30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөттү.
Муну менен адвокаттын өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. Эми бул ишти жаңы курамдагы сот башынан карайт. Айрым эксперттер жалданмачылык беренеси менен 10 жылга соттолгон кыргыз жаранынын өкүмүн жокко чыгарууга Кремлдин таасири болушу мүмкүн экенин айтууда.
Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга кесилген Аскар Кубанычбек уулунун кассациялык арызын Жогорку Сот 30-августта карады.
Коллегиалдык сот жараянында адвокат Акынбек Авазбеков Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренесин “чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуу” деп өзгөртүүнү суранган. Сот анын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жиберди.
"Жогорку Соттун чечимине ыраазыбыз. Маселен, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечими мыйзамсыз болчу. Аскар Кубанычбек уулу материалдык сыйлык алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз башка мамлекеттердин куралдуу кагылыштарына катышкан эмес. Ал "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен да "жалданма" катары келишим түзгөн эмес. Аны пробациялык көзөмөлгө чыгаруу керек. Бул үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз. Эгер сот ишти карап, пробациялык көзөмөлгө чыгарса, Аскар өлкөдө калат. Тиешелүү органдардын талаптарын да бузбайт".
16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек уулун Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн Аскар Кубанычбек уулу 2022-жылдын июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.
7-июнда Бишкек шаардык соту Аскар Кубанычбек уулуна карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.
"Аскерге өз каалоом менен баргам"
Кыргызстанда камакта отурган 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулу менен Орусиянын ЖМКларынын бири июль айында байланышкан учурда ал Орусия "Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР”) деп атап алган жикчил аймакта аскердик кызматта болгонун, элге гуманитардык жардам таратуу иштерине гана катышканын айткан.
30-августта ал Russia Today телеканалына сүйлөп жатып, мурда-кийин курал кармап көрбөгөнүн, согуш талаасына "Кыргызстандын да кызыкчылыгын коргоого баргам деп ойлогом" деп айткан.
"Орусияда он жылдан бери жашайм, улутум кыргыз болгону менен, өзүмдү орусиялык деп эсептейм. 2022-жылдын 24-июлунда "Луганск Элдик Республикасындагы" элге гуманитардык жардам таратуу иштерине барып келгенден кийин согушка катышуу чечимин кабыл алгам. Брянка шаарына келгенден кийин аскер бөлүгүнө барып, арыз жазгам. Маселен, ыктыярчылар, IT тармагын жакшы түшүнгөндөр жетишпей жатканы айтылган. Мен фронттогуларды миномёттук батареялар менен камсыздап турдум, "Шторм" деген отрядда болдум. Атам, бир тууган агам согушка кеткенимди билишкен, себеби анын алдында атамдын батасын алгам. 2022-жылдын октябрь айында атамдын ооруп жатканын угуп келсем, кармап кетишти".
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскар Кубанычбек уулун 2023-жылдын январь айында Кыргызстанга келгенде камаган.
Аскардын апасы (ысымын айткысы келген жок) камакта отурган уулунун эркиндикке чыгуусун күтүп жатканын айтууда. Ал ошондой эле орус бийлиги Аскарга жарандык берет деген үмүттө.
"Уулум өз эрки менен Орусияга болушам деп согушка кетти. Аскар кандайдыр бир материалдык кызыкчылыкты көздөгөн эмес. Он жылдан бери Орусияда жашаса да, жарандыгы жок жүргөн. Москвада авиакасса ачып, аны орус паспорту бар бала менен чогуу иштетчү. Ал согушка кеткенден кийин компаниясы жабылып калган экен. Аны кайра ачам деп, экинчиден жарандык алуу айласын көздөп согушка барган. Ага жолукканы барганда жарандыгы болсо ипотекага үй алып, авиакассаны кайра иштетем деп айткан болчу".
Орусиялык ЖМКларына курган маегинде Кубанычбек уулу өзү да орус бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүсүн суранган.
Ушул айдын алгачкы күндөрүндө Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.
Буга чейин Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Украинадагы согушка катышып, Бишкекте камакка алынган кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрыларын жарыялаган. Аны Бишкектеги тергөө абагынан чыгарып, Орусияга өткөрүп берүүнү талап кыларын белгилеген.
Кыргызстандык талдоочулар “жалданмачылык” айыбы менен соттолгон жаранды Орусияга өткөрүп алуу талабын коюу ниети Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалап жатышат.
Саясат талдоочу Марс Сариевдин Кремль Кубанычбек уулуна байланыштуу маалыматтык кампания жүргүзүп жатканын белгилеп, бул өлкө кыргыз жаранын чыгарып кетүү менен Кыргызстанга таасири бар экенин тастыктагысы келет деп эсептейт.
Бирок мындай көрүнүш кыргыз бийлиги үчүн упай алып келбей турганын кошумчалап, муну прецедент деп атады.
"Кыргызстандын, Өзбекстандын же Тажикстандын жарандары Украинадагы согушка катышып, мекенине кайтканда камалып кетсе, бул Орусияга зыян алып келчү көрүнүшкө айланат. Ошондуктан бул өлкө Аскар Кубанычбек уулуна байланыштуу окуяда мумкүн болушунча өз рычагдарын колдонууга аракет кылууда. Албетте, бул жакшы эмес. Маселен, мыйзам деген мыйзам, ага баш ийүүгө, аткарууга тийишпиз. Бир четинен караганда, Орусиянын Кыргызстанга таасири абдан чоң болгондуктан Жогорку Соттун ишти кайра кароого жибергени прецедент болуп калды. Орусия чыгарып кетүүгө бардык аракетин көрөт, алар маалыматтык жактан да утууну көздөөдө. Кубанычбек уулу чыгып кетсе, коом үчүн да Орусияга болгон көз караш, бир ой калыптанып, ишеними артат. Кыргызстан экономикалык жактан, деги эле бардык тараптан Орусия менен тыгыз байланышта".
Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.
Кыргызстан Орусияны да, Украинаны да маселени согуш талаасында эмес, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырып келет.
Кыргыз бийлиги эки тараптын согушунда нейтралдуу позицияда экенин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-августта Deutsche Welle басылмасына берген интервьюда да белгилеген.
"Белгилей кетчү жагдай, бул жерде славян тектүү эки бир тууган эл согушуп атат. Биз Орусия менен да, Украина менен да жакшы мамиледебиз. Ошондуктан конфликт башталган күндөн тартып айтып келе жатабыз, тараптар сүйлөшүүгө отуруп, дипломатиялык жол менен бул суроону чечиши зарыл. Биздин өзүбүздүн түшүнүгүбүз, көз карашыбыз бар, биз бирөөнүн жетегинде жүрө албайбыз жана тигил же бул тарапты колдой албайбыз. Эки эл маселени өзү чечиши керек".
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов башка өлкөнүн аймагында согуш аракеттерине катышкан кыргыз жарандары өлкө мыйзамына ылайык жоопко тартылышы керек деп жатат.
Депутаттын пикиринде, кыргыз бийлиги өз нейтралдуулугунан тайбай турганы маанилүү.
"Бир мамлекет менен жакшы болобуз деп башка мамлекеттер менен достук мамилебизди бузуп албашыбыз зарыл. Азыр соттук процесттер кандай жүрүп жатканын анык билбейм, бирок биздин сот органдары кандай чечимдерди чыгарып келатканын баарыбыз көрүп келатабыз. Азыр коомчулук сот процесстеринин жүрүшүнө абай салып турса жакшы. Украина болобу же башка мамлекеттин аймагында болуп жаткан согуш болобу ага катышкан кыргыз жарандары биздин мыйзамдардын негизинде жоопко тартылышы керек. Согуштук аракеттерге катышкандардын окуясы башкаларга сабак болуп, кайра кайталанбай тургандай чечим чыгаруу зарыл".
Өткөн айда Орусиянын абагында отурган жеринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын согуш талаасына жөнөп кеткен кыргызстандыктардын бири Бекназар Бөрүгул уулу камакка алынган.
Бул окуя Кыргызстанда Орусиянын тарабында согушканы үчүн кармалган экинчи учур болуп калды.
Орусиянын куралдуу аскерине кошулуп, согуш талаасында каза болгон кыргызстандыктардын темир табыты улам Кыргызстанга жөнөтүлүп жатат. "Вагнердин" тузагына илинип, бөтөн жердеги кармашта каза болгон кыргызстандыктардан 20га чукулу катталган.
Бул тууралуу "Азаттыктын" "Вагнердин тузагы: Бахмутта окко учкан мигранттар" деген иликтөөсүнөн да көрүүгө болот.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.