Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Орусиядан кийин Украинага. Модинин сапары кандай максатты көздөйт?


Нарендра Моди.
Нарендра Моди.

Индия премьер-министри Нарендра Модинин Украинага сапары 23-августка пландалууда. Серепчилер бул сапарды ал өткөн айда Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен жолуккандан улам Киевде жана Батышта жаралган реакциядан кийинки дипломатиялык баланс аракети катары баалап жатышат.

Украина менен Индия ортосунда өз алдынча байланыш 30 жылдан ашуун убакыт мурда түзүлгөн. Ошондон бери Индия лидери Киевге бир да жолу бара элек болчу.

Модинин жакында болгон Орусияга эки күндүк сапары Кошмо Штаттарда өзгөчө тынчсыздануу жараткан, себеби Вашингтон Нью-Делини Кытай боюнча стратегиясындагы маанилүү таянычы катары карайт.

Индиялык талдоочулар да Модинин сапарынын негизги максаты анын быйыл 8-9-июлда, дал ошол күндөрү Украинанын борбор калаасы Киевде Орусиянын ракеталык соккусунан балдар ооруканасы талкаланып, шаардын башка да жерлери кыйрап, адамдар каза болгон учурда Москвага барышы менен жаралган кырдаалды жөнгөрүү экенин белгилеп жатышат.

Моди Кремлдеги сөзүндө бейкүнөө балдардын өлүмгө учуроосу «оор» экенин айтып, Индиянын буга чейин айтып келаткан саясий маселелерди «согуш талаасында» чечүү мүмкүн эмес деген позициясын кайталаган.

Андан да маанилүүсү, Модинин Украинага сапарын Индиянын көп векторлуу “стратегиялык автономия” тышкы саясатындагы бир бөлүк катары кароо зарыл.

Нью-Делинин бул максатка жетүү үчүн коопсуздук жаатында Батыш менен тыгыз кызматташтыкка умтулуусун негизги атаандашы Кытайга каршы чеп деп мүнөздөлгөн QUAD коопсуздук тобун (Австралия, Жапония, АКШ жана Индия мүчө) эске алганда, өтө кылдаттыкты талап кылган чек катары сыпаттаса болот.

Ошол эле кезде Индия Орусиядан курал-жарак жана мунай азыктарын арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн улам аны менен жылуу мамилесин сактап келатканы тарыхый көрүнүш экени белгилүү. Дал ошол себепке байланыштуу Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Индия нейтралдуу позицияны карманып келүүдө. Ал Москваны айыптаган да жок, согушту колдогон да жок, болгону, конфликт диалог жана дипломатия жолу менен чечилиши керек деген көз карашын билдирип келет.

Нью-Дели эгер Орусияны айыптаса, Батыштын Москвага каршы санкцияларына кошулса, Кремлди өзүнөн алыстатып, анын көңүлүн Индиянын негизги атаандаштары болгон Кытай жана Пакистан жакты көздөй тескери каратып аларынан кооптонот.

Индия, ошол эле маалда, Украина боюнча маселеде ды сыртта калууну, андан алыстоону каалабайт. Тескерисинче, өзүн калыс кызыкдар тарап катары көрсөтүүдө. Өтө кылдат тең салмактуулук саясатында Моди Индияны согушту токтотууга умтулган ортомчу катары көрбөй турганын Bloomberg ички булактарына таянып жазды. Анда белгиленгендей, Нью-Дели Путин менен Зеленский ортосунда билдирүүлөрдү жеткирүүгө макул болгон.

Украинанын көз карашынан алып караганда, Bloomberg белгилегендей, Индия Глобалдык Түштүк деп аталган чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн Украинадагы согушка карата же бейтарап мамиледе калышында же Киевге колдоо көрсөтүүсүндө маанилүү роль ойноду.

Моди жана Зеленский быйыл июнь айында Италияда «Чоң жетинин» саммити учурунда жолугушуу өткөрүшкөн. Согуш башталгандан бери эки жетекчи телефон аркылуу да бир нече жолу сүйлөшкөн.

Украин аскерлери Орусиянын Курск облусундагы бир нече калктуу пунктту ээлеп турган учурда уюштурулуп жаткан сапар алкагында Индиянын өкмөт башчысы менен геосаясий маселелер талкууланат, андан тышкары экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болот.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Индия менен Украинанын ортосундагы соода-сатык көлөмү 2021-2022-каржы жылында 3,3 миллиард долларды түзгөн. Бул Индиянын Орусия менен 65 миллиард долларлык жылдык соода жүгүртүүсүнүн бир бөлүгү гана.

Украина Индия менен экономикалык байланыштарын бекемдөөнү, айрыкча айыл чарба, авиация, фармацевтика жана өнөр жай тармагына көңүл бурууну каалай турганын быйыл жыл башында өлкө президенти Зеленский айткан.

Өз кезегинде Индия Украинада өндүрүлүүчү коргонуу продукциясына, өзгөчө учак жана деңиз кыймылдаткычтарына муктаж.

Модинин Украинага сапары ал Москвага барганда Вашингтондун кандай ачуусун жараткан болсо, эми Орусиянын дал ошондой терс реакциясын пайда кылышы ыктымал.

Мында индиялык дипломатиянын негизги милдети эки өлкөнүн тең тынчсыздануусун басуу үчүн жеке билдирүүлөрүн таразалап туруу жана Модинин сапарын кайраттуу жаңы демилге катары көрсөтүү экенин Индиянын мурдагы министри, дипломат Шаши Тарур белгиледи.

"Мунун ишке ашуусу геосаясий триумф болмок. Бирок сапар туура эмес болуп кетсе, Индиянын дүйнөлүк аброюна эсепсиз зыян алып келиши мүмкүн", — деди Тарур 13-августта Project Syndicate уюмуна берген комментарийинде.

Украинага сапар алдында, 22-августта, Моди Киевдин күчтүү союздашы Польшага барат. Бул Индия лидеринин Варшавага 40 жылдан бери алгачкы жолу барышы.

Автор: Драган Ставлянян

XS
SM
MD
LG