Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Газа: Сегиз ай эңсеткен эркиндик


Газа тилкесинен барымтадан бошотулгандар: Андрей Козлов, Ноа Аргамани, Шломи Зив жана Альмог Меир-Ян
Газа тилкесинен барымтадан бошотулгандар: Андрей Козлов, Ноа Аргамани, Шломи Зив жана Альмог Меир-Ян

Израил армиясы Газанын борбордук бөлүгүндө атайын операция маалында төрт кишини барымтадан бошотту. Аларды сегиз ай мурун ХАМАСтын (Евробиримдикте жана АКШда террордук деп таанылган) согушкерлери Израилдин аймагынан уурдап кеткен. Палестиндер Нусейраттагы операцияда ондогон киши өлгөнүн билдирди.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) ишембиде барымтадан бошоткондор: 25 жаштагы Ноа Аргамани, 21деги Альмог Меир-Ян, 40 жаштагы Шломи Зив жана 27ге чыккан Андрей Козлов. Алардын абалы “жакшы” экени айтылып, медициналык кароого ооруканага жиберилди.

Cегиз ай "хамасчылардын" барымтасында отурган соң бошотулгандардын бири Андрей Орусиянын жана Израилдин жараны. Ал эки жыл мурун Орусияда аскерге мобилизация башталганда Санкт-Петербургдан Израилге чыгып кеткен.

Андрей Козлов жакындары менен телефондон сүйлөшүп жатат, 8-июнь, 2024-жыл
Андрей Козлов жакындары менен телефондон сүйлөшүп жатат, 8-июнь, 2024-жыл

Андрей былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-кыштактарына кол салганда музыкалык фестиваль өткөн жерде кароолчу болуп кезметте турган. Бул кандуу каргашадан кийин аны туугандары эки апта издешкен. 26-октябрда гана Израил бийлиги ал "хамасчылардын" колунда экенин ырастаган. Ошондон бери өлүү-тирүүсү белгисиз, кабарсыз эле. Jerusalem Post гезити Орусияда жашаган Андрейдин ата-энеси Израилге жол тартканын, алар жекшембинин кечинде барып конорун кабарлады.

Израилдин медиасы Ноа Аргамани туткундан бошонуп келгенден кийин атасы менен жолуккан видеону жарыялады.

Альмог Меир-Ян 7-октярдагы фестивалга досу менен барган. Күтүүсүз кол салуу болгондо алар машинеге чуркап жеткени менен качып кетүүгө үлгүрбөй калышкан. Ал телефон чалып «аткылап жатышат» деп, энесин чексиз жакшы көрөрүн айтып, коштошконго жетишкен.

Альмог Меир-Ян туткундан бошонгондон кийин жакын тууганы менен, 8-июнь, 2024-жыл
Альмог Меир-Ян туткундан бошонгондон кийин жакын тууганы менен, 8-июнь, 2024-жыл

Шломи Зив музыкалык фестивалда күзөттө турган. Израилдин түндүгүндө жубайы менен жашачу.

Шломи Зив барымтадан бошотулгандан кийин дарыгерлер менен сүйлөшүп жатат, 8-июнь, 2024-жыл
Шломи Зив барымтадан бошотулгандан кийин дарыгерлер менен сүйлөшүп жатат, 8-июнь, 2024-жыл

ЦАХАЛдын басма сөз кызматынын башчысы Даниэл Хагари барымтадагылар Газанын борбордук бөлүгүндө «такталган чалгын маалыматтарынын негизинде күндүз жүргүзүлгөн операцияда» эки имараттан табылганын айтты.

Төрт кишинин аман-эсен бошотулганын ишембиде Парижде жүргөн жеринен АКШнын президенти Жо Байден дагы кубаттады.

"Барымтадагыдар толук бошотулуп, ок атышуу токтомоюнча биз ишибизди уланта беребиз. Бул эң маанилүү!" - деди америкалык лидер француз президенти Эмманул Макрон менен чогуу журналисттердин алдында туруп.

“Эки өлкө тең Газадагы Израилдин ХАМАСка каршы согушу чөлкөмгө жайылып кетпеши үчүн жана Израил менен "Хезболланын" тирешин басаңдатууга көңүл бурабыз” - деди Элисей сарайында президент Макрон журналисттерге.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси ишембидеги Нусейрат шаарындагы аскердик операцияда 50дөн ашуун киши набыт болгонун билдирди. ХАМАСтын маалымат кызматы болсо Нусейраттагы качкындар лагерине жасалган чабуулдан кеминде 210 палестиндин каны төгүлүп, 400дөй киши жарадар экенин кабарлады. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Газа тилкесиндеги эки оорукана 70тей сөөк түшкөнүн билдирсе, ага чейин ЦАХАЛдын өкүлү 100дөй киши жабыркаганы тууралуу маалымат берген.

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды.

31-майда АКШ президенти Жо Байден согушту алты аптага токтотуу планын сунуш кылган. Ага ылайык, Израил Газадагы аскерлерин чыгарып кетиши керек болот.

3-июнда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагылар толук бошотулса, ок атууну 42 күнгө токтотууга макул болорун айтты.

Associated Press агенттиги өз булактарына таянып, ХАМАСтын колунда барымтада тургандардын 80и тирүү, 43ү каза болгонун жазды.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын 85% Израилдин чабуулдарынан качып, тилкенин улам бир аймагына барып баш калкалоого мажбур болууда. Газада алты айда 33 миңдей палестин бөөдө өлүмгө кабылса, БУУнун Балдар фондунун эсеби боюнча алты айдагы калабада 13 миңдей баланын өмүрү кыйылды.

Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айыл-шаарларына кол салуусу себеп болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын 100дөн ашууну бошотулуп, Израилдин түрмөлөрүндө отурган 240тай палестинге айырбашталган.

Газа: ХАМАСка берилген сунуш, Израилдин соккусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG