Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Булак-Башыдагы ок атышуу: эки тараптын дооматы


Кыргызстандын Ак-Сай айылындагы чек ара тозоту. Айыл Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат. Ок атышуу болгон Булак-Башы аймагы анклавдын чыгыш тарабында.
Кыргызстандын Ак-Сай айылындагы чек ара тозоту. Айыл Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат. Ок атышуу болгон Булак-Башы аймагы анклавдын чыгыш тарабында.

Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы саат 17.30гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде кырдаал чыңалган бойдон турганын маалымдады.

Булак-Башы аймагында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда тараптар куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдирди.

Жолугушууда эки тарап Булак-Башыдагы чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоону, окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды артка кайтарууну жана эки өлкөнүн чек ара постторунун башчыларын күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирүүнү макулдашты.

Ошондой эле мурда казылган траншеяларды көөмп, жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук жаратпоону сүйлөшүштү.

Расмий билдирүүдө эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын делегациялары жакынкы күндөрү кайра жолугары айтылды.

Абдикарим Алимбаев.
Абдикарим Алимбаев.

Буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев чек арадагы ок атышуу боюнча Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражжабой Ахмадзода менен телефондон сүйлөшүп, кырдаал оорлоп кетпеши үчүн аракеттер жүрүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирген.

“Учурда чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын тиешелүү жетекчиликтери тажикстандык кесиптештерине жолугуп, сүйлөшүп, окуя эмнеден тутанганын иликтеп жатат. Кырдаалды көзөмөлдөп, чек ара аймактарында абалды туруктуу кармоо үчүн Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси менен сүйлөштүм. Тиешелүү тапшырмаларды бердик. Окуядан кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Чек арада абал туруктуу”, - деди Абдыкарим Алимбаев.

“Азаттыктын” тажик кызматынын жазышынча, Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода Булак-Башы аймагында 14-июнда болгон атышуу түшүнбөстүктөн чыкканын, окуя болгон жер Ворух анклавынын борборунан 20 чакырымдай алыс экенин айткан.

Ражаббой Ахмадзода.
Ражаббой Ахмадзода.

“Таңкы саат алтыда (Дүйшөмбү убактысы боюнча) эки тараптын ортосунда түшүнбөстүктүн айынан беш мүнөткө созулган ок атышуу болду. Окуя боюнча эки өлкөнүн Аскер прокуратуралары териштирүү ишин баштады. Окуянын себептерин жумушчу топ иликтеп чыгат”, - деп билдирди Ахмадзода.

Ага чейин "Азаттыктын" тажик кызматы атышуудан 26 жаштагы тажик чек арасы каза тапканын жазган. Анонимдүү булак чек арачы Жайхун районунун тургуну экенин, сөөгү Исфарадагы ооруканалардын биринин өлүкканасында кармалып турганын айтып берген.

Бирок Ражаббой Ахмадзода тажик чек арачысы ок атышуу учурунда каза болгонун четке кагып же тастыктаган эмес.

Кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуу тууралуу билдирүү таратып, анда 26 жаштагы бир чек арачы жарадар болгонун билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен куралдуу жаңжалда бир адам каза болгонун жазган. Мамлекеттик мекеме өз маалыматында бул кабарды ырастаган эмес.

Тажик ТИМи билдирүүсүндө, ок атууга кыргыз тарапты айыптап, "окту биринчи Кыргызстандын чек арачылары чыгарганын" келтирет.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган. Андан кийин Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирген.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган.

Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын маалымдаган.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан. Ворухтан тышкары Кыргызстанда бул өлкөнүн Кайрагач деген анклавы да бар. Эки өлкө ортосунда чек ара маселеси толук чечилип бүтө элек.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун пикиринде чек арада талаш жаратпоо үчүн эки тарап мурда ратификациядан өткөн шарттуу чек ара сызыгы менен иш алып барууга тийиш.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

“1991-жылы СССР кулаган учурда анклавдарды, шарттуу чек ара сызыгын бардык тараптар тааныган. Ошол боюнча иш алып барып, кошуна менен сый мамиледе талаптарды орундуу коюп сүйлөшүү керек. 2010-жылы Өзбекстандын Сох анклавындагы аскердик оор техникаларды чыгаруу оор болгон. Бирок кошуналарга жүйөлүү маселени коюп, эреже-талаптарды, макулдашууларды баарын сабаттуу алып баруу керек. Ошол жылы Сохтон элүүдөн ашуун аскердик оор техниканы чыгарганбыз. Коопсуздугуна кепилдик берип, убаданы аткаруу керек. Ворух менен да ошондой иш алып барууга мезгил жетти. Ар жерде ар башка сүйлөп, жолугууну басым менен өткөрүү да мүмкүн эмес. Баары жүргүзгөн саясат менен мамилеге жараша чечиле”, - деди Исмаил Исаков.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымы такталганын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында бул маалыматты ырастаган.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Чек ара тактала электигине байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз жаңжал чыгып турат.

Баткен: Чек ара чыры качан токтойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:53:15 0:00

XS
SM
MD
LG