Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:40

"Жол бузулуп, машине акты". Арстанбаптагы сел


Арстанбап. ӨКМ тараткан сүрөт.
Арстанбап. ӨКМ тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Арстанбаптагы сел тогуз үйдүн короосуна киргенин, 23 машинени агызганын билдирди.

Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында 23-июлда үрөй учурган сел жүрдү.

Бууркандап, ылайланып кирген суу 23 машинаны агызып кеткен. Тогуз үйдүн короосун, бир тамдын жертөлөсүн, оорукананы, дүкөндү суу каптаган. Андан тышкары беш көпүрө, бир чакырым ички чарбалык жол бүлгүнгө учураган.

"Машинем жарабай калды"

Арстанбапка небересин көрүү үчүн келген Жоомарт Арзыкуловдун автоунаасы селге туруштук бере албай агып кеткен.

"Кочкор-Атадан лагердеги неберемди көрүү үчүн келгем. Балдар "курсак ачты, чай ичебиз" дегенинен токтоп турганбыз. Аңгыча сел келип, машинени агызып кетти. Неберелерди үстүңкү кабатка чыгарып жибердик. Суу тизеден өйдө көтөрүлдү. Аялымды жетелеп, араң чыгып кеттик".

Жоомарт Арзыкуловдун суу алып кеткен автоунаасы учурда айыл ичинде ылайга тыгылып турат.

Айыл тургуну Толибжон Ханимкулов мындай катуу селди биринчи жолу көргөнүн айтты:

"Эки тараптан сел каптаганда үйдө ондой коногум жана балдарым менен аялым бар болчу. Эптеп качып чыктык. Коноктордун биринин колу сыйрылды. Бул жертөлөгө толгон сууну кечээтен бери ӨКМ кызматкерлери тазалап жатат. Анда оокаттарыбызды сактачубуз. Сел илгери бир жүргөн. Бирок, мынчалык коркунучтуу болгон эмес".

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кырсыктан кийин Арстанбаптагы жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

“24-июлда эртең менен Арстанбапты бир сыйра байкап чыктык. Ушул жерде тогуз үйдүн короосуна, бир жертөлөгө суу кирген. Авариялык абалдагы имарат жок. Жарандык коргонуу комиссиясы ишин баштады. Андан тышкары борбордук ооруканага селдин суусу толуп калган. Ал жерде жаткан 11 бейтап үйүнө чыгарылып, төртөө башка бөлүмгө которулду. Учурда ички чарбалык жолдорду тазалоо иштери уланып жатат. Жарандык коргонуу кызматынын техникалары тартылды. Андан тышкары ички чарбалык беш көпүрө жабыркаптыр. Жабыркаган, каза болгон адамдар жок”, - деди Шамырканов.

Баштапкы маалыматка караганда, 23-июлда Базар-Коргондун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөрдөн кийин кокту-колоттон жүргөн кыян ички жолду каптаган.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамына кооптуу абалга байланыштуу эскертүү жарыяланган.

Арстанбап айылында көзөмөл жүргүзүүгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдулнасир Закиров жөнөп кеткени кабарланган. Андан тышкары Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

"Жерине Арстанбап айыл аймагынан төрт экскаватор, эки жүктөгүч, бир самосвал, Жалал-Абад шаардык №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, эки мотопомпа, Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн тогуз куткаруучу, эки мотопомпа, Ноокен райондук ӨКМ бөлүмүнөн алты куткаруучу эки мотопомпа, Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнөн 22 куткаруучу, бир мотопомпа жалпы 77 куткаруучу, жети мотопомпа тартылды", - деп билдирди ӨКМ.

Арстанбапта сел 23 машинени агызды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00

Ноокат, Аксыдагы сел

23-июлда Ош облусунун Ноокат районунда нөшөрдөн кийин Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан кыян жүрүп эки боз үйдү, Тельман-Кара-Кой чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, жол жабылганы айтылган.

Андан тышкары Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 19-чакырымында сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган. Ал жерге №26 жол тейлөө кызматынан жүктөгүч тартылып, жол 12:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу ачылды.

Ага чейин, 20-июлда Аксы районундагы Кезарт каналындагы суу жамгырдан кийин ташып, Кара-Суу дарыясы кирген.

Мындан улам Кара-Камыш жана Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө сел жүрүп, 40тай үйдүн короосун сел каптаган. Төрт чакырым ички чарбалык жол зыян тарткан.

Сел жүргөн Кара-Камыш айылынын тургуну, беш балалуу Таттыбүбү Нурмамбетова экинчи жолу каптаган селден үйү жараксыз абалга келгенин айткан.

"Эшиктерим ачылган бойдон калды. Эч бир буюмду алып чыга албай калдык. 25-майда да сел жүргөн. Анда да үйдүн ичине ылай кирип, жарабай калган. Бирок эки бөлмө үйдө жашап жаттык эле. Кечээги селде үйдү дагы суу каптады. ӨКМдин кишилери келип көрүп кетти. "Жарабай калыптыр, жашаганга болбойт" дешти".

ӨКМ тараткан сүрөт. 2024-жыл.
ӨКМ тараткан сүрөт. 2024-жыл.

Сел коркунучунан улам Ири-Булуң жана Кара-Суу айылында 56 үй-бүлө эвакуцияланып, эртеси 21-июлда үйүнө кайтышкан.

14-июлда нөшөрлөп жааган жаандан Ош облусунун бир катар аймактарында жүргөн катуу сел беш кишини агызып кеткен. Бир аялдын сөөгү Өзбекстандан табылган. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары болгон.

Расмий маалыматка караганда, быйыл Кыргызстанда 230дан ашуун сел жүрүп, 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды.

Кыргыз өкмөтү селден каза болгон 25 адамдын үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон жардам бөлүнөрүн, табигый кырсыктан турак жайы бузулуп, кооптуу деп табылган жарандарга дагы 1 миллион сомдон бериле турганын билдирген.

Ал эми үйү капиталдык оңдоону талап кылган тургундардын ар бирине 500 миң сомдон, Ош шаарынын борбордук базарында кырсыктан жапа чеккен соодагерлерге 100 миң сомдон бөлүү тапшырмасы берилген.

Кырсыкты кантип алдын алса болот?

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, нөшөрлөп катуу жамгыр жаап, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.

Ош мамлекеттик университетинин Тоо экосистемасын коргоо жана жашыл инновациялар борборунун директору, география илимдеринин кандидаты, доцент Абдижапар Аккулов "Азаттыкка" курган маегинде жаратылыш кырсыктарынын көп болуп жатышын климаттын өзгөрүшүнө байланыштырган.

"XXI кылымда климаттын планетардык масштабда өзгөрүп жатканын адистер айтып да, көргөзүп да келет. Андай өзгөрүүдөн биз четте кала албайбыз. Тоолуу өлкө катары климаттын өзгөрүүлөрүнө өтө сезимтал келебиз. Жылдык жаан-чачындын нормасы быйыл жаз-жай айларында өтө жогору болду. Бул жайкысын жылуу аба массалары Атлантика океанынан бери Жер Ортолук деңизинин үстү менен Фергана өрөөнүнө түз эле кирип келип жатканына байланыштуу. Мына ошол Атлантика багытынан булуттар ушунчалык калың нымдуулукту алып келүүдө", - деген Аккулов.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов алдын алуу иш-чараларын көрүүдө өкмөт демилге көтөрүп, тийиштүү каражаттарды бөлүп бериши керектигине токтолгон:

"Акыркы жылдары өкмөт биздин изилдөө иштерине көп көңүл бурбай жүрөт. Климат өзгөрүп жатат, нөшөрлөгөн жамгыр көп жаайт. Буга даярданып, алдын ала билиш керек, атайын программа түзүлүшү керек. Аны ишке ашырууга өкмөт жардам бериши керек. Мурда атайын илимий изилдөө өткөрчү элек. Азыр селге каршы дамбаларды кайсы жерлерде куруш керектигин аныктаган пландарды түзүү зарыл. Ал бир-эки күндө же бир-эки айда бүтүп калчу жумуш эмес. Буга жок дегенде бир-эки жыл талап кылынат, ага даярданып, анан өкмөткө сунуштарыбызды беришибиз керек. Сел өзүнөн өзү эле пайда болбойт. Эң ириде талаа-түздө өсүмдүк, бак-дарак болбосо ошондо пайда болот. Тилекке каршы, азыр айылдарда муну көп ойлонбой калышкан. Чөптү мал тепселеп салган. Ошондуктан мамлекеттик программа түзүлүп, ага бир топ каражат бөлүнүшү керек. Өкмөт ар бир айыл өкмөткө, районго карта, план түзүп, аны таркатышы керек".

Быйыл Кыргызстандан башка дагы дүйнөнүн булуң-бурчунда сел баштаган табигый кырсыктар көп катталууда.

Окумуштуулардын эсебинде Жер шарында индустриалдык доордон бери абанын глобалдык температурасы 1,3 градуска көтөрүлгөнүн айтышууда. Алар дүйнө калкы глобалдык жылуулукту чектей албаса, экстремалдуу суу ташкындардын саны өсөрүн эскертишет.


Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, абанын температурасы 1,5 градус Цельсияга көтөрүлсө, 10 жылда бир катталган нөшөрдөн ар бир он жылдыкта 1,5 эсеге көбөйөт.

Европа комиссиясына караштуу Илим жана билим кызматынын Бирдиктүү изилдөө борборунун эсебинде, эгер кандайдыр бир чара көрүлбөй температура индустриалдык доорго чейинкиден үч градуска көтөрүлсө, 2100-жылы суу ташкын Европаны жылына 48 миллиард долларлык зыянга учуратышы мүмкүн.

Адам өмүрүн кыйган сел. Табият өч алуудабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:11 0:00

XS
SM
MD
LG