Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

Украинадагы согуш: Путиндин курулай “ультиматуму” анын дүрбөлөңгө түшкөнүн айгинеледи


Орусиянын президенти В.Путин. 14.6.2024.
Орусиянын президенти В.Путин. 14.6.2024.

Өткөн аптанын жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согуш боюнча “тынчтык сунушун” айтымыш болуп, иш жүзүндө мурдагы курулай коркутууларын кайталады. Эл аралык коомчулук анын “ультиматумун” БУУнун Жобосуна карама-каршы рухтагы коркутуу катары четке какты. Тарыхчынын блогу.

2024-жылдын 14-июнунда Орусиянын президенти Владимир Путин Украиналагы согуш жаатында өзүнүн “тынчтык сунушун” айтып чыкканда, албетте, анын сунуш киргизүү күнү бекеринен тандалган жок.

Эртеси күнү Швейцариянын Бургеншток курорт жергесинде Украинадагы болочокку тынчтыктын көйгөйлөрү талкууланган эки күндүк эл аралык жыйын башталган жаткан. 80ден ашуун мамлекеттин (анын ичинде көптөгөн таасирдүү өлкөлөрдүн жана Чыгыш Европага коңшулаш мамлекеттердин) өкүлдөрү катышкан бул эл аралык шеринеге баскынчы тарап – Орусия чакырылган эмес.

Владимир Путин Украинадагы согуш боюнча “тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого мүмкүндүк жаратчу” өзүнүн өзөккү талабы катары, иш жүзүндө, расмий Киевдин расмий Кремлге дээрлик багынып бериши керектигин айтып чыкты.

Орусиянын президенти азыркы тапта өз баскынчы аскерлери көзөмөлдөп жаткан аймактардан тышкары Украинанын чыгышындагы айрым жарым-жартылай басып алынган облустардын басып алынбаган аймактарынан дагы украин аскерлери чыгып кетүүсү керек, деген талабын койгону далай замандаштарды өзгөчө таң калтырды жана алардын кыжырын кайнатты.

Даректүү тасма. “Евроньюс” каналы В.Путиндин ультиматумун чагылдырды. 14.6.2024.

Украинадагы баскынчыл согушту жүргүзүп жаткан В.Путиндин баскынчыл маанайдагы "тынчтык сунушу", албетте, дүйнөдө курч сын пикирлерге кабылды.

Бул сунуш 1943-жылдын башында Сталинградды камалап жаткан Адолф Гитлер расмий Кремлге кайрылып: "Эми мындан ары тынчтыкта жашайлычы, Кызыл армия биз ээлеп калган аймактардан жана ал аймакка жанаша жаткан биз азырынча ээлей албай жаткан райондордон дагы партизандарды жана Кызыл армиянын жоокерлерин түгөл чыгарып кетсин, анан тынчтык келишимин түзүүгө өтөлүчү", – дегендей курулай коркуткан кебине окшоп калды.

Албетте, тарыхта Гитлер 1943-жылы андай сөз айткан эмес деңизчи.

Бирок Адолф Гитлер 1942-жылы 8-ноябрда Мүнхен шаарындагы айтылуу “Лөвенбройкеллер” пивоканасында диктатор катары мактанып чыгып сүйлөгөндүгү, анын сөзү “сталинграддык сөз” катары тарыхта калгандыгы маалым.

Ал өзү “мына-мына Советтер Биримдиги жеңилет” деген ишеничте турган жана нацисттер карата элек советтик аймактарды да өз ээлигине кирип калгандай сыпаттап, текеберлик кылган:

“Эгерде Сталин мырза (герр Сталин), болжолу, биздин борборду көздөй сокку ура турганыбызды күткөн болсо, ал эми мен болсом, ал жакка чабуул жасоону таптакыр каалабадым; бул, бирок, герр Сталин ошондой деп жоромол кылып ойлогондуктан эмес болчу, анткени мен үчүн (анын жоромолу) анчалык деле маанилүү эмес болчу. Мен Эдил (Волга) боюна, болгондо да так бир жерде, анык бир шаардын жанында кирип баргым келди. Ушундай кокустук менен ал (шаар) Сталиндин ысымын алып жүрөт, бирок мен ал жакка дал ушул себептен улам жиреп кирүүгө умтулупмун деп эч ойлобогула. (Залдагылардын күлкүсү).

Чындыгында бул шаар каалагандай аталышка ээ боло алмак. Бул (шаардын) өзгөчө мааниси мындайча: ал – маанилүү тогуз жолдун тоому... Украинанын эбегейсих кеңирсиген дубандарынан жана Кубан жергесинен бардык буудай ошол жерге агып келип, андан ары түндүк тарапка ташылып турчу...

Мен ушулардын баарын каратып алгым келди. А сиздер билесиздер го, биз жөнөкөй гана кишилербиз, бизге көп нерсенин кереги жок, биз ушуну каратып алууга жетиштик; каратылып алына элек азганактай гана чакан жайлар калды...”

Гитлер дагы өзү карата албай жаткан жерлерди “мына-мына эми басып алам” деп эрдемсиген учурду эми тарыхта келкелеп эскеришүүдө.

1943-жылы 2-февралда аяктаган Сталинград салгылашуусунун натыйжасында нацисттик негизги армия жана аларга так теке болгон үч өлкөнүн армиялары ойрон болгон.

Ал эми бүгүнкү согушчан диктатор Путин болсо өзү карата албай калган аймактардан дагы украин аскерлери чыгып кетиши керек деген курулай "ультиматумду" айтып чыгып, дагы бир жолу күлкүгө калды.

Украинанын президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк орус президентинин бул сунушун жарамсыз далбаса катары сынга алды.

Даректүү тасма. Михаил Подоляк Орусиянын президентинин “тынчтык сунушу” тууралуу. 15.6.2024. (2:50–5:11-мүнөттөр).

15-июнда өз маектеринин биринде Михаил Подоляк мырза мындай сунушту эки жылдан бери улантылып жаткан согуштун азыркы кырдаалында психикалык жактан мандеми бар гана киши айтышы ыктымал, деди.

Подоляктын оюнча, бул курулай ультиматум далаалаты президент Путиндин Түндүк Кореяга сапарга чыгаарынын алдындагы түндүк кореялык режимге жаккандай тейде айткан каадаланган үгүт сөз болуп саналат.

Бургеншток курорт жергесиндеги саммиттин катышуучулары дагы Путиндин Украина жаатындагы “сунушун” четке кагышты.

Нидерланддардын өкмөт башчысы Марк Рүтте (Mark Rutte) мырза болсо 15-июнда өзүнүн мындайча пикирин англисче ортого салды:

“Путиндин бул кечээки келесоолук тынчтык сунушу менен чыгышынын өзү эле анын айдан ачык эле дүрбөлөңгө түшүп жатканын айгинелеп турат.

Демек, бул - жакшы кабар”, – деди Рүтте мырза.

АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Путиндин “сунушун” сынга алып:

“Бул – БУУнун Жобосуна (Уставына) карама-каршы келет, бул – негизги адеп-ахлакка каршы келет, бул – акыл-эстин эң жөнөкөй түшүнүгүнө да сыйбайт”, – деп 16-июнда кескин оюн билдирди.

Швейцариядагы саммитке келген грузин президенти Саломе Зурабишвили айым эгемен Украинанын өз аймагынын бүтүндүгү үчүн согушун кубаттап, толук тилектештигин билдирди.

Ал “X” (мурдагы “Твиттер”) тармагындагы өз барагына 16-июнда мындайча пикирин жазды:

“Грузия Украинанын оор мүшкүлүн бөлүшөт!

Буча (кыргынына) чейин Абхазия болгон.

Украинага каршы согушка чейин Грузияга каршы согуштар болгон.

Биз бул оор кайгыны түшүнөбүз жана Украинанын тынчтык жана аймактык бүтүндүк үчүн күрөшүн колдойбуз”, – деп Зурабишвили айым жазды.

Дүйнөлүк саясатчылар Путиндин азыркы коркутуп-үркүтүүсү менен Орусиядагы империячыл саясатчылардын өтмүштөн калган шовинисттик мурасын да байланыштырышууда.

Швейцариядагы саммитте сүйлөгөн сөзүндө, маселен, Польшанын президенти Анджей Дуда Орусияны “элдердин түрмөсү” деп атагандыгын белгилешүүдө. (Падышалык доордо орусиялык саясатчы Владимир Ленин падышалык Орусияны “элдердин түрмөсү” деп атаган эмеспи).

Британдык блогчу Клэр Фелла (Clare Fella) айым “X” (мурдагы “Твиттер”) тармагындагы өз барагына президент Дуданын видео тасмасынын шилтемесин тиркеди жана мындайча пикир жазды:

“Польшанын президенти Анджей Дуда Швейцарияда өткөн Украинанын Тынчтык саммитинде эң сонун сөз менен чыгып сүйлөдү:

«Улуттардын түрмөсү» деп аталган Орусияда 200дөн ашуун этностук топтор жашайт, алардын көпчүлүгү оторчул ыкмалар аркылуу каратылып алынган.

Европалык ири дөөлөттөрдөн айырмаланып, Орусия эч качан өзүнүн оторчул турумунан ажыраган эмес жана дүйнөдөгү эң ири оторчул империя бойдон сакталып калууда»”, – деп Фелла айым президент Дуданын өзөккү оюн андан ары жайылтты.

Ар кыл саясат таануучу адистер да Путиндин курулай коркутуусу, анын ичинде өзөктүк куралдар жаатындагы сес кылуулары жөнүндө өз пикирлерин ортого салышууда.

