Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:51

"Израил түрмөсүндө радикалдашкан". ХАМАСтын жаңы саясий лидери ким?


ХАМАСтын саясий канатынын жаңы лидери Яхья Синвар.
ХАМАСтын саясий канатынын жаңы лидери Яхья Синвар.

Исмаил Ханиянын ордуна АКШ менен Евробиримдикте тыюу салынган ХАМАС радикал тобунун саясий лидери болуп жаңы дайындалган Яхья Синвар ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга даяр. Бул тууралуу ал египеттик жана катардык ортомчулар аркылуу Израил тарапка билдиргенин CNN телеканалы кабарлады.

Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобун жок кылмайынча согушту токтотуу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эместигин билдирип келген. Яхья Синвар деген ким? Ал Газада жашырынып жүрсө, ХАМАСты кантип башкарат?

ХАМАС радикал уюму Египет, Катар жана АКШнын тынчтык макулдашуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жандантуу сунушуна жооп кайтарды.

Сүйлөшүүлөрдү жандантуу менен тараптар радикал топтун саясий канатынын лидери Исмаил Ханиянын өлүмүнөн кийинки чыңалган кырдаалды жумшартуу аракетин көрүшүүдө.

CNN телеканалы Израилдеги өз булактарына таянып кабарлагандай, Яхья Синвар элдешүүгө даяр экенин кыйыткан.

“Азырынча Израилдин өкмөт башчысы муну каалайбы, жокпу, белгисиз”, - деп тактады телеканал.

Америкалык телеканалдын булактарынын айтуусуна караганда, Нетаньяху макулдашууга даяр. Анткен менен Израилдин бир катар аскердик мекемелери буга анча көңүлдөнбөй турат. Маселен, каржы министри Бецалель Смотрич ок атышууну токтотууга караманча каршы.

Маалыматка караганда, радикал топ “АКШ президенти Жо Байдендин сунушунун негизинде түзүлгөн пландын кабыл алынышын көздөйт”.

6-майдагы сунушка ылайык, Газадагы хамасчылардын барымтасындагы туткундар жана Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиндер бошотулушу керек. ХАМАС 2002-жылдан бери түрмөдө отурган лидерлеринин бири Марван Баргутинин бошотулушун каалайт.

Бул макулдашуу планын ХАМАС жактырганы менен, Израил четке кагып, өз шарттарын киргизген. Ошентип, июль айындагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Ал эми өткөн аптада АКШ, Египет жана Катар Израил менен ХАМАСтын өкүлдөрүн 15-августта сүйлөшүүлөрдү жандантуу үчүн Каирде же Дохада жолугушууга чакырышты.

ХАМАС радикал тобу бул чакыруу менен таанышып жатканын билдирди. Таханын айтымында, азырынча “Израилдин оккупациясы гана тоскоолдук жаратууда”.

Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ХАМАС толук жок кылынмайынча ок атышуу тууралуу эч кандай макулдашууга барбастыгын билдирип келген. Анткен менен өткөн жумада Израил жолугушууга өз өкүлдөрүн жөнөтөрүн маалымдады. 12-августта Британия, Франция жана Германиянын лидерлери сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырышты.

Яхья Синвар ким?

Израилге 7-октябрда жасалган кол салуунунун архитектору деп боолголонгон Яхья Синвар Иран менен тыгыз байланышта экени белгилүү. Ал 6-августта ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп дайындалды. Ага чейин бул кызматты ээлеп келген Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн.

Хания дагы Ирандын жогорку даражадагы расмий адамдары менен тыгыз мамиледе болгон. Анын ордуна дайындала турган талапкерлердин катарында ХАМАСтын саясий бюросунун мурдагы башчысы Халед Машал жана Хания менен абдан жакын болгон, таасирдүү фигура Халил аль-Хайя да бар эле.

2017-жылдан бери ХАМАСтын Газадагы башчысы болуп келген Синвардын дайындалышы көптөр үчүн күтүүсүз болгонун аналитиктер белгилешет.

“Палестин иштери боюнча эксперттердин бири да, өзгөчө Израилде Ханиянын ордуна Синвар келет деп ойлогон эмес. Синвардын жаңы лидер болушунун негизги себепкерлердин бири - Иран”, - дейт израил-палестин алакаларына адистешкен Тель-Авивдеги Улуттук коопсуздук иликтөөлөр институтунун илимий кызматкары Йоханан Цоррефф “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде.

ХАМАСтын саясий канатынын мурдагы лидери Исмаил Хания жана азыркы башчысы Яхья Синвар. 26-июнь, 2019-жыл.
ХАМАСтын саясий канатынын мурдагы лидери Исмаил Хания жана азыркы башчысы Яхья Синвар. 26-июнь, 2019-жыл.

Синвар Катарда уюмдун саясий бюросунун эки күндүк талкуусунан кийин дайындалды.

Цореффтин айтымында, Сирия президенти Башар Асаддын 2011-жылкы Араб жазы маалындагы сындаганы Ирандын жогорку жетекчилигинин арасында Машалдын аброюн жоготкон.

Серепчинин баамында, Машал уюмдун лидери болуп калса. Иран ХАМАСка колдоо көрсөтмөк эмес.

Анткен менен Синвар Газадан чыга албай, согуш башталганы жашырынып жүрөт. Азырынча анын коом менен байланышуу мүмкүнчүлүгү абдан чектелүү.

“Мен ал же ХАМАС Иран менен дагы жакындашат деп күтпөйм. Азырынча алакалар мурдагыдай эле калса керек”, - дейт Белгиядагы Эл аралык кризис тобундагы Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директору Йост Хильтерманн.

Израил түрмөсүндө радикалдашкан Яхья Синвар

Өз тарапташтарынын арасында Абу Ибрагим деген ысым менен белгилүү 61 жаштагы Синвар Газа тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы качкындар лагеринде туулган.

Анын ата-энеси, Ханиянын ата-энесиндей эле 1948-жылы араб-израил согушунун маалында Ашкелон шаарынан качып келген. Дал ошол согуштан кийин Израил мамлекети түзүлгөн.

Синвар 1987-жылы ХАМАСка ал түзүлгөндөн көп өтпөй кошулуп, анын алкагында “Аль-Мажд” тобун негиздеген. Бул топтун башкы максаты ичтеги жөөт чалгынчыларын аныктоо болгон. Синвар мыкаачылыгынан улам “Хан-Юнистен чыккан касапчы” деген атка конгон.

Синвар бир нече жолу израил аскерлерин колуна түшүп, ар кандай кылмыштары үчүн, анын ичинен эки жоокерди өлтүргөнү үчүн бир нече ирет өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 20 жылдан ашуун Израилдин түрмөлөрүндө отурган.

"Синвар көптөгөн палестин туткундарындай эле Израилдин түрмөлөрүндө катуу радикалдашкан”, - дейт Хилтерманн. Ал кошумчалагандай, Синвар камакта жатканда иврит тилин өздөштүргөн. Бул ага Израилдин лидерлеринин ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө өбөлгө түзгөн.

ХАМАСтын саясий канатынын лидери Яхья Синвар. 2-октябрь, 2017-жыл.
ХАМАСтын саясий канатынын лидери Яхья Синвар. 2-октябрь, 2017-жыл.

“Синвар - чындап катуу киши. Ал мерез, таш боордук жагынан Израил лидерлерине окшош”, - дейт Хилтерманн.

Түрмөдө отуранда Синвар эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып козголоң уюштуруп, ал жактагы палестиндердин лидерине айланган.

Хилтерманн кошумчалагандай, анын камакта топтогон тажрыйбасы 7-октябрдагы чабуулду уюштурууга жана ХАМАСты жетектөөгө жакшы жардам берди.

Былтыр күздө хамасчылар Израилден конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алып кеткен. Бул чабуул Израилге Газадагы аскердик операциясын баштоого түрткү болду. Он айдан бери ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкеде 40 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Синвар түрмөдөн 2011-жылы Израил менен ХАМАСтын ортосундагы туткундарды айырбаштоо жараянын алкагында бошотулган. Анда бир израилдик аскер үчүн Тель-Авив 1000дей палестин туткунун азат кылган.

Эркиндикке чыккандан көп өтпөй Синвар Ханияны Тегеранга коштоп барып, Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи менен жолуккан. Синвар Ханиянын ордун басканы жарыяланган соң Хаменеинин X социалдык түйүнүндөгү аккаунтунда 2012-жылкы Синвар менен жолугушуунун видеосу жайгаштырылды.

“Эгер Синвар Газадан чыгып кетсе, палестиндер аны чөгүп бараткан кемеден качкан капитандай сынга алышмак”, - дейт Хилтерманн.

Израил армиясынын маалымат катчысы Дэниел Хагари 7-октябрдагы чабуулдан кийин аны “өлүк” деп атаган. Синварды жок кылуу - ЦАХАЛдын башкы приоритеттеринин бири.

Генерал-лейтенант Герци Халеви 7-августта анын аскерлери Синварды жок кылып, ХАМАСты саясий бюронун башчысын дагы бир алмаштырууга аргасыз кыларын билдирди.

("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Киян Шарифинин макаласында негизинде жазылды)

XS
SM
MD
LG