Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Чуңкурчактагы окуя: Экстремалдык туризмдеги коопсуздук маселеси


Cүрөттүн окуяга тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Cүрөттүн окуяга тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Бишкектин четиндеги Fly Jump комлексинде адам өмүрүн алган кырсык экстремалдык туризмдеги коопсуздук маселесин көтөрдү. Адистер бул окуяны эс алуунун мындай түрүн солгундатууга алып келиши ыктымал дешет.

Чүйдүн Аламүдүн районунда 6-июлда аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы киши набыт кетти. 25 метр бийиктен кулаган адамга медициналык жардам көрсөтүүдөн майнап чыккан жок. Окуя Чуңкурчак капчыгайындагы Fly Jump комлексинде болгон.

Бул окуядан кийин аталган эс алуу жайынын ээси, 28 жаштагы жаран кармалганын Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү") менен кылмыш ишин козгоду.

Азырынча "Азаттык" Fly Jump эс алуу жайынын адистеринен же кармалган жарандын адвокатынан комментарий ала алган жок. Алардын ой-пикирине орун берүүгө даярбыз.

Альпинизм федерациясынын вице-президенти Илим Карыпбеков жана туризм тармагындагы адис Максат Дамир уулу экстремалдык туризм жана коопсуздук маселесинде ой бөлүштү.

Сүрөт Fla Jump эс алуу жайынын Инстаграмдагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Fla Jump эс алуу жайынын Инстаграмдагы баракчасынан алынды.

Карыпбеков: Fly Jump комплекси дүйнө жүзүндө популярдуу болгон экстремалдык көңүл ачуучу жай катары белгилүү. Бул - спорт эмес. Адреналин алгысы келген адамдардын көбү ошол жерге барып секиришет. Мен билгенден мындай жер Кыргызстанда экөө. Биринчиси түштүк аймакта деп уккам. Бирок ал иштейби же жокпу, маалыматым жок. Ал эми Fly Jump бишкектиктер арасында өтө популярдуу болуп жатканына 5-6 жыл болуп калды. Жаңы ачылганда мен да барып секиргем. Мен альпинизм менен алектенгендиктен, секирерден мурда бардык коопсуздук чараларына көңүл бургам. Жиптери жаңыбы, кепилдиги кандай деп кызыккам. Ал учурда секирип жаткан адамга негизги аркандан тышкары, дагы эки кепилдик арканы байланат эле. Үч аркан тең бышык болчу. Кийинчерээк дагы бир жолу барганда тажрыйбасы жок, жаш балдар эле иштеп жүргөнүнө күбө болгом. Мен тааныган альпинисттер жок болчу иштегендердин арасында. Ошентсе да, мен ал жакта жиптерди альпинисттер байлап беришсе керек деген үмүт, ишеним болгон.

- Бул окуяда ошол үч жип тең үзүлүп кеткен болушу мүмкүнбү? Же коопсуздук чараларына көңүл бурулбаганынын натыйжасы болдубу?

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

Карыпбеков: Албетте аскадан секирүүдө адам өмүрүнө кепилдик берилиши керек жана жагдайды такай көзөмөлдөгөн адистер иштеши зарыл. Кантип үч жип тең үзүлүп кетти деп мен дагы таң калып жатам. Үч аркан тең бир маалда үзүлүп кетиши мүмкүн эмес. Негизги аркан бекем ташка байланат же адамды көтөрө турган казык кагылып, ошого байланат. Эмнеге үзүлүп кеткен болушу мүмкүн? Жиптер жакшы каралбай, чирип калган болушу мүмкүн. Анткени, үч жиптин тең үзүлүп кетиши миңден эмес, миллиондон бир болушу ыктымал. Биз - альпинисттер деле тобокелдикке салып, аркан менен аскаларда жүрбөйбүзбү. Бизде да бир канча кепилдик казыктары болот, анын баарынын ишеничтүү экенине ынангандан кийин аттанабыз. Кырсыктар көбүнчө кепилдик аркандарынын же казыктардын үзүлүп кетишинен эмес, кайдыгерликтен болот. Мисалы, аркандар сүрүлүп отуруп же күнгө күйүп чирип калышы мүмкүн. Ар бир аркандын иштөө ресурсу болот, ал түгөнүп калышы мүмкүн. Аны дыкат карап туруш керек. Бул - чоң жоопкерчилик. Ага кылдат мамиле жасашы керек.

- Эс алуу жайларындагы коопсуздук чараларын ким көзөмөлдөшү керек?

Максат Дамир уулу
Максат Дамир уулу

Дамир уулу: Негизи мамлекетибизде ушул өңдүү оюн-зоок же эс алуу жайлары көп болгону жакшы. Андай жерлер туристтердин көңүлүн тартат, кызматтардын саны көбөйүп, мамлекетке түшкөн акчанын көлөмү көбөйөт. Бирок, кайдыгерликке жол бербей, эл аралык талаптарга шайкеш келген, айрыкча ушундай экстремалдык кызмат көрсөтүү жайларына стандарттарды киргизип, талаптарды катуу коюш керек. Буга бизнес дагы, эл дагы даяр болушу кажет. Былтыр Бостериден аквапарктын насосу бир туристти соруп кетип каза тапкан. Тоодо экстрим спорттору менен алектенип жүрүп, каза тапкандарды угуп жүрөбүз.

Карыпбеков: Кыргызстанда андай жайлардагы коопсуздук чараларына эч ким көңүл бурбайт. Бизде андай шарт дагы, эреже дагы жок. Аркандар жаңыландыбы, казыктар бекемби, эч кимдин иши жок. Керек болсо, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине аркан менен кандай иштегенди, аскаларда кандай жүрүүнү Альпинизм федерациясынын адистери үйрөтүшөт. Музга кантип чыгыш керектигин, жарга кантип чыгыш керектигин үйрөткөн мектеп жок. Экстремалдык багытта иштеген адис деп сертификат же лицензия берчү орган да жок.

- Ишемби күнкү окуя экстремалдык туризмге байланыштуу кемчиликтерди жоюуга түрткү бериши мүмкүнбү же тоо-ташта эс алууну солгундатабы?

Карыпбеков: Менин оюмча жыйынтык чыгарышат. Бирок кандай жыйынтык чыгарылат, аны билбейм. Эң оңой жолу деп аны жаап салган кадамга барышпаса болду. Адашпасам, мындай кырсык ал жерде биринчи жолу болду. Күнөөлөп, кайдыгерликтин кесепети деп коё бериш да оңой. Окуяга эмне себеп болгонун тактап, иликтеш керек. Альпинизмде бир эреже бар - бир сезондо колдонулган аркан кийинки жолу иштетилбейт. Жаңы көрүнүп турса да ал арканды ыргытат. Бизде эрежелерге баш ийүү жок. Жапайычылык, кенебестик да бар тилекке каршы.

Дамир уулу: Бул окуя тоо-таш туризмине болгон кызыгууну кыска мөөнөткө солгундатышы мүмкүн. Мамлекет ыкчам чара көрүп, ушуга окшогон кызматтарды тезинен инвентаризациялашы шарт. Анан элге, чет элдиктерге коопсуз шарт түзүлгөнүн расмий жарыялашы кажет. Антпесе, адам өлүмү менен коштолгон бул окуя узак мөөнөттө дагы кедергисин тийгизиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG