Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 7-апрелде саат 15:30 чамасында Нарын–Орук-Там жолуна кар көчкү түшүп, азыр ал жерде тазалоо иштери жүрүүдө. Аталган мекеме жабыркагандар жок экенин кабарлады.
Жергиликтүү тургундар Орук-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышары кабарланды.
Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, кооптуу аймактарды суу капташы мүмкүн экенин эскертүүдө. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. (КЕ)
Шерине