Былтыр айрыкча Чүй облусунда дыйкандар суу таңкыстыгынан кыйла түйшүк тарткан. Өткөн аптада Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард метр кубдан азайып кеткени белгилүү болгон.
Садыр Жапаров былтыр жайында сугат сууга таңкыстык жаралган маалда бул көйгөйдү чечүү үчүн 2024-жылдан тартып сууну суткалык тескөөчү (БСР) жана сууну декадалык тескөөчү бассейндер (БДР) куруларын айткан. Ал соңку маегинде буга байланыштуу тапшырмаларды бергенин билдирди. Бассейндердин куруу коңшу өлкөлөр үчүн дагы пайдалуу болорун айтты.
"Илгерки курулган БСР, БДРлер жакшы каралбай, тазаланбай олтуруп, толуп калган. Ошентип, суу аз топтолуп, сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги дыйкандарга дайыма көйгөй жаратып келген. Быйыл баарын тазалап жатабыз. Андан сырткары, өлкө боюнча жаңы БСР, БДРлерди курууга тапшырма бердим. Бул БСР, БДРлер биринчи кезекте бизден төмөн жайгашкан кошуналар үчүн чоң пайда. Себеби биз сугат мезгилинде агып жаткан сууну талашып калып жатабыз. Эгер биз БСР, БДРлерге кыштын күнү алашалбырт болуп агып жаткан сууларды топтоп калсак, жаздан баштап агып жаткан суу толугу менен кошуналарга агып кирип турат. Тагыраагы, буга чейинки алып жаткан көлөмдөн көбүрөөк суу алышат. Сугат мезгилинде биздин дыйкандар БСР, БДРлердеги сууну колдонушса, кошуналар агын сууну толук колдонушат. Биз келечекте суу талашпай, кыштын күнү пайдасыз агып жаткан сууларды үнөмдөп алуу максатын көздөп жатабыз. Кошуналарга канча суу керек болсо, ошончо суу беребиз", - деген Жапаров.
Ал эми академик Жамин Акималиев коңшу өлкөлөр суу топтоп бергени үчүн Кыргызстандын чыгымдарын кошо көтөрүшү керектигин айтты. Ал расмий Бишкек азыр ушул маселени коюшу керек дейт:
"Суу маселесине көңүл бурулуп жатканы туура. Бирок муну бир-эки жылда чечип коюу кыйын. Себеби кургакчылык жыл сайын көбөйүп жатат. Биринчи кезекте биз колдо болгон сууну туура пайдаланууга көңүл бурушубуз керек. Ушу кезде арыктар тазаланбай, бетон төшөлбөгөндүктөн, суунун 40-50% жер астына сиңип кетип же коңшу өлкөгө агып кетип жатат. Биздин президент сөзсүз коңшулар тууралуу ойлонушубуз керек деп айтты. Ошондой болсо дагы адегенде биз өзүбүздү ойлошубуз керек. Биз легендарлуу парламент кезинде комиссия түзүп, коңшу өлкөлөргө суу топтоп бергенибиз үчүн алар чыгымын кошо төлөсүн деген мыйзам кабыл алып бергенбиз. Ошол мыйзам ушул кезге чейин күчүндө. Токтогул суу сактачынын суусунун 95% коңшу өлкөлөргө кетет. Киров суу сактагычынын 85% Казакстанга кетет. Орто-Токой суу сактагычынын 40% сыртка кетип жатат. Бирок ушуга ага акча албайбыз. Эмне үчүн ушул маселени коюуга болбойт? Биз жогору жактан келген сууну сактап, топтоп чыгым болуп жаткандан кийин, бизден ылдый жактагы кошуналар аны төлөшү керек. Бул деген эл аралык тажрыйба. Азыр ушул маселени кабыргасынан коюп, чечиш керек. Биз эмнегедир коңшулардан чочулап, мамилебиз бузулуп калбасын деп ушул маселени койбой келатабыз. Бирок бул маселени коюуга убакыт жетти. Эгер биз кабыл алган мыйзам эскирип кетсе, жаңысын кабыл алып, сууну сактап, топтоп бергенибиз үчүн коңшулар төлөсүн деген шарт коюшубуз керек. Коңшулар болсо жогорудан келген суу трансчегаралык суу деп эле тоготпой келишет. Эгерде биз аларды төлөтүп алууга шарт түзүп алсак, өзүбүздү дагы, коңшуларды дагы суу менен камсыздаганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт", - дейт академик.
Мындан он күн мурда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев быйыл дагы суу тартыш болот деген божомол бар экенин билдирген. Ал жазгы талаа иштерине байланыштуу жыйында суу тартыштыгына, былтыркыдай абалдын кайталанышына жол берген жетекчилерге чара көрүлөрүн эскерткен.
“2024-жылга 540,0 чакырым чарбалар аралык каналдар оңдолот. Ошондой эле суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндер арбын курулат. Эскерте кетейин, өзгөчө район акимдерине, былтыркыдай Аламүдүн, Сокулук райондорундагыдай маселелер болбосун. Эгер кайталанса, жеке жооп бересиздер. Сугат иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баргыла. “Элдик курулуш” ыкмасы менен чарба аралык объектилерди оңдогула, мындан тышкары дыйкандар бириккен жерлерге сууну жеткирүү приоритет болот”, - деген Төрөбаев.
Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйынында 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясын ишке ашырууга байланыштуу маалымат берген. Анда буга байланыштуу сууну тескеген администрациялар түзүлөрүн айткан. Ошондой эле Кыргызстанда британиялык “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу, анда өндүрүлгөн материалдарга ири каналдарды, суу сактоочу жайларды бетондоо каралып жатканын билдирген.
Токтогул суу сактагычынын абалы
Өткөн аптада Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден азайып кеткени белгилүү болгон. "Электр станциялары" ишканасы 19-январда суу сактагычка секундуна 184 метр куб суу агып кирсе, агып чыгып жаткан суунун көлөмү секундуна 690 метр куб болуп жатканын билдирди.
Садыр Жапаров соңку маегинде "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга байланыштуу жагдайга, Токтогул суу сактагычынын абалына да токтолгон.
"Биз "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруп баштабадыкпы. Бул ГЭСтен суунун пайдасы кошуналарга тиет. Бизге электр энергиясы гана пайда. Биз Нарын суусунун 1% гана сугатка же ичер суу катары колдонобуз. 99% Өзбекстан менен Казакстанга агып кирип кетет. Эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, аны кыштын күнү электр энергия алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот. Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабышка туура келип жатат. Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз".
Былтыр жыл башында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол койгон. Расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошорун билдирген. Бул ишкана ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган жана бул өз кезегинде талаш-талкуу жараткан.
Кыргыз өкмөтү былтыр ноябрда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин куруу үчүн дарыянын нугун буруу максатында узундугу 180 метр, туурасы 30 метр болгон тилкеде жардыруу иштери аткарылганын билдирген. ГЭСке баруучу жол курула баштаганы айтылган. Көп өтпөй Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк аталган ГЭСти курууга 500 миллион доллар насыя бөлүүнү убада кылганын маалымдаган. Өкмөт бул долбоорду бүтүрүү үчүн инвестор издеп жатканы белгилүү болгон.
Эксперт Жаныбек Оморовдун пикиринде, ГЭС курууга инвестиция тартуу оңой-олтоң болбойт:
"Азыр "Камбар-Ата-1" ГЭСи пайдалуу болору далилденип жатат. Мисалы, экономикалык шарттар өзгөрдү. Региондо энергетикалык тартыштык болду. CASA-100 долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы чубалгылар тартылып, бүтүп жатпайбы. Ушулардын баарын эске алганда, "Камбар-Ата-1" абдан керек, анын бизге дагы коңшуларга дагы пайдасы бар. Бирок ага инвестор тартуу жагы кыйын болуп турат. Анын техникалык-экономикалык негиздемеси жазылганына 10 жыл болуп кетти. Ошондуктан тез аранын ичинде экономикалык-финансылык көрсөткүчтөрүн жаңыртыш керек. Экинчиден, Кыргызстанга дагы, инвесторго дагы пайдалуу болгондой туура шарт түзүү керек. Өкмөт тобокелдиктерин төмөндөтүп, шарт берип койсо эле инвестор келе бербейт. Эгер биздин мамлекетте, региондо азыркыдай тобокелдиктер чоң болсо, аларды алып келүү кыйын болот. Ошондуктан өкмөт муну комплекстүү карап, туура жолго түшсө жакшы болмок".
Буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСинин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзөрү, ал деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте жайгашары айтылган. Кыргыз өкмөтү алгачкы этабында 1 млрд 555 млн сом бөлгөнүн билдирген.
Расмий маалыматка ылайык, ГЭСти куруу быйыл башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет. Ал 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.