Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

"Донбасс боюнча өтө кылдат дипломатия керек"


Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Донбасстагы соңку кырдаалдын Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга түздөн-түз таасири болот. Бул тууралуу тарыхчы, дипломат Алмаз Кулматов "Азаттыкка" маегинде билдирди. Анын айтымында, кыргыз бийлиги учурдагы кырдаалда өтө кылдат позицияны ээлеши керек.

- Алмаз мырза, орус бийлиги Украинанын чыгышындагы жикчил түзүмдөрдү расмий түрдө таанып, аскер киргизди. Муну менен канча убакыттан бери чыңалып турган абал кескин курчуду. Орус бийлигинин соңку чечиминин Кыргызстанга кандай таасири болот?

- Тике жана кыйыр таасирлери болот. Кыйыр таасирин айтсак, экономикалык жактан эки жикчил аймакты тааныгын Орусия да, чабуулга кабылган Украина да Борбор Азия өлкөлөрүнүн эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. Экинчиден, Орусия биз күч менен жетеленип кирген, ага чейин Казакстан, Беларус кирген ЕАЭБдин башкы мүчөсү. Мындан сырткары ШКУ, КМШ, ЖККУ сыяктуу уюмдардын алкагында шериктешпиз. Андан сырткары Борбор Азиядагы миллиондогон адамдар бала-чакасы менен Орусияда эмгектенип, оокатын кылып жүрөт. Алар жөнөткөн каражатка мекенинде жакындары жансактап жатат. Алардын акыбалы кандай болот, бул өзүнчө маселе.

Согуш бул - чыгым, жоготуу, азап-тозок, муң-кайгы. Буга кошумча Орусияга карата санкциялар катаалдаган жатат. АКШ буга чейин эле санкцияларды күчөтөрүн жарыялаган. Бүгүн Британ өкмөтү бул маселе боюнча жыйынга чогулуп жатат. Бул өлкө деле аймагы кичинекей болгону менен дүйнөдөгү абалга таасири бар кубаттуу держава. Алар банк, каржы тармагында санкцияларды салса Орусия менен тыгыз кызматташтыктагы бизге залакасы тиет.

Мындан сырткары, саясий таасири, залакасы болот. Сөзсүз түрдө тигил же бул позицияны, тарапты тандоого туура келет. Мындай өтө айлакер, өтө этият дипломатия талап кылынат. Себеби, Орусия өзүнө ымалалаш, жан тарткан өнөктөш издейт. Мисалы, эң жакын деген Кытай сылык-сыпаа түрдө "өзүңөр чечкиле, Минск келишимдерин аткарсаңар болмок" дегендей дароо жооп кайтарып койду. Ошондуктан, жикчил аталган эки түзүмдүн эгемендигин таануу керек деген маселени биздин алдыбызга кабыргасынын да коюшу мүмкүн. Кыйытышы да мүмкүн. Бул жакта, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде "5-колонна" делген же болбосо Кремлге жакшы көрүнүүнү каалаган саясий күчтөр да чыгышы ыктымал. Өз ичибизде жан тарткандар, этият эмес сүйлөгөндөр бар, алабармандарыбыз андан көп. Мына ушуларды колдонуп, жогорудагы маселелер коюлуп калышы мүмкүн. Дал ушул маселелерге келгенде бир топ чайналабыз.

- Мындай шартта кыргыз бийлиги өз саясатын кандай жүргүзүшү керек. Айрым адистер расмий Бишкектин алдында оор сыноо турат деп талдап жатышат. Дал ушул тандоонун кесепети аз болушу үчүн эмнелерге көңүл буруш керек?

- Бардык сыноодон чыкса болот. Дал ушундай сыноо келген учурда "өз коңшуңар менен өзүңөр маселени чечүү зарыл, ага аралашууга дараметибиз аз" дегендей нейтралдуу позицияны ээлесе болот. Же болбосо, дипломатияда унчукпай коюу дагы өзүнчө бир билдирүү, позиция. "Биз окуяларга көз салып турабыз" деп, эки дөө кармашса, ортодогу кара чымынга айланбагандай болушу керек.

- Маселен, коңшу Казакстан ЖККУнун алкагында аскер киргизбейбиз, Донбасстагы түзүмдөрдү тааныбасын расмий айтты. Бул учурда Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?

- Эми биздин расмийлер, бийлик өкүлдөрү позициянын үстүнөн ойлонуп жатса керек. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизүү үчүн БУУнун мандаты керек. Ошондуктан аттан мурун арабага түшүп, аскер киргизүүнү айтуунун өзү туура эмес. Мен жогоруда айткандай "бул маселеге кийлигишүү туура эмес, өзүңөр чечкиле" деген позицияны карманыш керек.

- Орус президенти Путин "Украина деген мамлекет болгон эмес" деп, СССРдин улуттар саясатын сынга алды. Бул билдирүү Украина сыяктуу эле башка өлкөлөргө багытталган жокпу?

- Эми орус лидери Украина жөнүндө буга чейинки көлөмдүү макаласында да 1922-жылы Совет мамлекети курулганда жасалма мамлекет катары түзүлгөн деген ушул сыяктуу тезисти айткан эле. СССРдин курамындагы бир топ мамлекеттерге тиешеси жок ал сөздөрдү биз "чымын чакпагандай" көрбөшүбүз керек. Эмоция менен акыркы кырдаалда чечим кабыл алынып жатканда Украинанын мамлекеттүүлүгү жок деген тезисти бекемдөө үчүн эле айтылды деп кабыл алышыбыз керек. Болбосо, Киев Русу түзүлүп Орусия этнос катары түзүлүп жатканда Борбор Азияда державалар болгон. Аны түзгөн этностордун азыркы күнгө чейин өз алдынча мамлекеттери бар. Кавказда 5000 жылдык тарыхы бар, биздин 2000 жылдык мамлекеттүүлүк тарыхыбыз бар, коңшу казактар мамлекеттүүлүгүнүн 500 жылдыгын белгилеп жүрөт. Борбор Азияда, Кавказда, СССР деп аталган дүйнөнүн алтыдан бир бөлүгүн ээлеген аймакта не бир мамлекеттер болгон. Ошолордун мураскорлорунун көзү тирүү, ат үстүндө, колу тизгинде. Албетте, айрымдары укугу чектелүү федерациянын курамында автономия абалында жүрөт. Орус президентинин Украинага карата акыркы ачуулуу кеби намыска тиет. Бирок биздин тарыхка карата шоона эшпей турганын мен тарыхчы катары айткым келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG