Евробиримдик Орусияны Украинага каршы аскердик аракеттерден карманууга чакырды.
Брюсселде жолуккан Еврошаркеттин лидерлери Москванын Киевге кастыгы болуп көрбөгөндөй катаал санкцияларга алып келерин эскертти. Орусия "аскер күчтөрүн чек арага жакын топтоо - Украинага кол салууга даярдык" деген Батыштын кооптонуусун четке какты.
"Чек араларды бузбоо-тынчтыктын кепилдиги"
Брюсселде 16-декабрдагы Евробиримдиктин саммитинде орус-украин чек арасындагы чыңалуу, Беларус менен чек арадагы мигранттар кризиси, коронавирустун кесепеттери жана энергия баасынын өсүү себептери талкууланды.
Еврошаркеттин 27 мүчөсү Орусиянын агрессия коркунучун өз убагында баалап, "эң кооптуу сценарийдин" алдын алууга чара көрүүнү макулдашты.
Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц Европадагы чек аралардын кол тийбестиги жана бүтүндүгү тынчтыктын негизи экенин айтты.
"Украинадагы оор кырдаалды, чек арадагы аскерлердин кыймылы тууралуу маселени талкууладык. Андыктан чек аралардын кол тийбестиги Европадагы тынчтыктын эң маанилүү негиздеринин бири экенин бүгүн дагы бир жолу баса белгилейбиз. Биз бардыгыбыз биргелешип, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын кол тийбестиги үчүн колдон келген аракеттин бардыгын жасайбыз", - деди Шольц.
"Болуп көрбөгөндөй чаралар көрүлөт"
Евробиримдиктин лидерлери Орусиянын агрессивдүү жүрүм-турумун токтотуу үчүн аскердик жана экономикалык жактан ресурстар жетиштүү экенин, болгону аларды туура колдонуу зарылдыгын сүйлөштү.
Анда экономикалык санкциялар агрессиянын алдын алууда негизги чара катары каралды. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап, Чыгыш Украинада 13 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жаңжалда жикчилдерди колдогону үчүн ага каршы бир нече ирет санкция жарыялаган.
Бирок ал санкциялардын айрымдары жарым-жартылай ишке кирсе, көпчүлүгү кийинкиге калган.
Европа кеңешинин төрагасы Шарл Мишел бул жолу Орусия тараптан агрессия аракети токтобосо, анда иш жүзүндө болуп көрбөгөндөй катаал санкциялар даярдалганын билдирди.
"Биз кырдаалга жараша, керек болсо, кошумча катуу санкцияларды колдонууга да даярбыз. Позицияларыбызды бекемдедик. Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин толук колдойбуз. Муну ачык билдирип, дагы кайталадык. Биз пикирлеш, өнөктөш, союздаштар менен бирге алдыдагы иш-чараларды координациялап, мындан ары эмне кылуу керектигин чогуу чечебиз. Ошондуктан, кырдаал курчуп, агрессия болбойт деп үмүттөнөбүз. Норманд форматы бар. Минск келишиминин алкагында абал күчөп кетпеши үчүн үзгүлтүксүз байланыш каналдары керек", - деди Шарл Мишел.
"Ультиматум - кабыл алынгыс"
Киев менен Батыш Орусияны Украина менен чек арага он миңдеген аскерлерин жайгаштырганын айыптап, келерки жылдын башында анын басып алуу планы болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Москва биринчи болуп, чабуул баштоо планы жоктугун айтып, бирок Украинанын НАТОго мүчө болуу ниетине жана Түндүк Альянстын чыгышка карай кеңейишине каршы талаптарды койду. Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Москва талабын күч менен таңуулай албай турганын эскертти.
"Украинанын чыгыш чек арасын бойлой орусиялык аскерлердин топтолуп жатканы жалпыбызды тынчсыздандырды. Биз Орусияны абалды курчутпай, мындан аркы агрессивдүү аракеттерден алыс болууга чакырабыз. Украинаны аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин коргоодо бекем колдорубузду айтып, анын таламын толук жактарыбызга ишендирдик. Буга эч кандай күмөн болбошу керек. Евробиримдик мындан ары Украинага каршы ар кандай агрессияга чечкиндүү түрдө жооп берет",- деди Урсула фон дер Ляйен.
Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу Евробиримдиктин лидерлери менен алардын чыгыш европалык коңшуларынын, анын ичинде украин президенти Владимир Зеленский 15-декабрда катышкан саммиттин да негизги темасы болгон.
Брюсселдеги Чыгыш өнөктөштүк жыйынында француз президенти Эммануэл Макрон менен немис канцлери Олаф Шольцко жолуккан украин лидери Владимир Зеленский Киев Москва менен каалаган форматта сүйлөшүүгө даяр экенин айтып, бирок Батышты Москвага санкциялар аркылуу кысым көрсөтүүнү улантууга үндөгөн.
Франция менен Германия Орусияны жана Украинаны бир үстөлгө отурууга чакырган Норманд сүйлөшүүлөрүн кайрадан жандантууну сунуштады.
Евробиримдиктин чыгыш чек арасында миграциялык кризиске байланыштуу Беларус менен чыңалууну жөнгө салуу маселесин режимдин лидери Александр Лукашенкого каршы санкциялардын бешинчи пакети киргизилгенден кийин кароо жагы макулдашылды. Ал эми энергия булактарынын, айрыкча жаратылыш газынын наркынын кескин өсүшү да кеңири талкууланды.