Талдоочулар орус-украин тирешинде дипломатиянын заманы бүткөнүн айтышууда. Анткени Орусия Украинанын жикчил аймагын биротоло таанып, ага аскер киргизе баштады.
Карама-каршылыкты күчөткөн Путиндин чечимине карата АКШ баштаган батыш өлкөлөрү катаал санкцияларды даярдай баштады. Британия чукул арада орусиялык бизнеске каршы катуу санкцияларды киргизип, НАТОнун чыгыш флангын чыңдай турганын билдирди.
АКШнын айыптоосу
Ак үйдүн расмий өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ шериктери менен кеңешкен соң Орусияга карата чараларды жарыялайт. Бирок алар канча катаал болору азыр ачык жарыялана элек.
АКШнын БУУдагы өкүлү Томас-Гринфилд Орусиянын соңку кадамдарын Украинага басып кирүү үчүн жасаган шылтоосу катары олуттуу айыптады:
"Ал жыйынтыгында орус аскерлерин бул аймактарга жайгаштырарын жарыялады. Ал муну бейпилдик күчтөрү деп атады. Бекер кеп. Биз алардын чындыгында кимдер экенин билебиз. Муну менен ал дүйнөнү тандоонун астына коюп койду. Биз бул учурду эрктүүлүк менен тосуп алып, четте карап турбашыбыз керек. Мындай кастыктын жолу канчалык кымбат болорун тарых тастыктаган. Бул Орусиянын БУУга мүчө Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө ачык кол салуусу. Анын үстүнө президент Путиндин бул кадамы Орусиянын Украинага дагы басып кирүүсү үчүн шылтоо экени талашсыз", - деди Томас-Гринфилд.
Мындай шартта Москванын соңку аракеттерине жооп катары катаал санкциялардын топтому тууралуу чечим кабыл алынары айтылууда.
Катаал санкцияларды кабыл алуу демилгеси
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон орусиялык бизнеске каршы чукул санкциялар киргизилерин жарыялап, Москвадан Украинага каршы мындан аркы аскердик аракеттерден оолак болууну талап кылды:
"Британия украин элин колдоо үчүн колунан келгендин баарын жасап, абдан күчтүү санкцияларды киргизет. Ал НАТОнун чыгыш флангын бизде колдо бар бардык чаралар менен бекемдейт. Украин элине коргонууга курал-жарак берген саналуу өлкөлөрдүн бири катары бул анын коргонуу жабдууларына муктаждыгын канааттандырат деген пикирдемин. Ошондой эле биз азыр туңгуюкта жана оор учурда турган Украинага дагы кандай жардам бере аларыбызды ойлонуп жатабыз", - деди Жонсон.
Азырынча Вашингтон банктык операцияларды чектөө, алдыңкы технологияларды Орусияга экспорттоого тыюу салуу жана Украинага ири өлчөмдө курал-жарак жеткирүү сыяктуу чараларды караштырып жатышы мүмкүн экени кабарланды.
Москва этият болууга чакырды
Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя кайра Батышты айыптап, кырдаалды курчутпоого чакырды:
"Мен биздин Батыштагы кесиптештерди ойлонуп, эмоциясын бир тарапка буруп, кырдаалды курчутпоого чакырат элем. Азыр Киевдин милитаристтик пландарын силерден башка эч ким токтото албайт. Луганск жана Донецк "элдик республикаларын" аткылап, чагым салуусун токтотууга силерден башка эч ким мажбурлай албайт. Бул жаңы шарттарда кол коюлган келишимдерге ылайык, өтө кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул республикалардын суроо-талабы боюнча алардын аймактарындагы тынчтыкты сактоону эми мындан ары Орусия федерациясынын куралдуу күчтөрү аткарат".
Батыш мындан ары Орусия эми жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакты таанууда анын азыркы абалы менен чектелеби же жокпу, жагдайды байкап жатканы айтылууда. Москва жикчилдерди таанып, Киевге басым жасап, андан аркы күтүүсүз кадамдары аркылуу кырдаалды курчутуп, башкы максатына жетишүүнү көздөп жатканы белгиленди.
Киевге күч көрсөтүүнүн жаңы толкуну
Украиналык саясат талдоочу Владимир Фесенко Кремл күч көргөзүү аркылуу өзүнүн шарттарына мажбурлоо жолун тандап алганын айтты:
"ДНР" менен "ЛНРдин" таанылышы Минск келишимдерин жокко чыгара турганын түшүнүү керек. Ошондуктан, эң логикалуу вариант– бул Украинаны орусиялык шарттарда согуш аркылуу тынчтыкка мажбурлоо аракети. Ал эми Нарышкинге келсек, менимче, бул жерде маселе анын башка көз карашта болгондугунда эмес. Менин оюмча, ал залдагылардын айрымдары Батыш менен түз аскердик кагылышууну каалашпайт. Бирок ал жөнүндө ачык айтуу коркунучтуу. Анан, албетте, алар бул авантюранын түшүнүксүз жана күтүүсүз кесепеттеринен чочулап турушат”.
Кырдаалдын мындан аркы курчушу же басаңдашы Орусиянын көмүскө пландары менен байланыштуу дегендер да бар. Москванын Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды жана 2014-жылы аннексиялап алган Крымды расмий таанытууга мажбурлоодон башка дагы кандай чараларга барышы мүмкүн экени азырынча белгисиз. Бирок саясий аналитиктер Украинанын мамлекеттүүлүгү тууралуу маселе коюп жаткан Путиндин сөзүнөн кооптуу “сигналды” көрүшөт.
Орусиялык саясат таануучу Иван Преображенский Москва бекитилген план менен иш алып барып жатканын айтып, абалга жараша ага өзгөртүү киргизип жатышы мүмкүн экенин белгиледи:
“Коопсуздук Кеңешинде Орусия колдончу бардык мүмкүнчүлүктөр аныкталган. Анын ичинен кайсынысын тандайт? Бул башка маселе. Бул Украинага психологиялык жактан кысым жасоого тийиш болгон түшүнүксүз коркунуч. Кыязы, Орусия мурда кабыл алган план боюнча баратат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасынын” өз алдынчалыгын тааныган. Кызматташуу тууралуу келишимге дагы кол коюлду.
Бул чечимди 22-февралда Мамдума бекитти. Украинанын Радасы эл аралык коомчулукка кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Украин парламенти Батышты Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө үндөдү.