Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунду ээледи


Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү паспорту.
Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү паспорту.

Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 76-орунду ээледи.

2023-жылга карата 18-июлда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.

200дөй мамлекеттин ичинен Борбор Азия чөлкөмүнөн Казакстан 66-орунду (77 мамлекетке визасыз режим), Өзбекстан менен Тажикстан 78-орунду (59 мамлекетке), Түркмөнстан 87-орунду (50 мамлекетке) алды.

Тизменин башында Сингапур турат, бул өлкөнүн жарандары 192 мамлекетке визасыз бара алат. Андан ары Германия, Италия Испания, Жапония, Түштүк Корея турат.

Рейтингдин акыркы сабында Ооганстан, Ирак, Сирия - бул мамлекеттердин тургундары визасыз бара ала турган өлкөлөрдүн саны 30дун тегерегинде.

Рейтинг Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын маалыматтарынын негизинде чыгарылган. Индекс 2018-жылдан бери такай жарыяланат.

XS
SM
MD
LG