Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Армян, орус, грузин, абхаз номерлүү миңдеген машине мыйзамдаштырылат


Кыргызстандагы машине базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы машине базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди” делген транспортту мыйзамдаштыруу боюнча жарлык чыгарды. Анын алкагында Орусиянын, Армениянын, Грузиянын жана Кыргызстан көз карандысыздыгын тааныбаган Абхазиянын номери менен жүргөн автоунааларга документ берилмекчи.

Мындай машинелердин дээрлик көбү оң рулдуу жана Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген. Алардын бир бөлүгү айып короосуна да киргизилген эле.

Мыйзамдан мурда чыккан жарлык

“Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” деп аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров 31-декабрда кол койгону менен, маалымат эми гана белгилүү болду. Документти 10-январда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезити жарыялады.

Жарлыкка ылайык, сырттан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып кирген автоунаалар үч этап менен мыйзамдаштырылат. Биринчи кезекте документи бар машинелерге жергиликтүү документ берилет. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Үчүнчү этапта документи жок автоунааны башка максатта пайдаланууга – тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Балбак Түлөбаев
Балбак Түлөбаев

“Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар жеке жактардын автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун эки айлык мөөнөттө жөнгө салсын жана тиешелүү чечим кабыл алсын. Чечимдин долбоору менен алты айлык мөөнөттө легалдаштыруу жол жобосун үч этап менен жөнгө салсын”, – деп белгиленет президенттин жарлыгында.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Ага карабай Орусия, Армения, Грузия өлкөлөрүнөн жана Кыргызстан көз карандысыздыгын расмий тааныбаган Абхазиядан оң рулдуу машинелер ташылып келүүдө.

Тыюу салынгандыктан алар иш жүзүндө Кыргызстандын эч кандай документин ала албайт, бирок баары бир колдон колго өтүп, өлкө ичинде кадимкидей айдалып жатты. Ошол эле маалда алардан салык алууда жана жол эрежесин бузган учурда айып пул салууда маселелер жаралды.

Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келаткан автоунаа. Архив.
Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келаткан автоунаа. Архив.

2024-жылы мындай машине Кыргызстанда кескин көбөйүп, маселе өкмөттүн жана парламенттин жыйындарында улам көтөрүлүп турду. Депутаттар Министрлер кабинетинен оң рулдуу автоунаанын ташылып кирүүсүнө чектөө киргизүүнү, ушуга чейин келип калган машинелердин көйгөйүн чечип берүүсүн талап кылышты.

Ал тургай эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев жана Дастан Бекешев Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден жана Абхазиядан Кыргызстанга мурда ташылып келген оң рулдуу автоунаа маселесин тартипке келтирүү үчүн бир жолку мунапыс берүү мыйзам долбоорун сунушташкан. Ал документ Жогорку Кеңештин сайтына былтыр 17-декабрда илинип, быйыл 20-январда парламенттин кароосуна киргизилгени жаткан.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Балбак Түлөбаев “Азаттыкка” буларды айтты:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Бул маселени мен былтыр мартта көтөрдүм эле. Андан кийин да парламентте бир нече жолу айтылды. Анан мыйзам жазып чыгып, сунуштаганбыз. Балким, биз айтып жаткан маалда Министрлер кабинети президенттин жарлыгынын долбоорун даярдап жатышкан окшойт. Биздин сунуштар деле ушул сыяктуу болчу. Биз мыйзамды деле алып чыга беребиз, жумуш параллелдүү кете берет. Экөө бири-бирине тоскоол болбойт. Тескерисинче, эгер биздин мыйзам кабыл алынса, ал жарлыкка жардам бериши мүмкүн. Анткени мыйзам баары бир жарлыктан өйдө турат да”.

“Мыйзамдаштыруу өтө татаал болот”

Арийне, Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Бирок автоунаа Кыргызстанда катталбайт болчу.

Орусиянын, Грузиянын жана Армениянын номерлери тагылган машинелердин жагдайы бир аз башкачараак. Алар сол рулдуу болсо, Кыргызстанда кайрадан каттоодон өтүп, кадимкидей документ ала берет. Оң рулдуу болсо, Кыргызстандын аймагында транзит менен жүрүүгө укугу бар. Бирок кайсы бир мөөнөттөн соң баары бир каттоодон өтүшү же чыгып кетиши керек.

Башка маселе – кеп болуп жаткан машинелердин көбүнүн документтери жок. Алардын номерлери жасалма болгон же Кыргызстанга аткезчилик жол менен тетик катары киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан жана Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.

Самат Исабеков
Самат Исабеков

“Мыйзамсыз алынып келген бир да машине көчөдө жүрбөшү керек. Алар такси катары кызмат көрсөтүп адамдарды ташып, канча деген кишинин ден соолугуна зыян келтирип жатат. Биз аларды мыйзамдаштырууну үч баскыч менен карайбыз. Биринчиден, анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле “мыйзамдаштырып бергиле” дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшы автоунааны комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тооккана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет”, – деген Камчыбек Ташиев.

Бул ортолукта Кыргызстандын укук коргоо органдары улам-улам рейд жүргүзүп, мыйзамсыз ташылып келген машинелерди айып короолоруна токтотуп жатышты. Маселен, 13-декабрдагы маалыматка ылайык, жол коопсуздугун караган инспекторлор менен бажы кызматкерлери бирге жүргүзгөн рейд алкагында 300дөн ашык машине кармалган.

Учурда көпчүлүк айдоочулар армян, абхаз же башка ушул сыяктуу номерлүү машинесин үйүнөн чыгарбай, жашырып отурушат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков мурдараак “Азаттыкка” берген интервьюсунда Абхазиянын жана Армениянын номериндеги автоунааны мыйзамдаштыруу жараяны жүрсө дагы татаал болорун билдирген:

Самат Исабеков
Самат Исабеков

“Мыйзамдаштыруу жараяны өтө татаал болот. Биринчиден, колунда документи жок. Экинчиден, номуру, техникалык документи туура эмес. Камчыбек Кыдыршаевич (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы - ред.) айтты го, кандайдыр бир документи болсо, мамлекет жардам берет деп. Эгерде эч нерсеси жок болсо, аткезчилик менен кирсе, аны эч нерсе кыла албайбыз. Бир гана жолу бар - ал машине конфискация болот. Эч кандай документ, идентификация номурлары болбосо, эч нерсе кыла албайбыз”, – деген Исабеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорундагы жалпы маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-январында өлкө боюнча 873 миң 592 жеңил автоунаа катталса, алардын 127 миң 842си оң рулдуу болгон.

2024-жылдын 1-апрелиндеги маалыматта жеңил машиненин саны 1 миллион 171 миң 454 болсо, анын 174 миң 826сы оң рулдуу экени жазылган.

Демек, тыюу салынганына карабай бир жыл ичинде оң рулдуу автоунаанын саны 50 миңге чейин көбөйгөн. Бул биз кеп кылып жаткан Абхазия, Армения жана Орусия номурлуу машинелер болушу мүмкүн.

Канчалык адилеттүү болот?

Оң рулдуу машине алып кирүүгө тыюу салынган 2015-жылдан бери Кыргызстанга мындай унааны коррупциялык схема менен тыштан ташуу аракеттеринин бир нечеси катталган.

Мунун фонунда он жылдык убакытта мындай транспортко мунапыс берип, бир ирет мыйзамдаштыруу идеясы көп жолу көтөрүлүп келген. Депутаттар бир нече жолу мыйзам долбоорун сунуштап, айрымдары парламентте колдоо таппай калган.

Кыргызстанда жүргөн абхаз номерлүү автоунаа. ИИМ тараткан сүрөт.
Кыргызстанда жүргөн абхаз номерлүү автоунаа. ИИМ тараткан сүрөт.

Натыйжада Орусия, Грузия, Армения же Абхазия номерлүү машине сатып алгандар биригип, WhatsApp же Telegram тайпаларды түзүп, укуктары үчүн күрөшүп келишкен.

Армениядан келген машине сатып алгандардын бири, атын атагысы келбеген айдоочу президенттин жарлыгынан кийин “Азаттыкка” мындай деди:

