Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Украинадагы журтташтар: жертөлөдө түнөдүк


Метродо баш калкалаган эл. Киев, Украина.
Метродо баш калкалаган эл. Киев, Украина.

Украинада чыңалган абалдан улам бул өлкөдөгү кыргызстандыктар түндү кооптонуу менен өткөрүшкөн. Айрымдары жергиликтүү тургундар менен бирге метро жана жертөлөдө баш калкалап жатканын жазышууда.

Украинадагы чыңалган кырдаалдан улам ал жактагы кыргызстандыктарга байланышуу кыйынчылык жаратууда. "Азаттык" менен кабарлашкан айрым мекендештер баш калкалоо үчүн метро жана жертөлөдө жашынып жатканын айтышууда.

Мекендештердин бири Турдубек 24-февралда Киевден чыгып кете албай, кайра үйүнө кайтып келгенин билдирди. Ал көпчүлүк менен бирге жертөлөдө отурганын, түндө Киевдин айрым райондору аткыланганын жазды.

"Азыр жертөлөдөбүз. Киевди ракета менен аткылашып, Осокорки районундагы бир турак үйгө бомба түшүп, өрт чыгыптыр. Түнкү саат үчтө сокку башталат деген. Чын эле октун үнүн уктук".

Атын атагысы келбеген дагы бир мекендешибиз учурда Украинанын Луганск облусунун борбору Северодонецк шаарында турат. Аймак Украинанын көзөмөлүндө. Ал маал-маалы менен октун үнү жаңырып, абал таңга жуук гана тынчыганын билдирди.

Анын айтымында, учурда азык-түлүк саткан бир гана дүкөн иштебесе, калган коомдук жайлардын баары жабылган. Мектептерде окуу онлайн болот дешкени менен сабак болгон эмес. Шаарда кыймыл дээрлик токтогон.

"Түндө бир аз абал чыңалды. Түнкү саат экиге чейин артиллериялык соккуларды угуп жаттык. Таңга маал атышуу бир аз басаңдады. Негизи биз турган жерди "коопсуз аймак" деп айтуу кыйын. Кырдаал тез өзгөрүп жатат. Украина көзөмөлдөп тургандыктан биз бир аз коопсуз жердебиз. Бирок бомбадан качуучу, коргонуучу жайдын жанында, 20-30 метрдей эле аралыкта турабыз. Ал жерде такыр шарт, даараткана да жок экен. Совет мезгилинде курулуптур. Ага өтө мажбур болгондо гана кирели деп турабыз", - деди маектешибиз.

Украинадагы мекендешибиздин айтымында, азырынча шаардан чыгып кетүүгө коридор жок.

"Азыр шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби, кайсы жактан чыгып кетебиз деген суроо болуп жатат. Аба майдандардын бардыгы иштебейт. Дээрлик бардык шаарларго чабуул болуп жатат. Эң коопсуз деген Украинанын батыш тарабындагы Львов, Ивано-Франковск шаарлары дагы коркунучка кабылды. Коридор жок, чыгып кете албай жатабыз. Ошондуктан ар ким өз коопсуздугун ойлоп, күтүп турганы оң. Абал бир аз тынчыгында чыгып кетиш керек".

Атын атагысы келбеген мекендешибиз Украинанын Мариупол, Донецк, Киев жана башка шаарларындагы кыргызстандыктар бири-бири менен байланышып жатканын айтты.

Ушул тапта Бермет аттуу Твиттер колдонуучу Украинанын баш калаасы Киевде коопсуздук сиренасы маал-маалы менен жаңырып, көпчүлүк менен бирге жер астындагы машина токтоочу жайда баш калкалап отурганын жазды.

"Ар эки саатта коопсуздук сиренесы жаңырып жатат. Ушул нерсе чарчатып-чаалыктырат. Киевдеги башка кыргыздар менен өзбектерге жетип, бардыгыбыз жер астындагы унаа токтотуучу жайга баш калкаладык. Сиреналар жана абадан коркунуч болоору тууралуу эскертүүлөр болду. Бардыгы жертөлөдө, баш калкалоочу жайларда отурушат. Ал жерде менин байланышым начар. Саат сайын Киевге кирип келишери тууралуу кабар айтылып жатат. Ошол себептүү өткөн түнү биз бир нече жолу жер астындагы унаа токтоочу жайга, подъездге, короого чыктык. Турак жайдын тургундары дагы жел толтурулган матрацтары, уктоочу мүшөк, үстөлдөрү менен ылдый түшүштү. Айрымдары машиналарында отурат. Биз элчилик менен кечээ байланышканбыз. Азырынча алар башкалар сыяктуу эле бизди чыгарып кете алышпайт. Негизи учурда кайсы бир багытка кетүү оор жана кооптуу", - деп жазды өзүнүн Твиттер баракчасына.


Шерали аттуу мекендешибиз дагы Киевдин четки райондорунда оор техника, танктар келип токтогонун, бул дагы элди дүрбөлөңгө салганын билдирди. Ал үй-бүлөсү менен өзү жашаган үйдүн жертөлөсүндө баш калкалап жатышканын айтты.

Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаилов Киевдеги абал тууралуу айтып берди:

"Азыр Киевдин айрым райондору тынч эле. Танктар кирип келген аймактарда бир аз дүрбөлөңгө түшүп жатат. Түндө айрымдар үйүндө, кээ бири метро, бомбалоонун баш калкалоочу жайларда болушту. Таңга жуук саат төрттө жардыруулар башталды. Ошондон коркуп үйүнөн убактылуу коопсуз жайларга чыгып кеткендер дагы бар. Тамак-аш жетиштүү эле, дүкөндүн текчелери бошогон жок. Элдин көбү Польша, Молдовага кетип калганы үчүн Киевде азык-түлүк жетиштүү болуп жатат окшойт. Эл дүрбөлөң түшүп, Киев бошоп калды".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинада аба каттамдары токтоп, кыргыз жарандарын эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын маалымдады. Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылган.

Министрликтин маалымат департаментинин жетекчиси Нурлан Суеркулов "Азаттыкка" элчиликти көчүрүү тууралуу маселе азыр күн тартибинде жок экенин айтты.

"Элчилик азыр штаттык тартипте иштеп жатат. Алар Украинадагы кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта. Аларга кеп-кеңеш берип жатат. Азыркы учурда телефон чалуулар болууда. 200дөн ашуун консультация берилип, алдын ала тизме түзүлдү. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү иш-чаралар өткөрүлөт, элчилик иштеп жатат".

Тышкы саясат боюнча мекеменин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. ТИМ учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Ал арада тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу 24-февралда өткөн.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенконун жолугушуусу. 25-февраль, 2022-жыл.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенконун жолугушуусу. 25-февраль, 2022-жыл.

Элчи министрге Украинадагы абал жөнүндө маалымат берген. Казакбаев конфликт жакын арада жөнгө салынарына ишеним артып, абал курчуп кетпеши үчүн эл аралык уюмдардын аянтчасында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде дипломатиялык жол менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жана Украинадагы элчиликте консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жатканын кабарлады.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,
+380442370346,
+380442370348 "WhatsApp".

Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000
+996 703 428 865
+996 709 983 465
++996 554 065 215.

XS
SM
MD
LG