азери университети ачылат, эки өлкө мунай ташыган танкерлерди биргелешип чыгара баштайт деп маалымдалды.

Айрым азербайжандыктар үчүн бул сапардын мындай "жупуну" жыйынтыгы Орусия эл аралык изоляцияда калган шартта Путин союздаштары бар дегендей түр көрсөтүүгө аракеттенип жатканынын айкын белгиси болуп калды.

XS
SM
MD
LG