“Мен мурда ошо Армениядан же Абхазиядан келген машинелерде көйгөй бар экенин угуп жүрчүмүн. Бирок транзит катары айдай берсе болот деп уккам. "Атайылап мыйзамсыз автоунаа сатып алалы" деген деле оюбуз жок, болгону жаңыраак машине минүү ниети менен эле сатып алгам. Өзүмдүн башка машинемди сатып, 12 миң долларга Тойота Альфард алдым эле. Башында кадимкидей эле минип жүргөнбүз, бирок былтыр жыл аягында катар-катар текшерүү болуп, айдай албай калдык. Анан үйгө токтотуп коюп эле отургам. 10-15 күндө бир от алдырып эле коём, болду. “Сатам” деп интернетке сатыкка чыгарсам же эч ким албайт, президенттин жарлыгы чыккан соң бүгүн бир нече адам жазып жибериптир. Айтор, ажобуздун жарлыгын абдан кубануу менен кабыл алдык. Анткени баары бир маселени чечиш керек болчу да. Буга машинелерди Кыргызстанга сатып алып киргендер күнөөлүү болуп жатпайбы, бизде не айып? Ташиев мырза “мыйзамсыз 15 миңдей машине бар экен” деп жатпайбы, мен түшүнгөнүмдөн алардын миңге жакыны эле мыйзамдуу кирген окшойт. Калган бардыгында эле бизге окшош көйгөйлөрү бар экен. Мен да ошолордун биримин”.

Кыргызстанда жүргөн армян номерлүү автоунаа. ИИМ тараткан сүрөт.
Кыргызстанда жүргөн армян номерлүү автоунаа. ИИМ тараткан сүрөт.

Ошол эле маалда коомчулукта мындай машинелерди ташып келген атайын схема түзүп алган топтор болгону жана алар убагында акчага туйтунганы айтылып келген. Андыктан эгер документи жок машинелерге мунапыс берилсе мындан ары дагы мыйзамды кыйгап өткөндөргө жол ачылышы мүмкүн деп кооптонгондор арбын.

Жөнөкөй талдаганда деле мыйзамсыз машинелер мыйзамдаштырылса бул мыйзамдуу жол менен автоунаа сатып алгандарга карата адилетсиз мамиле болуп каларын айткандар бар. Анткени бир эле үлгүдөгү машине документи жайында болсо кымбатыраак, документи жок болсо арзан сатылат. Анан, арзан сатып алган киши эми мүлкүн мыйзамдаштырып алса канчалык калыстык болот?

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев буга мындайча жооп берди:

“Бул машинелердин канчасы катталганын билбейбиз. Бирок элдин ичинде аябай чоң көйгөй болуп жатат. Бишкекте жүрсөң деле айтат, Ысык-Көлгө, Нарынга, Ошко, Жалал-Абадга, кыскасы кайда барсаң деле жолугушкан адамдар мына ушул маселени көтөрүп жатат. Муну чечиш керек, чечпесе жарылат. Жарыла электе элдин көйгөйүн чечип, бир жолу мунапыс берип койсок, мындан кийин оң рулдуу машинелерди киргизбейбиз. Токтотобуз. Биз мыйзамда да ошентип жазганбыз, президенттин жарлыгында деле бар экен. Албетте, бул мыйзамдуу машине минип жүргөндөргө карата туура эмес мамиле, адилетсиз мамиле. Бирок бул реалдуулук. Эл алып кирип алган, башка айла жок болуп жатпайбы. 2015-жылдан бери тыюу салынганына карабай ошол учурдагы бийлик буга жол берип, киргизип жиберген. Бирок биз азыр мындан кийин “таптакыр киргизбегиле” деп Бажы кызматына жана Чек ара кызматына буйрук берип жатабыз. Болгонун мыйзамдаштыралы, убагы келгенде утилизация кылып, жок кылабыз, бирок мындан ары киргизбешибиз керек”.

Мыйзамдык калыстык же адилеттик демекчи, ушул эле айда транспорт салыгына байланыштуу да ушундай өңүттө талкуу чыккан.

Президент Садыр Жапаров 8-январда Фейсбукта пост жазып, бензин жана дизел майынын 1 литрине 1 сом салык киргизилгенин жана ошого байланыштуу Кыргызстанда автотранспортко болгон салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун билдирген. Мамлекет башчы муну менен бирге 2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандар салыктан бошотулуп, мунапыс берилгенин айткан.

Социалдык түйүндөрдө буга байланыштуу пикирин жазгандар транспорт салыгы жоюлганын колдошкону менен мунапыс жөнүндө ача пикирлер жаралган. Айрымдар “көпчүлүк мыйзамды сыйлап транспорт салыгын төлөп келсе, мыйзамды сыйлабай, салыгын төлөбөй келгендерге жеңилдик берилгени канчалык туура?” деп суроо коюшкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG