Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:37

Кыйноону алдын алуу борбору ИИМди журналисттерди тергөө абагына которууга чакырды


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырды. Улуттук борбор мындай билдирүүсүн 29-январда таратты.

Анда Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын 1-беренесине ылайык, камалган журналисттерди Бишкек шаардык милициясынын жана Ички иштер министрлигине караштуу башка жайларда кармоо кыйноо катары баалана турганы айтылган.

Кайрылууда 16-январда кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкканына карабай дагы деле милициянын убактылуу жайында кармалып турганы жазылган.

“Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, тергөө сотунун чечими дароо күчүнө кирери жана ал милдеттүү түрдө аткарылышы керектиги белгиленген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мунун алдында Кыйноолордун алдын алуу борбору журналисттердин милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганын “Азаттыкка” уюмдун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдирген.

Жаза аткаруу кызматы буга чейин да бул маселе боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип, журналисттердин тергөө абагына которула электигин Ички иштер министрлигинин иши деп билдирген. ИИМден маалымат алууга мүмкүн боло элек.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттердин кармалышын айыптап, аларды тез арада бошотууга чакырууда.

Президент Садыр Жапаров 19-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине медиа тармагындагы акыркы окуяларга комментарий берип, камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.

XS
SM
MD
LG