Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Газа: Израилдин талаш жараткан "тактикалык тыныгуусу"


Газанын Хан-Юнис шаарындагы талкаланган мечиттин сыртында отургандар, 16-июнь, 2024-жыл
Газанын Хан-Юнис шаарындагы талкаланган мечиттин сыртында отургандар, 16-июнь, 2024-жыл

Газада Израилдин соккуларынан дагы он кишинин өмүрү кыйылды. Буга чейин Израил Газага гумжардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн 15-июндан тартып "тактикалык тыныгуу" болорун жарыялаган. Изралде миңдеген киши дүйшөмбүдө өкмөткө каршы акцияга чыкты.

Газанын Хан-Юнис шаарындагы оорукана... Умм Мохаммед Далул Израилдин чабуулунан улам жакын тууганынан айрылгандардын бири мындай дейт:

"Алар күнүмдүк оокаттын айынан чыккан эле. Соода кылчу, башка эч нерсе менен деле иши жок болчу. Ракета чабуулуна кабылышты. Эч күнөөсү жок, чынчыл адамдар эле. Балдарды да өлтүрүштү, аялдарды өлтүрүштү".

Дүйшөмбүдө коммерциялык жүк ташыган машиналарды күтүп турган палестин соодагерлерине урулган соккудан кеминде сегиз киши каза болгонун Reuters билдирди.

Газанын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, кечээтен бери жалпысынан 10 киши мерт болду, 73 киши жараат алды.

Газадагы "тактикалык тыныгуу", Израилдеги нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Ал арада Газага жөнөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдын палестин качкындарына жетиши боюнча тараптар эки башка маалымат берди.

Дүйшөмбү күнү Израил Газага гумжардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн 15-июндан тартып күн сайын саат эртең мененки 8ден кечки 7ге чейин "Карем-Шалом" өткөрмө бекетинен Салахеддин жолуна чейинки тилкеде "тактикалык тыныгуу" болорун жарыялады. 11 саат бою ок атылбай турганын, бирок Бириккен Улуттар Уюму бул жолду азырынча пайдалана электигин билдирди.

"Биз ХАМАСты жеңебиз, анын аскердик базасын жок кылабыз деген чечкиндүү аракетибизди уланта беребиз жана гуманитардык жардамдын Газага жетишин да камсыздайбыз. Азыркы тактикалык тыныгуубуздун максаты - эл аралык уюмдардын өз ишин аткаруусуна шарт түзүү жана жардамдын Газа элине жетип жатканын көрсөтүү", - деди Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари.

Ал эми жергиликтүү тургундар жана медицина кызматкерлери Израилдин чабуулдары ал жолду пайдаланууга мүмкүндүк бербей жатканын айтууда.

Изралдин өзүндө миңдеген киши дүйшөмбүдө өкмөткө каршы акцияга чыкты.

Алар ХАМАС барымтада кармап турган жарандар бошотулбай, согуш бүтпөй жатканына нааразылык билдирди.

Ушул эле күнү Израилде былтыр октябрдагы окуядан кийин түзүлгөн согуштук абалдагы өкмөт таркатылганын премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдирди.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израил армиясынын чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына былтыр октябрдагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун айынан сегиз айдан ашуун бул сектордо жашаган палестиндердин 37 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган.

 Газа: Мектепке тийген соккудан ондогон киши набыт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

XS
SM
MD
LG