Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

"Киев-Москва чырында Түркия ортомчу позицияны карманат"


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бейшембиде Орусия жана Украинадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңештин чукул жыйынын чогултту. Украинанын Анкарадагы элчиси түрк бийлигинен Киевге гуманитардык жардам жөнөтүүнү өтүндү.

Эки өлкө менен тең стратегиялык өнөктөш Анкаранын акыркы кырдаал боюнча позициясы кандай болот? Түркиядагы Чанкыры Каратекин университетинин Эл аралык укук факультетинин доценти, теги кыргызстандык Саадат Рустемова-Демиржи "Азаттыкка" маек курду.

Саадат Рустемова-Демиржи.
Саадат Рустемова-Демиржи.

- Акыркы кырдаал Владимир Путиндин Луганск менен Донецк аймактарын расмий тааныгандан кийин күтүлүп жаткан. Путиндин Украинада эки максаты бар: Крым жана Батышка жакындоо. Крым менен буга чейин деңиз аркылуу гана байланышып турган. Луганск жана Донецкини тааныгандан кийин Крымга жакын боло баштайт. Бул кадам Орусия үчүн абдан маанилүү болчу. Орусиянын Батышка эшиги Беларус аркылуу ачылгандыктан, ал тарап да маанилүү. Беларустун башында турган Александр Лукашенко Орусия менен "бир күн дос, башка күнү душман" деген саясатты жүргүзүп жатат. Андыктан, орус бийлиги Лукашенкого ишене албайт. Луганск менен Донецк Орусияга ыктаса, Беларус менен ымалага деле зарылчылык деле болбойт.

- Эки өлкө менен тең өнөктөш болгон Түркиянын позициясы кандай болушу мүмкүн?

- Түркиянын НАТОго мүчө болгонуна быйыл 70 жыл болду. Бирок Анкара АКШга да, Батыш өлкөлөрүнө да ишенбестик артып келет. Түркия Украинаны да, Орусияны да эч качан жоготкусу келбейт. Орусияга каршы чыга албайт. Анткени, бир канча стратегиялык келишимдери бар. Булар С-400 жана Сириядагы кырдаал боюнча келишимдер, анан албетте, эки өлкө менен тең Кара деңизде чектешкендиктен, мамилесин бузгусу келбейт. Тескерисинче, Батыш менен АКШнын Орусия менен мамилесин жакшыртууга дипломатиялык кадам жасоого аракет кылат деп ойлойм. Өзгөчө, Түркия орусиялык жана украиналык туристтерге муктаж. Ошондуктан эки өлкө менен тең мамилесин бузбаганга умтулат.

- "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы бейшембиден тарта Украинага каттамдарды токтотконун кабарлады. Түрк бийлиги болсо ушул күнү Коопсуздук кеңешин чукул чогултканы маалым болду. Украинанын Анкарадагы элчилиги гуманитардык жардам сурады. Түркия кандай жардам бере алат?

- Украинанын Түркияга эки өтүнүчү бар. Биринчиси, Орусиянын аскердик кемелеринин Босфор кысыгынан Кара деңизге өткөрбөө, экинчиси, гуманитардык жардам. Босфор кысыгын жабуу талабы аткарылабы же жокпу, азырынча белгисиз. Анткени, Түркия Орусия менен ымаласын бузгусу келбейт. Ал эми гуманитардык жардам жиберилет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG