Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

"Армяндар кимге керек?": Лукашенконун Ереван менен Астананы кыжырданткан маеги


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун орус мамлекеттик телеканалына курган маеги Арменияда жана Казакстанда нааразылык жаратты. Беларустун Еревандагы элчилигинин алдына чыккандар Минск менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырышты. Ал эми расмий Астана Беларустун Казакстандагы элчисин чакыртты.

Еревандагы нааразылык акциясына чыккандар Беларустун элчилигине жумуртка жана помидорлорду ыргытып, армян бийлигинен Минск менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырышты.

Буга Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун Армениянын Батышка ыктаганы тууралуу айткан сөздөрү түрткү болду.

Лукашенко орус мамлекеттик телеканалына маек берип жатып, Ереван менен Москванын алакалары чыңалып турган маалда Армениянын Батыш мамлекеттери менен достошуп жатканын кескин сынга алган.

“Армяндар кимге керек? Эч кимге. Өздөрүнүн экономикасын өнүктүрүп, ресурстарына ишенсин. Франция эмне экен? Макрон ким экен? Эртең Макрон кеткенде, армяндарды баары унутат”, -деди Лукашенко.

Бул маек обого чыккандан кийин, 21-августта Еревандагы Беларустун элчилигинин алдына батышчыл “Республика үчүн” партиясы акция уюштурду. Лидери Арман Бабажанян каршылык акциясына чыккандардын арасында болду.

"Армениянын демократиялык күчтөрүнүн консультативдик платформасы диктатор Лукашенко кызматтан кетмейинче Беларус менен дипломатиялык алакаларды токтоосуз үзүп турууну армян бийлигинен талап кылат", - деди Бабажанян.

Беларустун Еревандагы элчилигин жумуртка менен ургулап жаткан армениялыктар. 21-август, 2014-жыл.
Беларустун Еревандагы элчилигин жумуртка менен ургулап жаткан армениялыктар. 21-август, 2014-жыл.

Беларустун элчисин өлкөдөн чыгарып, Минск менен алакаларды үзүүгө чакырган петицияга дагы эки партия кол койду. Андан тышкары документти үч батышчыл бейөкмөт уюм колдоду.

“Армениядагы Беларустун элчисин жана Армениядагы беларус дипломатиялык миссиясынын бардык мүчөлөрүн персона нон грата деп жарыялап, аларга Армениядан чыгып кетүүгө үч күн берүүгө чакырабыз", - деп талап кылды Бабажанян.

Май айында Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Орусия башында турган Жаматтык Коопсуздук Келишими Уюмуна мүчө эки мамлекет Азербайжанга 2020-жылы Тоолуу Карабак согушуна даярданууга жардам бергенин айтып чыккан. Маалыматка караганда, Пашинян муну менен Орусия жана Беларусту кыйытты.

Орусия менен Армениянын алакалары былтыр сентябрда Азербайжан отуз жылдан ашуун талаштуу болуп, этникалык армяндардын көзөмөлүндө болуп келген Тоолуу Карабакты өз карамагына алгандан кийин кескин начарлап кетти.

Ереван Москваны Армениянын алдындагы коопсуздук милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн айыптап, Батыш менен тыгыз мамилеге ыктап келет.

Пашинян буга чейин бир нече ирет өлкөсүн Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан чыгарып кетерин эскерткен. Мындан улам Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пашиняндын адаминистрациясы Батыштын көрсөтмөсү менен “орус-армян алакаларын үзүүгө” баратканын билдирди.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын "Россия" телеканалына маек куруп жатат. 15-август, 2024-жыл.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын "Россия" телеканалына маек куруп жатат. 15-август, 2024-жыл.

Лукашенконун маегинен кийин Астана Беларустун элчиси чакыртты

Лукашенконун маеги бир эле Еревандын эмес, Астананын да наарызылыгын жараткандай. Анткени Казакстандын бийлиги Беларустун Астанадагы элчиси Павел Утюпинди “эки өлкө ортосунда курчуп бараткан чыңалуу маалында Казакстандын негизги эл аралык маселелери боюнча позициясын “обьективдүү түрдө” талкуулап алуу” үчүн чакыртканы белгилүү болду.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги буга кандай жагдай себеп болгонун тактаган жок. Бирок бул Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко орус мамлекеттик телеканалдарынын бирине бир катар карама-каршы билдирүүлөрдү жасагандан кийин болду. Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу 21-августта Уцюпин менен жолугуп жатып, Астана “эки эл ортосундагы бардык пикир келишпестиктер саясий - дипломатиялык жолдор аркылуу гана чечилиши керек деген ишеничте экенин” баса белгиледи.

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу жана Беларустун Казакстандагы элчиси Павел Утюпин. 21-август, 2024-жыл.
Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу жана Беларустун Казакстандагы элчиси Павел Утюпин. 21-август, 2024-жыл.

Лукашенко маегинде мурдагы Советтер Союзуна кирген айрым мамлекеттерди “Орусияга адилетсиз мамилеси” үчүн айыптаган. Ал өз сөзүндө Казакстандагы 2022-жылдын башында болгон январь окуяларын белгилей кеткен. Анда президент Касым-Жомарт Токаев өлкөсүнө “террорчулар кол салганын” айтып, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна жардам сурап кайрылган.

“Биз бир болушубуз керек. Жакында Орусиядан жардам суроо убактысы келет. Башка кимге кайрылат. Казакстандагы окуялар маалында кимден жардам сурашты? Кытай, Индия, Пакистанданбы? Жок. Путинге кайрылып, анан биз ал жакка [ЖККУнун] аскерлерин жөнөтүп, тартип орнободубу”, - деди Лукашенко.

Анын маеги украин армиясы Курск облусуна украин куралдуу күчтөрү кирип барган тушта обого чыкты. Бул операция Москва ЖККУга мүчө мамлекеттерден жардам сурашы мүмкүнбү деген суроону жаратты. Аталган уюмдун катчылыгы азырынча Орусия мындай өтүнүч менен кайрыла электигин билдирген.

XS
SM
MD
LG