Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 62 млн метр кубду түзүүдө. Жазга барып Кыргызстандагы энергетикалык абал кандай болот? Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиядан импорттолгон электр энергиясы кандай келишимдер менен келүүдө?
Ушул кышта Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы өтө курчуп турат. Көзгө басар Токтогул ГЭСибиздеги суунун көлөмү жылдагыдан төмөн экендиги аз келгенсип, Бишкек жылуулук электр борборундагы авария энергокаатчылыкты ого бетер курчутту.
Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев авариялык кырдаалда калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн Казакстандан кошумча жарык импорттолгонун билдирди:
“Биздин Бишкек ЖЭБи шаардын керектөөсүн 50% эле камсыздайт. Калган 50% Нарын ГЭСтер каскадынан келет. Кечки максимумда эч жактан электр энергиясын алчу эмеспиз. Импорттогондо көбүнчө түнкүсүн же күндүзү алчубуз. Авариялык кырдаалда биз дароо эле 200 МВтты жоготтук, ошондо ыкчам реакция кылып, кечки максимум учурунда коңшу Казакстандын системалары жардам берип жатты”.
Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин президент Садыр Жапаров аны толук бойдон модернизациялоо ниетин жарыялады. Мындан тышкары, аткаминерлер шаар ичинде дагы кошумча чакан жылуулук электр борборлорун куруу керектигин айтып келет.
“Азаттыкка” түшкөн маалыматтарга караганда, учурда шаар бийлиги квартал жана үй башчыларына үймө-үй кыдырып, суу ысыткычтар менен аба салкындаткычтарды каттоого алуу тапшырмасын берген. Эки жылдан бери ар бир абонентке 5 жана 10 кВттык чектөөлөр киргизилген.
“Өкмөт стратегиялык каталарды кетирүүдө”
Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 87% гидроэлектр станцияларынан чыкса, 13% Бишкек жылуулук борбору берет. 2023-жылы жалпысынан 13,8 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 13% (1,8 млрд кВт саат) Бишкектеги электр борборго туура келет.
Энергетика министрлигинин алдындагы энергетика боюнча илимий-техникалык борбордун улук илимий кызматкери Мырзатай Султаналиев өкмөттүн кыш чилдесинде жарыкты үзгүлтүккө учуратпоо аракеттери туура багытта баратканын белгиледи. Ошол эле маалда электр энергиясынын тартыштыгын жабууда стратегиялык катачылыктар кетип жатканын айтууда. Каатчылыкты жеңүү үчүн жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү зарыл болуп турат.
“Мында стратегиялык чара көрүлгөн жок. Анткени бүгүнкү күндө электр энергиясынын тартыштыгын жапканга мүмкүнчүлүк жок. Эмдиги жылы деле ушундай абалга кабылабыз. Кубаттуулукту өстүрүш, куруш керек. Ансыз биз эч кандай азыркы абалдан чыга албайбыз. Жылдан-жылга суунун көлөмү аз болууда. Анткени жааган кардын көлөмү аз, климаттык шарт өтө татаал, оор болуп жатат. Мисалы, климаттан, аба ырайы таасир этпеши үчүн бүгүнкү күнү биз башка альтернативдүү электр энергия чыгара турган жактарга өтүшүбүз керек. Ошол маселе каралбай жатат”, - деди Султаналиев.
Кара-Кечеге электр станциясын куруу абалды жеңилдетет”
Кыргызстанда жалпысынан жети ГЭС жана эки жылуулук электр борбору иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу 3 850 МВт сааттан ашуун. Булардан тышкары иштеп жаткан 24 чакан ГЭС бар.
Гидроэлектр станциялардын ичинен эң ириси Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВтка чейин, анын суу сактагычы 19 млрд куб метрге чейин сууну батыра алат.
Токтогул ГЭСинде 5-февралга карата суунун көлөмү 9 млрд 62 млн м3 болууда. Бул көлөм эң кризистик жылдардын бири болгон былтыркы көрсөткүчтөн дагы 113 млн м3 аз.
Бир катар тармактык эксперттер электр кубаттуулугун арттыруунун эң пайдалуу жолу катары Кара-Кечеде жылуулук электр борборун курууну сунуштап келет.
Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Кара-Кечеге жаңы электр станциясын куруу ири көлөмдөгү жана арзан электр энергиясын өндүрүүгө жол ачат деп эсептейт. Анын эсебинде Кара-Кече станциясы 1200 МВт кубаттуулукту берип, алты ГЭСтен турган Токтогул каскады менен Ат-Башы ГЭСинин коштоосунда бүткүл Кыргызстанды 1 сомдук электр энергиясы менен камсыздай алмак. Бул калкка да, өлкө экономикасына да олуттуу пайда келтирет дейт эксперт:
“Азырынча Бишкек ЖЭБи керек. Бирок дагы башка от казандарды куруп, шаар тургундарын туташтырчу болсок, анда экология ого бетер бузулат, наркы дагы аябай жогору. Көмүр болобу, газ болобу, ташып келип жатпайбызбы. Ушунун баары чыгым, аябай кымбат болуп жатат. Бул жардам бербейт. Системдүү түрдө өзгөртүш керек. Биринчиден, ташып келбеш керек, бул логикага жатпайт. Ошондуктан Кара-Кечедеги көмүр кенинин жанына 1200 МВттык жаңы, экологиялык жактан заманбап электр станциясын курса болот. Ал жерде жанынан, 500 метрдей аралыктан “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы өтөт. Ошол линия менен бардык элди камсыздаш керек. Арзан кылып, бир сомдон берсе болот”.
Суу боюндагы Кыргызстан жарыкка муктаж
Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жылдан-жылга өсүүдө. Жыл ичиндеги бардык өндүрүлгөн жарыктын көлөмү 14 млрд кВтка жакын, ал эми колдонуу 17 млрд кВтка жетет. Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун жарыкты импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.
Эксперт Мырзатай Султаналиев Кыргызстан өзүндөгү энергетикалык ресурсту толук кандуу пайдалана албай жаткандыктан, импорттук жарыкты кымба баага сатып алууга мажбур экенин белгиледи:
“Казакстандан алып жатабыз. Ал жакта электр энергия дүң баа менен сатылат. Баасы жогору. Түркмөнстандан алып келген жарыктын баасы деле өзүндө чыгарылгандан көп. Анткени Түркмөнстандан бир баа менен сатып алабыз да, экинчи баа менен Өзбекстандын аймагы аркылуу бизге жеткиребиз. Ал жагына да төлөп жатабыз. Импорттоо маселесин жок кылыш үчүн дагы эле баягы кубаттуулуктарды куруш керек. Эмнеге кубаттуулуктарды кура албай жатабыз? Анткени тариф арзан болуп жатат. Бардык инвесторлор келерде канча жылда кайтарылат, канча акча сарпталат, канча пайда табам деп эсептейт эмеспи. Ошондуктан эч ким курбай жатат”.
Финансы министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, 2024-жылы энергетика тармагын каржылоого бюджеттен 74 млрд сомдой каралууда. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 40,7 млрд сомго көп. Каражаттын 55,8 млрд сому “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармактары” компанияларынын уставдык капиталдарын көбөйтүүгө багытталат. Дагы 7 млрд сому келерки күз-кыш мезгилдерине даярданууга, 2,7 млрд сому бюджеттик насыяларга жана 8,1 млрд сому мамлекеттик инвестициялар программаларына жумшалат.
Кыргыз өкмөтү соңку жылдары өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун арттыруу үчүн чакан ГЭСтер менен күн жана шамал станцияларын курууга көбүрөөк маани берип келет. Расмий эсептер боюнча, Кыргызстанда 88 чакан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар. 2023-жылы жалпы кубаттуулугу 137,5 МВт болгон чакан ГЭСтер курулуп жатканы кабарланган. Нарын, Көкөмерен, Сары-Жаз дарыяларына бир катар ГЭСтер каскаддарын жана Көл кылаасына күн станцияларын куруу үчүн Кытай компаниялары чакыртылган. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна Дүйнөлүк банк 500 млн доллар насыя бермей болгон.