Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

"Колун байлап алып урган экен". Парламенттин кызматкерлери аралашкан чыр


Коллаж сүрөт.
Коллаж сүрөт.

Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген кызматкерлер аралашкан чырдын чоо-жайын милиция териштирүүдө. Жыл соңунда болгон окуяда бөлүм башчы кызматкерин катуу сабап, зомбулук көрсөткөнү айтылган. Ооруканадан чыккан кызматкердин атасы уулунун абалына кабатыр экенин билдирген.

Зомбулукка шектелип жаткан адам катары ысымы аталган бөлүм башчы мындай айыптоону төгүндөөдө. Парламенттин басма сөз кызматы маалымат таратып, окуя жаңы жылдык кечеден сырткары болгонун билдирди.

Жогорку Кеңештин аппаратындагы кызматкерлер чатакташканда 34 жаштагы Руслан Ким токмок жеп, ооруканага түшкөнү 8-январда белгилүү болду.

Милиция тараткан маалыматка караганда, окуя 28-декабрга караган түнү Бишкектеги Анкара көчөсүндөгү ресторандардын биринде болгон.

"Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө К.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, У.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби 28-декабрга караган күнү Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде денесине эч себепсиз залал келтирилген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ("Бейбаштык") ылайык кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет", - деп билдирди райондук милициянын басма сөз кызматы.

Милицияга арыз менен жабыркаган кызматкердин атасы Сергей Ким кайрылган. Ал "Азаттыкка" комментарий берип, уулун Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Абас Үсөнөв деген жаран сабап, зомбулук көрсөткөнүн билдирди.

"Уулум Улуттук госпиталда болчу, бүгүн үйгө чыгарышты. 27-декабрда Жогорку Кеңештин кызматкерлери жаңы жылдык кече өткөрүптүр. Ал уюштуруу комитетинде жүрүптүр. Кече бүтүп, баары кеткенден кийинкиси эсинде жок экенин айтып жатат. Эсине келсе, колу байланып жатыптыр, жетекчиси аны сөгүп, эки жолу урган экен. Андан сырткары эки киши болуптур, аларды тааныбайт экен. Алар дагы урса керек. Эгер жекеме-жеке урушса мейли дейт элем, бирок колун байлап алып урган болбойт да. Балам жаш, эми өмүр бою башынан жабыркайт да. Денесиндеги жаракат эч нерсе эмес, башы жабыркап жатпайбы", - деди ал.

Сергей Ким маалымдагандай, 34 жаштагы уулу Руслан Ким Жогорку Кеңештин аппаратында 10 жылдан бери иштейт, ал эки баланын атасы.

Уулу зомбулуктун курмандыгы болгонун айткан ата парламенттин аппарат жетекчисине кат жолдогонун, Үсөновду жоопко тартууну суранганын кошумчалады.

Кимдин айтымында, Абас Үсөнов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде бөлүм башчысы болуп иштейт.

Жабыркаган тарап күнөөлөп жаткан Абас Үсөнов аттуу жаран менен байланышканыбызда, ал өз дарегине айтылган дооматтарды четке какты:

"Азыр тергөө жүрүп жатат. Сүрөттөрү чыкканы менен тергөө иштери жыйынтыкталып калды, ал жерде такыр башкача болгон. Ал мас абалда болгон. Айткандардын баары чындыкка жатпайт. Божомол менен эле каралоо болуп жатат".

Ал тапта Жогорку Кеңештин маалымат кызматы окуя боюнча "Азаттыкка" комментарий берип, жаңжал иш маалында эмес, жаңы жылдык кечеден кийин болгонун билдирди.

"Бул окуя иш учурунан же корпоративден тышкаркы убакта болгон экен. Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтар окуяны иликтеп, баа берет. Бул жагымсыз жагдай парламенттин аппаратынын жетекчилигинин да көзөмөлүндө. Андыктан тергөөнүн жыйынтыгына жана мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлерди мындай ур-токмокко жеткирген окуяга эмне себеп болгону азырынча так белгисиз.

Адатта Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер же башка эмгек жамааттары жыл соңунда жаңы жылдык кечелерди салттуу түрдө өткөрүшөт. Андай кечелерде болгон одоно көрүнүштөр коомчулуктун сынына кабылган окуялар буга чейин да катталган.

Быйыл 1-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик мекемелерди Жаңы жылды майрамдоодо салют-фейерверк атууну токтотууга жана кызматкерлерин майрамдык корпоративдик кечелерди өткөрүүдөн баш тартууга үндөгөн.

Ал мындай иш-чараларга кеткен чыгымды муктаж адамдарга жумшоону сунуштаган.

Соцтармактарда Ташиевдин пикирин коомчулук ар кандай кабыл алып, айрымдары сындаса, кээси колдогон пикирлерди жазган.

Шерине

XS
SM
MD
LG