“Талибан” кыймылынын расмий адамдары 22-февралда Газни шаарында адам өлтүрүүгө айыпталган эки киши калың эл чогулган стадиондо атылганын билдирди.
Бул тууралуу “Азаттыктын” ооган кызматы (“Азади”) жазды. Талибдердин Жогорку соту маалымдагандай, аты аталбаган адамдарды мындай жазага тартуу өкүмүн үч сот жана “Талибандын” лидери Молдо Хайбатулла Ахунзада чыгарды. Күбөлөргө стадионго видео же сүрөт тарткан жабдыктарды алып келүүгө тыюу салынды.
Ашынган исламчыл кыймыл бийликке кайтып келгенден бери соттолгон кишини коомдук жерде өмүрүнөн ажыратуунун алгачкы учуру 2022-жылы декабрда Фарах провинциясында катталган. Былтыр июнда Лагман чөлкөмүндө беш кишини өлтүргөн адам да ошондой жазага тартылган.
Талибдер бийликте турган 1996-2001-жылдары мындай тажрыйба кеңири жайылган болчу.
“Талибан” адам укуктарын бузганы, аялдардын билим алуу жана иштөө укугун чектегени үчүн сынга кабылып келет. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек.