АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин телекөпүрөcү эки саатка созулду.
Анда эки тараптуу мамиледен баштап, азыркы эл аралык абалдын орчундуу маселелери, орус-украин чек арасындагы чыңалуу талкууланды.
Бул видео сүйлөшүү Батыш менен Киев Москва Украинага кол салууга даярданганын чалгын маалыматка таянып айтып чыгып, мамиле курчуган учурга туура келди.
7-декабрда Москва убактысы боюнча кечки саат алтыда Путин Сочидеги резиденциядан, Байден Вашингтондо Ак үйдөн видео байланышка чыкты. Эки лидердин телекөпүрөсү жабык өтүп, журналисттер катышкан жок. Президенттер учурашкан кыска гана видео жарыяланды. Ак үйдүн басма сөз кызматы бул видео сүйлөшүү тууралуу кыскача кабар таратты.
Сүйлөшүүдөн кийин биргелешкен билдирүү жасоо күтүлбөй турганы алдын ала айтылды.
Телекөпүрөнүн күн тартиби
Видео жолугушууда АКШ-Орусия мамилеси, стратегиялык туруктуулук, киберкоопсуздук, чөлкөмдүк коопсуздук маселеси талкууланды. Президент Байден Украинага чектеш жерге Орусия аскер күчтөрүн топтоп, жайгаштырып жатканына АКШ кабатыр экенин айтты.
Ал Вашингтон Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн коргой турганын толугу менен колдоорун ырастады. Байден Путинге эгерде ал Украинага басып кирсе, Орусия жана анын финансы тутуму эң катаал экономикалык санкцияга дуушар болорун эскертти.
Сүйлөшүүнүн алдында Жо Байден орусиялык агрессияны токтотуу үчүн бир канча чараларды ичине камтыган сунуштар иштелип чыкканын айткан.
"Мен азыр эмне жасоо керектиги боюнча сунуштардын бардыгын чогултуп жатам. Бул демилге Путин мырзанын дүйнөлүк коомчулук тынчсызданып жаткан аракеттеринин алдын алуу жана аны токтотууга багытталган эң кеңири жана маңыздуу чаралардын топтому болот. Бирок ал азыр ойноп жатат", - деди Байден.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Байден менен Путин Ооганстандагы кырдаалды, Иран менен өзөктүк келишимди сактоо шарттары жана соңку АКШ-Орусия мамилесин сүйлөшкөнүн айтты.
Быйыл жайында Женевада болуп өткөн саммитте жетишилген шарттардын аткарылышы жана мындан карым-катнаш тууралуу сөз болгону белгиленди.
Москванын талабы
Кремл Украинанын айланасында чыңалган абал талкууланганын кыска гана сөз кылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин мындан мурда абалды жөнгө салуу шарты катары НАТОнун Чыгышка карай кеңейишин чектөө кепилдигин атаган.
"Биз НАТОнун Чыгышка карай жылып, андан ары кеңейишин жокко чыгарчу келишимдерди иштеп чыгууну талап кылабыз. Орусиянын аймагына жакын жерлерге бизге коркунуч туудурчу курал-жарак тутумун жайгаштырууга каршыбыз. Биз бул боюнча маңыздуу сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылабыз. Бизге укуктук-юридикалык кепилдиктер керек экенин белгилейм. Анткени, Батыштагы кесиптештерибиз мурда өзүнө алган тиешелүү оозеки милдеттенмелерин аткарган эмес", - деди Путин.
Сүйлөшүүгө түрткү болгон кырдаал, Кремлдин каалоосу
АКШ сүйлөшүүлөрдүн алдында Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучуна өзгөчө көңүл бурса, Кремл АКШ-Орусия мамилесин талкуулоого басым жасады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшембиде эртең менен "бул сүйлөшүүдөн эч бир чоң жылыш күтпөш керек. Бул өтө оор мезгилде жүргүзүлүп жаткан жумушчу сүйлөшүү" деп сыпаттады.
Москва бул сүйлөшүүлөр «өз ара урмат» менен өтүп, тараптар «бири-биринин кызыкчылыгын эске аларына үмүттөнөрүн айтты.
Украина менен чектеш тилкелерде жана аннексияланган Крымда орус аскерлеринин топтолгонун быйыл октябрь-ноябрь айларында Батыш медиасы чагылдыра баштаган. “Батыш-2021” машыгуусунан соң Орусиянын бир топ аскерлери туруктуу жайгашкан бөлүктөрүнө кайтпай, украин чек арасына жакын аймагындагы полигондордо калганы тууралуу сөз болду. Ошондой эле оор аскер техникасынын колоннасы Батышка карай жылып баратканы тартылган видеотасмалар пайда болду.
Расмий Киев башында муну курулай дүрбөлөң катары төгүндөп, бирок жакындан бери чек араларда орусиялык аскер күчү көбөйтүлүп, кол салуу коркунучу күчөгөнүн айта баштады.
Украина Орусия аймакка 90 миңдей аскерин жана оор аскер техникасын жайгаштырганын жарыялаган. Батыш медиасы чалгын булактарына таянып, абадан чабуул койчу десанттык бөлүктөрүн, чопкутталган транспортерлорду, анын ичинде Беларустан сокку уруу пландарын ичине камтыган Орусиянын болжолдуу басып алуу чийимин жарыялады.
"Орусияга коюлган негизги шарт"
Мындан улам НАТОдогу союздаштар Орусиянын соңку аракеттерине олуттуу тынчсыздануусун расмий түрдө айта башташты. Орусия жаңы жылда 175 миңдей аскердик күч менен Украинага каршы чоң чабуул коюшу мүмкүн экенин Батыш медиасы жашыруун чалгын документтерине таянып, маалымат таратты.
Жогорку даражалуу Ак үйдүн өкүлү Москва Украинага кол салса, АКШ менен Евробиримдик орусиялык ири банктарга жана Орусиянын түз инвестициялык фондуна (RDIF) каршы катаал санкцияларды киргизерин билдирди. Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү булагына таянып кабарлады. Ал санкциялар орус рублин долларга, еврого жана фунт стерлингге алмаштырууга чек кое турган чаралар болушу мүмкүн экени айтылды.
Башында эң радикалдуу вариант катары Оруссияны SWIFT каржылык төлөм системасынан ажыратуу сунушталган. Бирок бул чара «жөнөкөй жарандарга да зыян келтирет» деген негизде андан карманып туруу сунушталды. Буга чейин президент Жо Байдендин жакын чөйрөсү Орусияга каршы мүмкүн болгон бардык санкцияларды “таразалап” жатканын, ал чаралар Кремлдин Украинага кол салуу чечимин кабыл алуусуна тоскоол болору кабарланган.