Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

Трамп АКШ Иран менен "түз сүйлөшүү" жүргүзөрүн билдирди


Дональд Трамп жана Биньямин Нетаньяху.
Дональд Трамп жана Биньямин Нетаньяху.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Ак үйдө кабыл алды. Бул алардын Трамп президенттик кызматка киришкен үч айга жакын убакыттын ичинде Ак үйдөгү үчүнчү жолугушуусу.

Израилдин премьери АКШ президенти кызматка киришкенден кийин Ак үйдүн Сүйрү залында кабыл алган биринчи адам болду.

Нетаньяху менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп эки лидер Иран жана эл аралык соода темаларын козгоп, "эң сонун талкуу" жүргүзгөнүн айтты.

Трамп АКШ Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча “түз сүйлөшүүлөрдү” жүргүзө турганын билдирди. Сүйлөшүүлөр ишемби күнү башталып, жогорку деңгээлде өткөрүлөрү айтылды.

Трамптын айтымында, Иран өзөктүк куралды пайдаланбашы керек. АКШ президенти белгилегендей, ал аскерий тирешүүгө караганда Иран менен “келишим” түзүүнү артык көрөт. Буга чейин Иран бийлиги АКШ менен түз сүйлөшүүгө барбай турганын, бирок ортомчулар аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Трамп өзү айткан сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын айткан жок.

Трамп ошондой эле Газа тилкесиндеги согуш жакын арада бүтөрүнө ишенимин билдирди. Нетаньяху АКШнын президенти менен Газадагы кырдаалды жана ХАМАС тобу (АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган) менен элдешүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын ырастады. Жолугушууда Сириядагы кырдаал дагы талкууланды.

Кошмо Штаттардын соода өнөктөштөрүнө тариф киргизүү чечимине убактылуу мораторий жарыялоо маселеси Ак үйдө каралып жатабы деген суроого Трамп "Жок" деп жооп берди. Ошол эле учурда ал АКШ башка өлкөлөр, анын ичинде Кытай менен тарифтер боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

АКШ президенти Украинадагы согушка да токтолуп, америкалык өкүлдөр Москва менен да, Киев менен да сүйлөшүү жүргүзүп, акырындап жаңжалды токтотуу “максатына жакындап” жатканын айтты. Ошол эле учурда Трамп Украинада болуп жаткан окуяларга нааразы экенин белгиледи. Анын айтымында, Орусия "Украинаны жиниккендей бомбалап жатат". Ал конкреттүү мисалдарды келтирген жок.

Өткөн аптада Орусия жасаган чабуулдан Кривой Рог шаарында набыт болгондордун саны 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин бийлиги бул Днепропетров облусунда быйылкы жылдагы эң оор, адамдар эң көп каза тапкан сокку болгонун билдирген. Украин президенти Владимир Зеленский соңку бир нече күндөгү Орусиянын чабуулу Москванын согушту токтотууга ниети жоктугунун далили экенин айтты. Франциянын президенти Макрон Москвага кысым көрсөтүүгө чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG