Иранда белгилүү режиссёр Дариуш Мехржуи менен аялын өлтүрүүгө байланыштуу эки киши камакка алынды. Сот системасынын расмий өкүлдөрү жубайларды 14-октябрда Тегерандын жанындагы үйүндө бычактап кетишкенин билдиришти.
Полициянын басма сөз кызматы кылмышка байланыштуу төрт шектүү адам аныкталганын, экөө камалганын, калгандары камакка алынганы жатканын маалымдады.
Маалыматтарга ылайык, Мехржуинин жубайы мурдараак соцтармактан коркутууга кабылганын билдирген. Ал өзү өткөн жылы хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалып, жабык жайда көз жумган студент-кыз Махса Аминиге колдоосун билдирип, цензурага каршы чыгып келген.
83 жаштагы режиссёр 1970-жылдардын башында Иран кино индустриясынын жаңы толкунун түптөөчүлөрдүн бири болгон. Тасмалары көптөгөн сыйлыктарга татыган. Маркум 1960-жылдары Лос-Анжелестеги Калифорния университетинде окуган.