Орусиянын Жогорку соту “чет элдик агенттер” реестрине кирген "Мемориал" эл аралык укук коргоо уюмун жоюу чечимин чыгарды.
Бул боюнча Орусиянын Башкы прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылган. Буга бир жылдай мурун “Мемориал” уюму “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамды бузганы боюнча түзүлгөн бир нече административдик протоколдор себеп болду.
"Мемориал" уюмун фашизмге салыштыруу
Москвада 28-декабрда Жогорку соттун алдына чогулган ондогон адамдар "Мемориал" эл аралык уюмун жабууга каршы "Уят" деп кыйкырып турушту. Прокурор Алексей Жафяров сотто "Мемориал" алгач курман болгондорду эскерип, бирок кийин ал багытын өзгөртүп, советтик доорду каралаган уюмга айланган" деди. Прокурор "Мемориал" СССРге террордук мамлекет катары образ жаратып, фашизмдин кылмыштарын актоого аракеттенет деген доомат койду.
Жогорку соттун судьясы Алла Назарова уюмду жоюуну канааттандырган чечимин жарыялады:
"Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын административдик доосу канааттандырылсын. Сот "Мемориал" тарыхый-агартуучу, кайрымдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык коомдук уюмун жана анын аймактык түзүмдөрү менен башка бөлүмдөрүн жоюу чечимин чыгарды", - деп Назарова сот чечимин окуп берди.
"Мемориалдын" аткаруучу директору Елена Жемкова сотто мамлекет репрессия курмандыктарынын элесин түбөлүк калтыруусу маанилүү экенин белгиледи. Ал уюмдун 33 жылдык эмгеги Орусиядагы тарыхый адилеттикти калыбына келтирүүгө гана багытталганын айтты.
Уюмдун юристи Мария Эйсмонт "Мемориал" эл аралык фонддор аркылуу каржыланганын эч качан жашырбаганын, каржы булактары ачык экенин билдирди. Бирок анын келтирген жүйөлөрүнүн бирин да сот эске алган эмес.
"Бүгүнкү окуя абдан өкүнүчтүү болду. Бирок биз буга даяр эмес элек деп айтуу чындыкка коошпойт. Тилекке каршы, азыркы сот тутумунун алдын ала күтүлгөн эле натыйжаларынын бири болду. Албетте, муну менен эле бардыгы бүтүп калбайт. Биз апелляциялык арыз беребиз. “Мемориал” эл арасында жашай берет. Анткени анын артында эң биринчи кезекте ушул улуу ишке кызмат кылган адамдар турат. Иш улантылат", - деди юрист Мария Эйсмонт.
"Сталиндик репрессияга бараткан жол"
Мындан сырткары сот жараянында юрист Эйсмонт "Мемориал" уюму СССРди террордук мамлекет катары көрсөткөн" деген дооматка карата "мамлекет актоого аргасыз болгон 800 миң адамга эмне болгон, анда аларды кайсы режим жок кылган, деги өлкөдө террор болгонбу? деген бир топ каршы суроолорду берди. Бирок мамлекеттик айыптоону колдогон доочу тарап – прокурорлор буга жооп кайтара алган эмес.
Орусиядагы "Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский сот чечимин мындай мүнөздөдү:
"Бул нерсе бизге Орусия авторитардык Путиндик системадан Орусиядагы кандайдыр бир постмодерндик тоталитардык системага өтүп баратканын кабарлап жатат. Анын советтик режим менен, ал тургай жарым-жартылай сталиндик тоталитардык режим менен байланышы бар. Демек, бул абдан коркунучтуу", - деди оппозициячыл саясатчы Явлинский.
Сотко чейин сыртта "Мемориалга" каршы плакат көтөргөн үч киши кармалганы кабарланды. Алар бул уюмду фашизмге байланыштырып, “ага каршы Советтер Союзу, "Орусияны ардагерлери" күрөшөт” деген жазуулары бар плакаттарды колдоруна кармап алышкан. Кийин "Мемориалды" колдогон плакаттарды көтөргөн эки киши пикет учурунда кармалганы айтылды.
"Мемориал" эл аралык уюму 2016-жылы бейөкмөт уюмдардын "чет элдик агенттер" реестрине киргизилген. Бул уюм СССРдеги жана Орусиядагы репрессияны изилдеген эң алгачкы уюм. Ал 1989-жылы негизделип, алгачкы төрагасы Нобел сыйлыгынын ээси Андрей Сахаров болгон.
Орусиянын Башкы көзөмөл органы быйыл 11-ноябрда уюмду жоюу боюнча Жогорку Сотко доо арыз берген.
Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча коомдук кеңеш "Мемориал" уюмун жоюу демилгесин адилетсиз деп баалаган. Европа Кеңеши да орус бийлигин андан баш тартууга чакырган. Буга жооп катары орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Мемориал" уюмунда мыйзамдарды сактоодо көптөн бери көйгөйлөр бар" деп билдирген.
Жүздөгөн орусиялык жана чет элдик маданият ишмерлери менен Нобел сыйлыгынын ээлери президент Владимир Путинден уюмду сактап калууну өтүнүп, кайрылган болчу. Бирок кайрылуу жоопсуз калган.