Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келаткан тоют артка кайтарылды


Казакстандан ташылып келаткан тоют. 2024-жыл, январь
Казакстандан ташылып келаткан тоют. 2024-жыл, январь

Казакстандан Кыргызстандын аймагына 180 000 килограмм тоют мыйзамсыз ташылып келе жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жүктү аталган министрликке караштуу ветеринардык кызматтын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинен кармап, артка кайтарышкан. Анда ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы аныкталган.

Казакстандан ташылып келаткан тоют. 2024-жыл, январь
Казакстандан ташылып келаткан тоют. 2024-жыл, январь

2020-жылы Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга салынган тыюунун мөөнөтү быйыл дагы алты айга узартылган. Ошол эле кезде мекеме тоютту импорттоого жеңилдиктер берилгенин кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагында 1 млн 750 миң 467 бодо, 6 млн 278 миң кой, 547 миң баш жылкы бар.

Кыргызстандык фермерлер 2023-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют жакшы болбой калганын айтышкан. Мындан улам бир таңгак чөптүн баасы быйыл 450-350 сомго чыкты. 2022-жылы 250-350 сомдон сатылган.

Өткөн кышта кар аз жаап, жайкысын күн ысык болгондуктан, тоют аз камдалды. Айрым аймактарда калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен жашайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG