4-сентябрда Гавана кубалыктарды украин согушуна жалдаган деп шектелген орусиялык түйүндүн бети ачылганын билдирди. Буга чейин Орусиянын Жакынкы Чыгыштан, Борбор Азиядан чыккандарды согушка азгырганы белгилүү болгон.
"Куба Украинадагы согушка аралашууну каалабайт"
Кариб деңизиндеги өлкөнүн тышкы саясий мекемеси Ички иштер министрлиги Орусиядан иш алып барган түйүндү зыянсыздандыруунун жана жок кылуунун үстүнөн иштеп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, топ Орусияда гана эмес, Кубанын өзүндө жашагандарды Украинада согушуп жаткан куралдуу күчтөрдүн катарына жалдоо аракетин көргөн. Билдирүүдө андай аракеттердин алдын алышканы, мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдарга каршы кылмыш иш козголгону белгиленет.
“Кубанын душмандары өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрүп, биз чечкиндүү четке каккан окуялардын катышуучусу кылып каралоого аракеттенүүдө”, - деп кошумчалады мекеме.
Министрлик окуянын чоо-жайына кеңири токтолбостон, Куба "Украинага каршы согушка катышпасын", жалданмачылыкты четке каккан "тарыхый так позицияны ээлей турганын", андай көрүнүшкө каршы улуттук жана БУУнун деңгээлинде күрөшүп жатканын билдирди.
"Куба Украинадагы согушка аралашпайт. Жарандарыбызды башка өлкөлөргө каршы курал кылып пайдаланууну көздөгөн, согушка жалдөө үчүн адам аткезчилиги менен алектенген кишилерге каршы чечкиндүү аракет көрөт", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Айтмакчы, бул өлкө жалданмачылыкка каршы багытталган БУУнун алкагындагы бир нече демилгенин автору болгон.
Маалымат каражаттары Москва аралдын тышкы мекемесинин билдирүүсүнө жооп кайтара электигин жазышат.
Рейтер агенттиги буга байланыштуу эске салгандай, майдын аягында орусиялык “Рязанские ведомости” гезити кубалык бир нече жаран орус куралдуу күчтөрү менен контрактка кол койгонун, аларга согушка катышуу үчүн жарандык берилерин убада кылышканын жазган.
“Бүгүн армияда контракт менен кызмат өтөөнү каалагандардын пунктунан Кубанын бир нече жараны Орусия куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулду. Алар атайын аскердик операция жүрүп жаткан аймакта коюлган максаттарды ишке ашырууга көмөктөшүүнү, кээ бирлери кийин орус жарандыгын алууну каалашат”.
Бул маалыматтын Гаванын билдирүүсүнө тиешеси барбы же жокпу белгисиз.
Орусия Кубаны "маанилүү өнөктөш" деп эсептейт
Эксперттер акыркы кездерде барган сайын обочодо калып жаткан Москва Гавана менен алака-катышын активдештирүүгө киришкенине көңүл бурушат.
Кубанын президенти Мигель Диас-Канель 2022-жылдын этегинде орус башкалаасында президент Владимир Путин менен жолугуп кеткен. Июнда орус коргоо министри Сергей Шойгу кубалык кесиптеши Алваро Лопес Миерону кабыл алган. Шойгу ошондо "Куба Кариб деңизи аймагында Москванын маанилүү өнөктөшү бойдон калууда" деп айткан.
Орусия Кубаны мунай жана түрдүү өнөр жай продукциясы менен камсыздоону убада кылды. Айрым маалыматтарга караганда, Москва быйыл Гаванага экспорттогон карай майдын баасы 160 миллион доллардан ашат. Кремль Украинага басып киргенден кийин Москва-Гавана авиа каттамы убактылуу токтоп, кайра жанданды. Мындан тышкары Куба “Мир” төлөмдөр системасына кошулду.
Кубанын бийлиги жана расмий маалымат каражаттары Орусиянын Украинага кол салуусуна келгенде негизинен Москванын риторикасын кайталаганы менен БУУдагы добуш берүүлөрдө Гавана негизинен калыс калууга ыктайт.
Жакынкы Чыгыштын жарандарын согушка тартуу аракети
АКШнын Согушту изилдөө институту былтыр мартта кабарлагандай, Кремль Украинада “Жакынкы Чыгыштан чыккан 16 миң аскерди кабыл алууга даяр” экенин билдирип, сириялыктар Украинага жөнөп кетүү алдында машыгып жаткан кадрларды жарыялаган.
Өткөн жылы Орусия аскерлеринин санын 30% көбөйтүү, согуштук курамын 1,5 миллион кишиге жеткирүү планын жарыялаган. Эксперттер 18 айдан бери уланып келаткан уруштагы жоготууларын эске алганда, бул максатты ишке ашыруу кыйын экенин белгилешет.
Ошол эле жылы июлда Евробиримдик Сириянын 10 жаранын "согушка жалданган" деген айып менен санкциялык тизмеге киргизген.
"Би-Би-Си" ага чейин “вагнерчилердин” катарында согушуп жүрүп набыт болгон ирактык жаран тууралуу маалымдалганын жазат.
Материалда орус түрмөсүнөн Украинадагы кан майданга аттанып, ал жерде каза тапкан Аббас Абутхар Витвиттин тагдыры баяндалган. Маркумга согуштан кайтып келгенде жазасын кечүү тууралуу убада беришкен.
Рейтер агенттиги ошондо соттун документтерине таянып, Казандагы техникалык университеттин студенти 2021-жылы маңзаттарын сактоого байланыштуу 4 жарым жылга кесилгенин кабарлаган.
Орусия согушка Борбор Азиянын жарандарын, анын ичинде кыргызстандыктарды да жалдаган фактылар бар.