Маселен, "Украина призмасы" Тышкы саясат кеңешинин коопсуздук программалары боюнча директору Анна Шелест айым “Америка доошу” үчүн курган маегинде Украинадагы баскынчыл согушта демедеги соуш куралдарын колдонуу аркылуу үстөмдүк кылуу далаалаты майнпсыз аяктаган соң, Путин эми өзөктүк куралдар менен курулай коркут кан сөздөргө байма-бай өтүп жаткандыгын белгиледи.

Шелест айымдын сөзүнө караганда, эгерде Путин өзөктүк куралдар жаатында коркунучтуу чийинден өтүп кетчү болсо, анда ал өзүнүн салттык өнөктөшү болгон Кытайдын дурус назарынан да кол жууп калышы ажеп эмес.

Ал эми Карнеги корунун Орусия жана Европа боюнча программасынын илимий кызматкери Майкл Кофман (Michael Kofman) болсо “керек болсо өзөктүк куралды колдонууга барам” деген куру чечендик сөз, чын-чынына келгенде, Путинге өз өлкөсүнүн ички аудиториясынын айрым катмарларын канааттандыруу үчүн көбүрөөк зарыл экендигин “Америка доошу” маалымат түйүнүнө билдирди.

“Бул (өзөктүк курал жаатындагы куру чечендик) Орусиянын ичиндеги кээ бир кишилердин “Орусия Европанын кайсы бир чакан мамлекетин өзөктүк куралы менен жок кыла алат тура” деген аңдоодон улам “өздөрүн залкар сезип калуусунун” муктаждыгын канааттандырат эмеспи”, – дейт Кофман мырза.

Анын оюнча, орусиялык куралдуу күчтөр путиндик куру чечендикти жүзөгө ашырууга азыркы тапта жарамдуу деле эмес.

Азербайжан сүрөтчүсүнүн карикатурасы. 17.6.2024.
"Чоң жетилик" өкүлдөрүнө: "Эй! Мен да барайын, ал түгүл шарттарым да бар!" Азербайжан сатирик сүрөтчүсүнүн В.Путин тууралуу карикатурасы. 17.6.2024.

Украин сатириктери дагы В.Путиндин 14-июндагы курулай коркутуп-үркүтүүсүн келекелеген сатиралык жана юмордук тасмаларын жарыялашты.

“Квартал 95” студиясынын аткаруучу өнөрпозу жана автору Юрий Великий деген куудул 16-июнда обого чыккан сатиралык тасмасында Владимир Путиндин “ролун” аткарат жана анын “ультиматумун” мындайча шакаба кылат:

Тасма. Путинди келекелөөдөн бир шиңгил. Украин сатирасынан өрнөк. Юрий Великий. 16.6.2024.

– Бул (украиндер) өз аймактарын бизге жөн гана тарттырып ийбестен, уят-сыйытсыздык менен кашайып тырмышып жаткандарын карасаң!" ("(Украинцы) нагло не хотят отдавать свои территории!").

Бул тасмада мындан да ачуу “калемпир” сөздөр бар.

Албетте, Орусиянын диктаторунун баскынчыл саясатын колдогон кээ бир замандаштарыбыз Кыргызстанда деле жок эмес.

Алар, адатта, путиндик куру чечендикти (риториканы) колдонуп, азыркы путиндик режим “англосакстардын дүйнө жүзүндөгү зомбулугуна каршы туруу үчүн эгемен Украинага кол салууга аргасыз болбодубу!” деген сыяктуу шылтоо сөздөрдү айтышат.

Алардан, бирок, “путиндик режим Кыргызстанга да каршы баскынчыл согуш баштаса эмне кылаар элеңиз”, деген суроого: “албетте, катыгын бермекпиз” деп каадаланышат.

Менин байкашымча, кээ бир путинчил кыргыз блогчулар 2022-жылдын 24-февралынан кийинки бир нече ай бою үстөккө-босток жарыялаган жана орусиялык баскынчыл режимди колдогон өз жарыяларын “Фейсбук” сыяктуу барактардан өчүрүп салышты.

Ал эми эгемен Украина – өзүнүн 1991-жылдагы чек арасын толук калыбына келтирүүгө акылуу мамлекет.

Украина – аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча адил максатын аткара ала турган жана аткарууга тийиш болгон эгемен жана демократиялуу жумурият.

Кыргызстандын жана башка борбордук азиялык жумурияттардын бийликтери дагы Украинанын 1991-жылдагы чек арасын расмий таануусун ырааттуу улантууда.

Бул, бир эле учурда, Орусиянын дагы бардык тарыхый коңшуларына карата 1991-жылкы чек арасы таанылат, дегенди туюнтат эмеспи.

Бирок XXI кылымдын алгачкы чейрегинде Орусиянын аймагын зомбулук менен кертип алуу үчүн ага кол салып жаткан эч кандай мамлекет тарыхый сахнабызда көрүнбөйт. Кырдаал тескерисинче болуп жатат...

Путинден кийинки демократиялуу Орусия, үмүтүбүздө, 1991-жылдагы статус-квону ырааттуу колдой турган мамлекет болмокчу.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG