Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Мамыров: Кара-Кечеге кошумча жылуулук борборун куруу керек


Райымбек Мамыров. 2013-жылдын 24-январы.
Райымбек Мамыров. 2013-жылдын 24-январы.

Мурдагы энергетика министринин орун басары, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыров Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- 2-февралда Бишкек Жылуулук электр борборунда авариялык абал түзүлдү. Адис катары, эксперт катары бул окуяга сиздин пикириңиз кандай?

- Мындай авариялар чоң объектилерде болуп турат. Адистер 1970-жылдарда ишке берилген №14 от казан жарылды деп жатышпайбы, андан бери 54 жыл өтүптүр. Иш мөөнөтү 30-40 жыл экен, эскиргенден кийин жабдуу бузулат. Башка маселе – ошол жерде иштеген орто звенодогу адистердин даярдыгы, билими.

Жарылуу болгон жерде цехтин начальниги, ЖЭБдин жетекчилиги бар. Алардын алгач айлык акысын көтөрүп, материалдык абалына көңүл буруп, эң негизгиси - алардын билимин жакшыртуу керек.

Бизде ансыз да жакшы адистер жетишпейт, окуу жайда адам беш жыл окуганы менен мыкты адис болуш үчүн кеминде 15 жыл тынымсыз иштеши керек. Дагы үйрөнүш керек, дагы чеберчиликтин сырларын алыш керек дегендей, ушундай нерселер жасалбай жаткандай, анткени, кырсык болгондо эле даярдыктары көзгө көрүнүп калып жатпайбы.

Албетте, кышка даярдык кандай жүргөнүн дагы караш керек, себеби, жыл сайын республикалык бюджеттен ремонт иштерине деп чоң каражат бөлүнөт. Ал акча өз максатына колдонулдубу же кагазга бир нерсени жазып, отчёт берип, иш жүзүндө жагдай башка болуп, ушундай аварияга алып келдиби – аны эми мамлекеттик комиссия текшерип, жыйынтык чыгарса керек. Себеби, ЖЭБге мамлекет жакшы эле карап келет.

- Азыр авариядан кийин “2017-жылы Кытайдан алынган кредитке жаңы эле ЖЭБ куруп койсо болмок” деген пикирлер айтылууда. Мисалы, ошол каражатка 1970-жылдары курулган от казандарды алмаштырса болот беле?

- Ар бир нерсенин баасы болот, аны адистер гана айта алат. Айрымдар ремонт кымбат болгон деп жатышат, эми бул эл оозунда айтылган сөздөр. Ал каражатка Жылуулук электр борборун толук жаңыртып, алмаштыруу кыйын, анын үстүнө шаардын шартында. Бишкек ЖЭБ бул бир эле электр кубатын эмес, ал электр кубатын иштеп чыккандан пайда болгон жылуулукту жана бууну өнөр-жай тармагына жана элге бере турган татаал түзүм. Бишкек ЖЭБ – ири ишкана, электр кубаты менен жылуулукту кошуп эсептей турган методикалар бар, эгер анын ушул эки продуктысын кошуп эсептесе, анын кубаттуулугу Токтогул ГЭСиникинен көп, бул ишканага ушундай көз караш менен мамиле жасоо керек. Ошондуктан 2014-17-жылдарда колдонулган каражат менен андайды курганга болбойт. Анда эки блок кошумча курулуп, эки от казан жана эки турбоагрегаттар кошумча берилип, ЖЭБдин жалпы кубаттуулугу эки эсе арткан. Мурда ал 500 миң кВт деп эсептелип, бирок, 300 миң кВт электр кубатын берчү, ошол эки эсеге артып, 812 миң кВтка чыккан. Ал эми мурда турбоагрегаттар саатына 994 гигакалория жылуулук берсе, оңдолгондон кийин ал 1294 гигакалорияга чыккан.

- Бишкек шаары улам барган сайын кеңейип баратат. Калктын саны да өсүүдө. Көп кабаттуу жаңы үйлөр курулууда. Мамлекеттик ипотекалык компания дагы көп кабаттуу бир катар үйлөрдү салат экен. Дегеле Бишкек шаарын жылуулук, электр кубаты менен камсыздоо үчүн жалпысынан кандай жумуштар жүрүшү керек деген ойдосуз?

- Адилеттүү болуш үчүн айтыш керек – азыркы бийлик акыркы жылдарда энергетика тармагына мурдагыларга караганда жакшы көңүл буруп жатат деген ойдомун. Мен билгенден 2023-24-жылдарда энергетика тармагынын кредиттерин жапканга 40-50 млрд сом бөлүндү, бул чоң колдоо. Юридикалык мекемелерге жылуулуктун баасын көтөрүштү, электр кубатынын баасы акырындап өз наркына жакындап баратат, башкача айтканда, энергетиканы кирешелүү тармакка айлантуу үчүн аракеттер көрүлүп жатат.

Бишкек Жылуулук электр борборун ала турган болсок, шаарды толук камсыздоого мүмкүнчүлүгү бар. 400 мегаватт электр кубатын чыгаруу үчүн көмүр жагылат, андан чыккан жылуулук ашык. Ошондуктан силер айткан жаңы курулуштарга жылуулук энергиясын алып барууну караш керек. Шаар шартында жерди, жолдорду казып, түтүктөрдү жаткыруу көп убакытты, каражатты талап кылат. Ошого карабай “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасын күчтөп, бул системага көңүл буруш керек. Мына шаарда мурдагы №47 жабык мекеменин ордуна азыр көп кабаттуу бир нече үйлөр курулууда, андай курулуштар эми дагы күчөйт, ошондой объектилерге жылуулук жеткирүү Бишкек ЖЭБди өнүктүрүүгө кошумча шарт түзөт, бирок, ошол эле маалда жаңы түтүктөрдү жаткырып, эскилери болсо оңдоп, жаңыртуу абзел. Ага балким, курулуш компанияларын тартыш керекпи же башка жактардан каражат караштырыш керекпи.

Үчүнчүдөн, “Электр станциялар” акционердик коомун тиякка-биякка кошуп, бөлөбүз деген иштер болду, менимче, ушул ишкананы күчтөнтүү керек, ал жерге мыкты жетекчи коюп, орто звенодогу кадрлардын адистигин арттыруу зарыл. Мунун баары бир ишкана болуш керек - жылуулукту, электрди бирөө иштеп чыгат, экинчиси элге жеткирет дегендей. Байкашыма караганда энергетика тармагында иштегендердин айлыгы көбөйбөй калгандай, анткени акционердик коом болгондон кийин өз арбайын өздөрү согуп, анын айынан маяна талапка жооп бербей, көп мыкты адистер кетип жаткандай. Ушундай уюштуруу иштерин жасаса, Бишкек ЖЭБде мүмкүнчүлүктөр бар.

- Демек, ошондо Бишкекке жаңы кошумча Жылуулук электр борборун же башка бир ишкана куруп зарылдыгы жок деген ойдосуз да?

- Бишкекке андай зарылчылык жок. Жылуулук электр борбору деген жылуулук электр борбору да, ал жерде көмүр жагылат, газ, мазут жагылат, абаны булгайт. Элге зыян алып келип жаткандан кийин аны чоңойтуштун кажети жок. Азыр эми заман багыты башка. Экология, абаны таза сактоо милдети турат. Бирок, азыркы турган турпатында болгон мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып, кубаттуулугуна жеткирип, жылуулукту мүмкүн болгон жерге берүү керек. Эгер андай кошумча ишкана курабыз десек, көмүр чыгып жаткан кендердин өзүнө салыш керек. Мисалы, андай долбоор Кара-Кечеде Токтогул ГЭСиникиндей кубаттуулукту бере тургандай Жылуулук электр борборунун долбоору бар. Анткени, Кара-Кечеден бери көмүрдү борбор шаарга ташып келип, бардык жерди булгабай, чыгым кетирбей ордунда эле жагып, андан чыккан электр кубатын зым аркылуу Бишкекке ташып келсе болот.

- Демек, сиз шаарды электр кубаты менен жылытууга акырындап өтүү керек деген ойду айтып жатасыз?

- Ооба, бара-бара электр, газ, Күн кубаты менен жылытуу жолдорун карашыбыз керек. Бишкек ЖЭБди эмне себептен иштетиш керек деп жатканым – эми ал колдо турган бар ишкана да, 5-7 жыл эле болду канча каражатты ал жерге салдык. Чыпкалоочу системасын, ишин жакшыртып, максималдуу күчүн алган туура.

- Жалпысынан энергетика тармагында кандай иштер жүрүп жатат, ага бааңыз кандай? Министрликтин, Министрлер кабинетинин бул тармактагы жумушун кандай баалайсыз?

- Эгер министрликтин ишин жекече карай турган болсок анын жетекчилиги, орун басарлары ушул тармакта өмүр бою иштеген адистер. Жаш курагы да ошол баралына келип, көп тажрыйба топтогондор. Ал жакты мен жаман деп айта албайм, себеби, колунан келгенин жасап жатат. Министрлер кабинетин ала турган болсок, жогоруда да белгиледим, мен бул тармакта 30 жылдан ашуун иштедим, энергетикага ушунчалык көңүл буруп, жардам берген мына акыркы жылдарда эле болуп жатат. Мына чоң акча бөлүп, кредиттен кутултуп жатат, мындай, чындыгында, мурда-кийин болгон эмес. Тескерисинче, шайлоо, референдумдар өткөн сайын энергетика тармагын пайдаланышып, көп социалдык маселелерин чечип келишти. Мына тариф саясаты да туура жолго түштү. Мен ушундан улам жаман деп айта албайм.

- Жакшысын жакшы деп, кемчилигин кемчилик деп эле айтсаңыз болот..

- Ооба, жаңы курулуп жаткан ГЭСтердин жардамы менен 2026-жылы электр кубатын экспортко сатып калабыз деп жатышат, менимче, эгер иш ушундай кетсе 2026-жылы эмес, 2028-жылдары экспортко электр кубатын сата турган деңгээлге жетип калабызбы деп ойлойм.

- Бишкек шаарында жылуулукка тариф туура коюлган деп ойлойсузбу? Себеби, мен билгенден, Бишкек ЖЭБи дайыма эле казынадан каражат алып, дотацияда келатат.

- Быйыл көп жылдан бери биринчи жолу жылуулуктун баасын юридикалык тараптарга кымбаттатып, өз наркына – канча сомдон чыкса ошол баага алып келди. Бирок, элге сатылып жаткан жылуулуктун баасы өз наркына жетпейт. Мен жылуулуктун гана баасын айтып жатам, электр кубатыныкын айткан жокмун. Ошондуктан, жылуулук жагына дотация бар, эми бара-бара тарифти өз наркына жеткириш керек, ошентип, Жылуулук электр борборун колдогонубуз туура. Анын үстүнө, орус тилинде айтканда, бул эми комфорт да, мындай ыңгайлуулук үчүн төлөш керек. Үйүңдө жылуу жатсаң, ысык суу чоргодон агып турса, көмүр, газ, отун сатып албасаң, аларды жакпасаң – бул эми ыңгайлуулук эмей эмне? Андыктан бардык ыңгайлуулукка, жыргалчылыкка төлөгөндөй эле буга да төлөш керек.

- Бишкек шаарындагы жылуулукту жеткире турган трасса деп коёбуз, түтүктөр түйүнүнүн абалы кандай, ал тармакка чоң каражат салуу керекпи?

- Эми ал системанын абалы өтө начар, себеби, алар деле ошол өткөн кылымдын 70-жылдары салынган. Эми аны ремонттоп, оңдоп-түзөө өзүнчө эле азап да, себеби, акчасын айтпаганда да, алар өткөн жерлердин баарына жол, мектеп, үй жана башка объекттер эбак түшкөн. Мен өз сөзүмдө белгилегендей, электр кубатын иштеп чыгарганда ЖЭБде жылуулук ашып калат. Шаар бийлиги ошого кызыкдар болуп, ошол жылуулукту толук пайдаланып, жеткирип калууга кызыкдар болууга тийиш. Эгер жылуулук толук пайдаланылса электр да үнөмдөлүп, ЖЭБдин чыгарып жаткан жылуулугу сатылып, иши алга жылып, дотациядан чыгууга шарт түзүлөт. Буга барбаса да болбойт.

- Маегиңизге ыракмат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG