Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Армениянын Еврошаркетке карай жолу, Москванын реакциясы


Баш калаа Еревандын тургундары, 18-октяюрь, 2024-жыл
Баш калаа Еревандын тургундары, 18-октяюрь, 2024-жыл

Армениянын өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Кремль Армения Евразия Экономикалык Биримдигине, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө экенин эске салды.

Расмий Еревандын чечими

Армениянын өкмөтү Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун 8-январдагы жыйынында жактырды.

Долбоордо «Армения Евробиримдикке мүчөлүк боюнча жараянды баштаганын жарыялай тургандыгы» айтылат.

Тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын айтымында, документ парламенттин кароосуна жарандык демилге катары берилген, эми өкмөт мыйзамда белгиленген тартипке ылайык өз позициясын билдириши керек. Ал өз сөзүндө Еврошаркет Армениядагы демократияны колдой турганын, коопсуздукту камсыздоого даярдыгын бир нече жолу билдирип, иш жүзүндө буга катышканын баса белгилеп өттү.

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян. 8-январь, 2025-жыл.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян. 8-январь, 2025-жыл.

Ал эми өкмөт башчы Никол Пашинян өлкөнүн биримдикке кошулуусу элдик референдумда гана чечилүүгө тийиш деп айтты.

“Евробиримдикке кошулуу чечими биздин Конституцияга ылайык, референдум жолу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн. Башкача айтканда, референдум дайындалып, ага катышкандардын көпчүлүк бөлүгү колдогондо гана Армения республикасы Евробиримдиктин мүчөсү боло алат”, - деген Пашинян ага чейин “жол картасы” иштелип чыгышы керек экенин кошумчалады.

Долбоордун демилгечилери - европачыл “Еврореферендум” кыймылынын мүчөлөрү. Документти парламентке сунуштагыча алар керектүү 50 миңден көбүрөөк кол топтошкон.

Былтыр жайында Евробиримдик Армения менен визасыз режим тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болуп, Ереванга 10 миллион евролук аскердик жардам көрсөтүүнү сунуштаган. Анын алдында Европарламент Армения менен жакындашуу резолюциясын кабыл алган.

Кремлдин реакциясы жана аймактык уюмдар

Армян өкмөтүнүн 8-январдагы чечимине Орусиянын бийлиги күтүлгөндөй эле дароо реакция жасады. Алгач Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Евразия Экономикалык Биримдигине, Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө экенин эске салды.

“Еврошаркетке мүчөлүк кандай болорун азыр айтуу кыйын. Бирок болжолдоп ой жүгүртсөк, эки уюмга мүчө болуу мүмкүн эмес. Бул жакта бажы мейкиндиги, товарлардын жана кызматтардын, капиталдын бирдиктүү эркин зонасы, ал жакта болсо нормалар башка”, - деди Песков.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын пикиринде, Евробиримдиктин максаты коопсуздуктун кепилдиги болуп келген Орусияны чөлкөмдөн сүрүп чыгарып, анын тарыхый ролун алсыздандыруу.

ЖККУнун Астанада өткөн саммитине Армения катышкан эмес. 28-ноябрь, 2024-жыл.
ЖККУнун Астанада өткөн саммитине Армения катышкан эмес. 28-ноябрь, 2024-жыл.

Алты экс-советтик мамлекет – Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон ЖККУдагы ишмердүүлүгүн токтоторун Ереван буга чейин билдирген. Буга Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак жикчил түзүмүнүн айынан болгон куралдуу кагылыш түрткү болгон.

Азербайжан 2022-жылы бир күндүк "антитеррордук операциясынын" маалында талаштуу Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына кайтарган. Расмий Ереван ЖККУну уюмга мүчө мамлекетке жардамга келбегени үчүн сынга алган. Армян бийлиги ошондой эле аймактагы орус бейпилдик күчтөрүн эч кандай аракет көрбөгөнү үчүн айыптаган.

2024-жылдын башында Пашинян Ереван ЖККУнун ишмердүүлүгүнө катышууну токтоторун билдирген. 28-ноябрда уюмдун Казакстанда өткөн жыйынына Армения катышкан жок. Андан мурда дагы бир катар биргелешкен аскердик машыгууларга барган эмес. Анткен менен расмий түрдө уюмдан чыга элек.

Пашинян былтыр 4-декабрда парламентте жасаган билдирүүсүндө Еревандын ЖККУга кайтышы мүмкүн болбой калганын билдирди.

"Биз өзүбүздү ЖККУга тиешебиз жок деп эсептейбиз. Кандай каалашса, өзүлөрү чечишсин. Биз алардын ишине кийлигишпейбиз жана бизде вето коюуга кандайдыр бир де-юре укугубуз бар деп билдирбейбиз. Бардык кесиптештерибизди сыйлайбыз", - деген армян өкмөт башчысы.

Евробиримдикке кошулуу бир топ жылга созулушу мүмкүн

Евробиримдик менен Армениянын ортосунда визасыз режим бир нече жылда гана кириши мүмкүн. Ал эми шаркетке мүчө болуу ондогон жылдарды алышы ыктымал.

Буга чейин мурдагы СССРдин курамына кирген республикалардан Молдованын, Украинанын жана Грузиянын жарандарына шаркет аймагына визасыз кирүүгө шарт түзүлгөн.

Ал эми былтыр Евробиримдик Украина жана Молдова менен мүчөлүк туралуу сүйлөшүүлөрдү баштады.

Шерине

XS
SM
MD
LG