Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Бадахшан: Мамадбокиров лидерби, кылмышкерби же оппозиционерби?


Мамадбокир Мамадбокиров.
Мамадбокир Мамадбокиров.

Тажикстандын чыгышындагы үч жүз миңдей тургуну бар Хорог шаарынан тараган Тоолуу Бадахшан автоном облусунун (ТБАО) таасири күчтүү бейформал лидерлеринин бири Мамадбокир Мамадбокировдун өлтүрүлүшү жөнүндөгү кабар бардык регионалдык жана эл аралык маалымат каражаттарына чагылгандай тез тарады.

Тажикстандын бийлиги аны "райондук кылмыштуу топтун лидери" катары көрсөтүп, ички тирештин айынан өлгөнүн билдирди.

Аны тарапташтары жана чет жердеги оппозиция расмий Дүйшөмбүгө баш ийгиси келбегендиги үчүн өмүрү кыйылган элдик лидер деп эсептейт.

Кандай болгон күндө да Мамадбокировдун өлүмү эксперттердин баамында борбор менен ТБАОнун ортосундагы ансыз да салкын мамилени ого бетер курчутту.

Мамадбокир ким болгон?

Эл арасында Бокир деген атка конгон 59 жаштагы Тажикстандын УКМКсынын чек ара кызматынын отставкадагы полковниги расмий түрдө бир да жолу саясий дымагын көрсөткөн эмес.

Ошентсе да анын ТБАОдогу процесстерге тийгизген таасирине жана атак-даңкына Тажикстандын көпчүлүк депутаттары менен губернаторлору суктанышы мүмкүн эле.

Мындай "саясий ийгиликтин сырын" тараптар ар түрдүүчө түшүндүрөт. Укук коргоо органдары өз маалыматтарында 2012-жылдан тартып эле Мамадбокиров Бархорог кичи районунда кылмыштуу топтун уюштуруучусу болгонун, өз карамагында көп сандаган курал-жарагы бар экенин, бандиттик менен алектенип адам уурдаганын, башаламандык уюштуруп, атүгүл киши өлтүрүп, зордуктаганын байма-бай белгилеп келишкен.

Тажикстандын атайын кызматына жакын социалдык баракчаларда жарыяланган маалыматка ылайык, 1995-жылдан 2022-жылга чейин Мамадбокировго каршы 34 жазык иши козголгон.

Бирок Бокирдин жакындары анын катуу киши болгонун, бирок адам өлтүрүүгө жана башка оор кылмыштарга жөндөмдүү мыкаачы эместигин, ал эми ага каршы сөздөр тек анын ысымын эл алдында каралоо максатында тараганын айтышкан.

"Ал негизинен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен чыр-чатакка барган, анын аброю айрыкча жаштар арасында жогору эле. Күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо максатында көбүнесе ага жолобоого аракет кылышчу" деп белгилешкен жакындары.

Тавилдарадан Мургабга чейин

Токсонунчу жылдары Мамадбокир Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) куралдуу күчтөрүнүн курамында Тавилдара районундагы согуштук аракеттерге жигердүү катышкан.

1997-жылы БТО менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосунда тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин ал полковник наамын алып, Кытай жана Кыргызстан менен чектеш Мургаб районунун чек ара бөлүктөрүнүн бирин башкарган.

"Орусиянын аскерлери ТБАОнун чек арага чектеш райондорунан кете баштаганда тажик күч түзүмдөрү дүрбөлөңгө түштү. Чек араны өз алдынча коргоо, бөлүктөрдү кармоо тажыйбасы ж.б.у.с. жок эле. Тутум көп жагынан ыдырай баштады. Мына ошол учурда Бокир күтүүсүздөн өзүн ишбилги жана эрки күчтүү жетекчи катары көрсөттү. Ошол кездеги кыйынчылыктарга карабай, ал өз бөлүгүн эң үлгүлүү деңгээлге жеткирүү үчүн каражат жана мүмкүнчүлүктөрдү тапкан", - дейт Мамадбокировдун жакын досу.

Анын айтканына караганда, кайсы аймактан экенине карабай, Бокир өз жоокерлерин ишке орноштуруп, тоюн өткөрүп, кызмат өтөп кеткенден кийин да колдоп турчу. Ошентип, жаштар арасында кадыр-барк тапкан.

"Өмүрүмдүн эң оор сегиз жылын мен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын коргоого сарптадым. Менин бөлүгүм эң алдыңкылардан деп эсептелсе да, мени кызматтан негизсиз кетиришти. 2007-жылы 730 кг героин таап алып, айрым аткаминерлердин "куйругун басып алганым" буга себеп болду. Ушундан кийин алар мени душман көрө башташты", - деп айткан Мамадбокиров 2012-жылы "Озоди" үналгысына курган маегинде.

Жарандык кийимчен аскер кишиси

Жакын тууганынын айтканына караганда, Мамадбокир аскерден кеткенден кийин саясатка аралаша баштаган. Бийлик өкүлдөрү менен тиреши ошондо башталган.

"Ал оюндагысын жашырбай айткан адам эле. Кызуу кандуулукка алдырып ойлонбой кылган иштери, атүгүл өзүнө өтө жакын кишилерди таарынткан күндөрү болгон. Кийин өз жоругуна өкүнүп, кечирим сурачу", - дейт тууганы.

Анын маалыматына ылайык, Мамадбокиров 80-жылдардын ортосунда жердеш кызы ага даттанганы үчүн Дүйшөмбүдө Ооганстандан келген студентти сабап салган. Натыйжада сот аны төрт жылга абакка кескен. 2018-жылы ТБАОнун бейрасмий лидерлери мыйзамсыз иш-аракеттерге барбайбыз деген расмий эскертүү тууралуу протоколдорго кол коюшкан. Ушундан кийин аларды борборго чакырышып, Тажикстандын бөлөк аймактарын кыдыртышкан. Мамадбокиров күч түзүмдөрүнүн чакыруусунан расмий түрдө баш тарткан.

"Акыркы жылдары анын башына оор түйшүк түшкөн эле. Бир тараптан бийлик кысымга алып, экинчи тараптан ага карапайым калк келип, күч түзүмдөрүнүн аша чаап жатканын айтып даттанышчу. Өзүнө канчалык кооптуу экендигин билсе да, ал элдин үнүн угуп, чыр-чатактарга аралашып турчу, анткени өз жоопкерчилигин сезер эле", - дейт Мамадбокирдин санаалаштарынын бири.

Анын айтымында, Бокирдин тиричилиги анча жакшы эмес болчу. Ал өзүнүн Мургабда калган топоздорунун эсебинен жашап, эскилиги жеткен "Опел Зафирасын" минип жүрчү.

"Ага келген күч түзүмдөрү Бокирдин эсепсиз байлыгы тууралуу имиштер жалган экенин, ал өз туруму жөнүндө ачык айткан жөнөкөй жаран экендигин түшүнгөндө, күч түзүмүнүн бул чөлкөмгө жиберилген жетекчилери таң калышчу", - деп белгилейт биздин маектеш.

"Мамадбокир – өз доорунун уулу"

Оппозициялык саясатчы жана бир кездеги Мамадбокировдун жакын санаалашы Алим Шерзамонов мындай дейт:

"Бийликтегилер аймактын көйгөйлөрү Мамадбокирдин айынан болуп жатат деп жаңылышчу. Алар чынында кишилер бардык аймактарда бирдей, бөлөк жерлердеги мамилени ТБАОдо да кылабыз деп эсептешет. Бирок социалдык өнүгүүнүн объективдүү факторлору бар. Биз Тажикстанга 1929-жылы кошулганбыз. Ага чейин аймак өз тарыхында эч качан бир дагы мамлекетке мындай унитардык түрдө баш ийген эмес жана башкарууда дайыма өз автономиясын сактаган. Бул коомдо кишилер тең болуп, ал эми дыйкандар атүгүл эмирдин дайындаган кишисине да «сен» деп кайрыла алышчу. Анткени бул тилдерде кайрылуунун бөлөк түрү жок жана болгон да эмес. Бул жакшы дагы, жаман дагы эмес. Мындай өзгөчөлүк аймактын экономикалык өнүгүшү менен шартталган. Таазим этүү жана дипломатия экономика өнүккөн жана өндүрүш жолго коюлган жана болмуш аң-сезимди аныктаган жерде башталат. Ошол себептүү памирликтердин мүнөзү коженттиктерден жакынкы жүз жылда деле айырмалана берет".

Анын сөзүнө караганда, мындай коомдо улам барган сайын кандайдыр бир бейформал инстанцияга айланган Мамадбокир сыяктуу адамдарга муктаждык ар дайым боло берет.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

Тоолуу Бадахшан: Рахмондун бийлиги жашырган чындык
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:27 0:00

XS
SM
MD
LG